ЖАЛАЛ-АБАДДА 377 МУГАЛИМ ЖЕТИШПЕЙТ...
- ТУРСУНБЕК АКУН депутат Анвар Артыков аны шизофреник деп атаганын билдирди. «Акыйкатчыны кемсинтүүгө эч кимдин укугу жок. Мен Артыковду мандатынан ажыратуу талабы менен кайрылам»,- деди Турсунбек мырза.
- Талас районундагы аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө 100 КИЛОГРАММДАН бекер үрөндүк төө буурчак берилди.
- Өкмөт башчы ӨМҮРБЕК БАБАНОВ 2012-жылдын 2-майынан 8-майына чейин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
- Бишкекте 2-майда саат 03:55те КРнын мамлекеттик резиденциясынын дубалын МЕРСЕДЕС-БЕНЦ C-500 үлгүсүндөгү унаа сүзүп, анын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү каза болушту.
- БШК мөөнөтү аяктаган 5 айыл өкмөттүн башчыларын шайлоону 24-майга белгиледи. Алар: Аксы районундагы Үч-Коргон, Ак-Суу районундагы Октябрь, Түп районундагы Ысык-Көл, Кара-Буура районунун Маймак жана Манас районунун Покровка айылдары. “Жалал-Абад облусу боюнча мектептерде 377 МУГАЛИМ жетишпейт”,- дейт губернатордун орун басары Жумагүл Эгембердиева.

- 1-майда Нарындын Ат-Башы районунда белгилүү коомдук ишмер МУХТАРБЕК ӨМҮРАКУНОВДУН каза болгондугунун бир жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү.
- Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 14-майдан 14-июнга чейин Бишкек шаарында ЫСЫК СУУ БЕРҮҮ ТОКТОТУЛАТ.
- Кыргызстанда кечинде жана түндө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө мектеп окуучуларына тыюу салынды. Билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВ эгерде мектеп окуучулары мындай иш-чараларды өткөрсө, мектеп директорлору иштен алына турганын айтты.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg