№496 4-май-10-май, 2012-ж.
Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлар жылына 20-25 миң жумушсуз жарандарды даярдап жаткандыгы Эсептөө палатасынын жүргүзгөн талдоосунан кийин белгилүү болду. Ошондой эле аталган палатанын аудитору Өктөмхан Абдуллаева: “Өнүккөн өлкөлөрдү ала турган болсок, Улуу Британияда 1 миллион адамга 2 эле жогорку окуу жайы туура келет. Кыргызстанда 1 жылда 47 миң адам дипломго ээ болуп чыгат. Акыркы жылдары студенттердин 39 пайызы сырттан билим алышууда. Аларды окуткан окутуучулардын квалификациясы да талапка жооп бербейт, ушундан улам билим берүүнүн сапаты төмөндөөдө”,- дейт.
Ал эми Билим берүү жана илим министри Канат Садыков айрым адистиктерди кыскартуу керектигин айтты. “Азыр мал дарыгерлери 5 жыл билим алышат. Ал эми учурдагы муктаждык 3 жылда ветеринар адистерди даярдап чыгарууну талап кылууда”,- деди министр.
Маалымат үчүн: Учурда Кыргызстанда 52 ЖОЖ, 107 филиал бар. Алардын ичинен 20 окуу жай жеке менчик болуп эсептелет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |