№496 4-май-10-май, 2012-ж.
Жалал-Абад
7-каналдын диктору Жороканова Айнуска апрель айында Жалал-Абад шаарында өткөн сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аталды. Сынакта 16-24 жаштагы 13 кымча бел кыздар саламдашуу, ырдоо, бийлөө жана дефилеге чыгуу сынактарында таймашышкан. Башкы байгени алган Айнускага өзүн дайыма тунук экрандан көрүп турсун дешкенби, айтор, түстүү телевизор белек кылышыптыр. Жеңүүчү тууралуу кыскача айтсак, ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана дүйнө тилдери факультетинин студенти жана 7-каналдын көрүнүктүү дикторлорунун бири.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
;)