ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№496 4-май-10-май, 2012-ж.

Казакстан

«КАРА ДАЛЫ КЫЗДАРГА ҮЙ БЕРИЛСИН!»

Казакстандын депутаты Нуртай Сабильянов кара далы кыздарга үй бөлүп берүүнү сунуштады. Мажилистин өкүлү мындай сөзүн «Оңой турак жай-2020» программасынын долбоорун талкуулоодо билдирди. Анын айтымында, сунуш шайлоочулар тарабынан келип түшкөн. «Бутума туруп алайын» деп көп кыздар убагында турмушка чыкпай калышкан. Жылдар билинбей өтүп, кээ бири 40 жаштан оосо да, же үйү жок, же баласы жок. Үйү жоктугунан да, алар балалуу боло албай калышкан. Кара далы кыздар – социалдык жактан коргоого алынбаган жарандардын катмары. Буга байланыштуу аларга үй бөлүп берүүнү карап чыгышыбыз керек»,- деди Нуртай мырза.

Азербайжан

ОРУСИЯНЫН УНААЛАРЫ ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫЙ АЛЫШПАЙТ

1-майдан тарта Баку шаарында орусиялык өндүрүштөн чыккан автоунаалардын такси катарында колдонулушуна тыюу салынды. Транспорт министрлиги кабарлагандай, мыйзамды бузуучуларга 100 манаттан (1 манат 63 сомдун тегерегинде) турган айып пулга жыгылат.
Бакудагы таксомотордук паркты жаңылоонун алкагында «лондондук таксилерди» (Кытайда чыгарылган ТХ4 унаалары) сатып ала башташты. Азербайжандын бийлиги 1000 «лондондук такси» алуу үчүн
26 миллион доллар коротууга даяр. Жылдын аягына чейин 3000дей «лондондук такси» Баку шаарын кыдырып калат.

Түркия

АРМИЯ «ӨЗГӨЧӨ РОЛУНАН» АЖЫРОО АЛДЫНДА

Түркиянын парламенти атайын көп партиялуу комитет түздү. Ал өлкөнүн жаңы Конституциясын иштеп чыгуу менен алектенет. Бул идеянын авторлорунун пикири боюнча, жаңы Баш мыйзам толугу менен демократиялык принциптерге баш иймекчи. Анда армияга «өзгөчө роль» берилбейт, азчылыктын, айрыкча күрддөрдүн жарандык эркиндигине коюлган чектөөлөр алынып салынат. Ошондой эле учурда Түркия парламенттик өлкө болгонуна карабастан, жаңы Конституцияда президенттик форма алдыга озуп чыгышы ыктымал дешүүдө.
Бүгүн Түркия 1982-жылы аскердик күчтөрдүн басым көрсөтүүсү менен кабыл алынган Баш мыйзам менен жашайт. Анда куралдуу күчтөргө «өзгөчө роль» берилип, кезинде керек болсо бир канча ирет өкмөттү бийликтен четтетип турган.

АКШ

АСМАН ТИРЕГЕН ИМАРАТ БИЙИКТИ БАГЫНТУУДА  2001-жылы террорчулардын колунан кулаган Бүткүл дүйнөлүк соода борборуна таандык эгиз мунаралардын ордуна "Эркиндик" мунарасы тургузулуп жатканы белгилүү. Анын бийиктиги бул аптада 387 метрге жетип, Нью-Йорктун эң бийик имараты аталды. Ошентип, жаңы асман тиреген курулуш Эмпайр-стейт-билдинг имаратынан озуп өттү. "Эркиндик" мунарасынын курулушу 2006-жылы башталып, 2013-жылдын аягында аяктайт. Долбоорго ылайык, анын бийиктиги антеннасын кошкондо 541 метрди түзөт.

Кытай

ПОЛИЦИЯ ШЕФИ “МЫКААЧЫ ХИРУРГБУ”?

Чунцин шаарынын полициясынын мурунку шефи Ван Лицзюнь адамдын органдарын мыйзамсыз, өтө мыкаачылык жолдор менен алгандыгы айтылууда. Лицзюнь 2003-2008-жылдар аралыгында партиялык катчы жана Цзинчжоу шаарынын коомдук коопсуздук бюросунун башчысы болуп турганда ал жерде психологиялык изилдөөлөр борборун түзгөн. Анда ички органдарды трансплантациялоо процессин жакшыртуу үчүн медициналык аппараттарды түрмөдө жаткандардын организми аркылуу сынап турушкан. Бирок Кытайда өлүм жазасына буюрулгандардын органдарын хирургиялык жол менен алуу кадыресе көрүнүш. Укук коргоочулар: “Экспериментти өлүмгө буюрулган эмес, диний ишениминен улам куугунтукталып, кийин абакка отургузулгандарга карата жасашкан”,- дешүүдө.
Маалымат үчүн: 1999-жылдан бери Кытай бийлиги тарабынан фалуньгун динине ишенгендер репрессияга кабылып келет. Укук коргоочулардын айтымында, алардын ичинен 3500гө чукулу кармалып, кийин түрдүү зомбулуктан улам көз жумган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
07.05.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да казакстанга барып уй алсамбы яяя, балким издин чондорда карап корот бул маселени кара далы кыздар Кыргызстанда коп сандап кундон кунго осуудо
07.05.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84
0
мен да казакстанга барып уй алсамбы яяя, балким издин чондорда карап корот бул маселени кара далы кыздар Кыргызстанда коп сандап кундон кунго осуудо.Asus84-men saga aitaarym,akchaga bailykka kyzykpai baktyluu bolushtu oilosonor,kara dalylardyn sany kyskarmak.
07.05.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Churkap ketip kalgyla!!!
08.05.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан не
08.05.2012. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй берет экен казахстан ал жакка жарымынар кеткиле жумуш берет экен оруссия ал жакка кеткиле жарымынар кыргызстанды басып кетсин озбектер
09.05.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынбы э бизгде да ошондой болсо соонун болмокко
10.05.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак кыздар жыргаптырго , анда кридитти ким алат эми бекер уй берилсе
10.05.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа казахстанда эркек дифицит окшойт да
11.05.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chin ele kuioosu jok kizdarga kiyin ele.Bizde emne uchun kirgizdarda kichu erkek balasi alish kerek ata enesinin uiun, kizina da bolup berish kerek da, orustar tura kilat but balasina bolot bailigin, a bizde kizdardi sanabit" kuioogo tiet dep "a tiybei kalsachi.
11.05.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш кыздар ды жигиттер карабай калат анда
12.05.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азерлер каттуу кетиптир,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо