СЕЛ КАПТООЛОР ДАГЫ УЛАНЫШЫ МҮМКҮН

№496 4-май-10-май, 2012-ж.

Жаздын алгачкы айы жаан, суу ташкыны, сел каптоолор менен коштолуп, айыл-кыштактын шаштысын катуу кетирди.
Өткөн айдын соңку күндөрүндө Куршабдын Мырза-Куршаб жана Кочкор-Ата каналынан ашкан суу 170 үйдүн короо-жайын каптап, 2 үйдү керектен чыгарса, 24 үй учурда көзөмөлдө турат. Кара-Суу районунун Савай айылында 25 үйдү сел каптап, бир үй жараксыз абалга келген. Мындан сырткары 90 гектарга жакын айдоо жерди суу каптаган.
29-апрелде Аксы районундагы Кара-Дөбө айылындагы катуу сел 103 үйдүн кошумча курулуштарын, айдоо жерлерин каптаган жана райондун борбору менен байланыштырган жалгыз көпүрөсүн жууп кеткен. Аталган райондун Кара-Суу айылында дагы ондогон үйлөрдү сел каптап, мал сарай, айдоо аңыздары ылайдын астында калган. Селдин кесепетин эң көп тарткан аймак – Баткен аймагы. Лейлек районунда эле 400дөн ашык үйдү суу каптап, 50гө жакыны жашоого жараксыз болду.
Бул айрымдары гана. Жолдору бузулуп, мончолорунан бери суу каптаган айылдар жүздөп саналат. Өкмөт, тагыраагы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колунан келишинче жапа чеккен айылдарда тазалоо, калыбына келтирүү иштерин улантып жатканын айтат. Ошондой эле 6-майга чейин өлкө аймагында жаан-чачын күтүлүп, сел каптоо коркунучу бар экенин адистер эскертишет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
08.05.2012. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии Кудай сактаса экен Кочкор Ата тынч бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо