№496 4-май-10-май, 2012-ж.
Чүй
Ушул жылдын 28-апрелинде Токмок шаарынын мэрин шайлоо болуп, бирок шаардык Кеңештин 31 депутатынын 17си гана келгендиктен, кворум жок болуп, мэр шайланбай калган. БШКнын чечими менен мэрди кайрадан шайлоо 2-майга белгиленген болчу. Айтылгандай эле 2-майда шайлоо өтүп, жаңы мэр болуп Анвар Оморканов шайланды. "Шайлоо ачык, таза өттү. Эч кандай арыздануулар каттала элек",- деп билдирди Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Каниметов. Оморкановго шайлоого катышкан 31 депутаттын 17си добуш берген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |