ЖАҢЫ ЗАМАНДЫН УУРУЛАРЫ

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

Мамлекеттик же жеке ишканалардын жашыруун маалыматтарына ээ болуу үчүн хакердик чабуулдар болорун угуп калсаңыз керек. Хакерлер деген кимдер? Кандай иш-аракеттерди жасашат? Кыргызстанда хакерлер барбы? Анда бул суроолорго чогуу жооп издейли.

БАЛТАЛОО
Хакер (англис тилинен “hacker” – “кесүүчү”, “бузуп салуучу” деп которулат) – компьютердик системдер менен программаларды ийне-жибине чейин кылдат билген адам. Башында хакерлер деп программалык камсыздоодогу каталарды бат оңдогон кишилерди аташчу. Мындай оңдоолордун оройлугуна байланыштуу ал жумуштар балталап салуу катары мүнөздөлчү. Ошол себептен “хакер” аталышы пайда болгон. Азыркы убакта көп учурларда хакерлерди компьютердик чабуулчу-крэкэрлер катары эсептешет (англисче “cracker” – “сындыргыч”, “талкалагыч”). Бирок “хакер” сөзүн мындай пайдалануу туура эмес. Анын компьютердик термин катары пайда болгон кезден бери (өткөн кылымдын 60-жылдары) жаңы маанилери пайда болду.

БУЗУП УУРДООЧУ ЭМЕС
Мисалы, хакер тармактык бузуп уурдоочу ууру (взломщик) деген маанини берет. Мындан тышкары компьютердик вирустарды түзүүчүлөргө жана кардерлер, крэкэрлер, скрипт-киддилер сыяктуу бардык компьютердик кылмышкерлерге карата колдонулат. Көптөгөн компьютердик бузукулар хакерлер деп аталууга укуктуу, анткени жогоруда саналган “хакер” сөзүнүн бардык аныктамаларына дал келет. Эгерде мурун хакерлердин көпчүлүгүн өспүрүмдөр түзөт деп айтсак, ошол 60-жылдары хакердик менен алектенгендер бүгүн ардактуу эс алууда.

СОТТУН АКЧАЛАРЫ ЖОГОЛУП...
Дүйнөгө белгилүү хакердик чабуулдардан мисал келтирели. Эгерде дүйнөдө хакердик сынактар өткөрүлсө, анда Кевин Митник (АКШ) калыстар тобунун төрагасы болмок. Ал 1983-жылы Пентагондун жашыруун маалымат сактаган компьютерине жашыруун кирүүгө мүмкүнчүлүк тапкан. Ошол үчүн 1988-жылы камакка алынып, досунун саткынчылыгынын айынан 1 жылга эркинен ажыратылган.
“Концерт” ал абактан чыккандан кийин башталган. Митникти эркинен ажыраткан соттун банктык эсебинен акчалары уурдалып, үй телефону өчүрүлгөн. Ушул сыяктуу мыйзам бузуулары үчүн 4 жыл түрмөдө отуруп чыккан хакер – азыркы күндө “Mitnick Security Consulting” ишканасынын кожоюну. Мындан тышкары Кевин Поулсен (1994-жылы АКШдагы Федералдык Тергөө Бюросунун телефондук сүйлөшүүлөр сакталган жашыруун маалымат базасын бузуп уурдагандыгы үчүн 5 жылга камалган), Адриан Ламо (“Bank of America”, “Microsoft”, “New York Times”, “AOL”, “Sun Microsystems”, “Yahoo!”, “MacDonald's” ишканаларына чабуул жасаганынан көп жылдар бою АКШнын тартип сакчыларынын көзөмөлүндө болгон), Жон Дрейпер (АКШда телефон аркылуу бекер чалууларды аткаргандыгы үчүн 1976-жылы 2 айга эркинен ажыраган), Владимир Левиндин (каржылык “Citibank” ишканасынын тармагын бузуп, башка банктардагы эсептерине 10 миллион доллар которгон. Америкалык тыңчылар тарабынан колго түшүрүлгөн) укмуштуу окуялары белгилүү.

БИЗ ДА КУРУ ЭМЕСПИЗ
Кыргызстанда бир нече жыл мурун өздөрүн “Кислотный дождь” аташкан хакерлердин тобу өлкөбүздүн көптөгөн компьютерлерине вирустук чабуулду жаадырып элге таанылышкан. Алардын шакирттери учурда да бар экендиги тууралуу кептер айтылып келет.
2005-жылы украиналык хакерге өзүбүздүн эле белгисиз мекендешибиз тарабынан Кыргызстанга хакердик чабуул жасоо буйрутмасы берилген. Кээ бир чет элдик маалымат булактарынын жазууларында «интернетти саясий курал катары колдонгон Кыргызстандын оппозициясына даректелген» деп жазылган.
2009-жылдын январь айында Кыргызстандын провайдерлеринин серверлерине чет жактан чабуул жасалган. Ошол маалда биздин сайттарга чет мамлекеттерден кирүү мүмкүн эмес болуп же жүктөлүшү жай болуп калган. Тилекке каршы, чабуул кайсы өлкөдөн болгону аныкталган эмес.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
2001-жылы 23-ноябрда Будапешт шаарында компьютердик маалымат жаатындагы кылмыштуулук тууралуу Европа кеңешинин Конвенциясы кабыл алынган. Ага Орусия, АКШ жана Япония кол койгон. Ал эми бизде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси боюнча коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу, 290-беренеси боюнча электрондук эсептөөчү машиналар үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таратууга тыюу салынган. Ошондой эле КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 409-беренесинин 2-бөлүмүндө компьютердик маалыматка уруксатсыз кирүү жана 409-берененин 3-бөлүмүндө ЭЭМди колдонуу тартиптери, анын системин жана алардын тармагын бузууга каршы мыйзамдар каралган.
Хакерлердин бузуп-уурдоодон сырткары коомго пайдалуу салымдары бар. Мисалы, Крис Касперски – компьютердик тематикага байланыштуу 16 популярдуу китептин жана материалдардын автору. Линус Торвальдс Linux ачык ядросун түзгөн.

«ХАКЕРдин ТӨШӨГҮ ЖЫЙЫЛБАЙТ”

Кызыктырган суроолорубузга кезинде хакерлик менен ээн баштык кылып жүргөн, белгилүү бир банкта маалымат системинин мурунку коопсуздук администратору Алмаз мырза жооп берди.

– Хакерлер эмнеден ырахат алышат?
– Хакерлер өздөрүнүн жасаган иштеринен, алдына койгон максаттарын аткарууда кездешкен көйгөйлөрдү чечүү менен ырахаттанышат.

– Кайдан билим алышат?
– Көп учурларда шыктуу хакерлер жогорку окуу жайларын бүтүшпөйт, кээ бири мектепти бүткөндүгүн тастыктаган аттестаты менен дагы мактана алышпайт. Хакерлерди даярдоочу атайын окуу курстары жок. Алардын көбүнчөсү «самоучкалар» болушат.

– Алардын кызыкчылыктары эмнеде?
– Албетте, компьютерден сырткарысын айталы. Илимий фантастика, логикалык оюндар, шахмат, музыка. Кээ бир улуу муундагы хакерлер активдүү радиоугармандар эле. Азыр бош убакытта персоналдык компьютерлерди жана жаңы уюлдук телефондорду эрмектешет.

– Сергек жашоого болгон көз карашы кандай?
– Хакерлер болгон күчү менен командалык спорт оюндарынан качышат, аларды футбол же баскетбол ойноого кандай гана аракет кылбагын, өлүмгө тете кыйноо катары көрүшөт. Андан сырткары сыналгы көрүүгө көндүрүш абдан эле оор. Керек болсо футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин финалы же Олимпиада болуп жатса да. Хакерлер көргөндү эмес, аракет жасаганды каалашат. Көп учурларда медитация жана чыгыштын спорт маданиятына кызыгышат.

– Хакерлер башкалардан кандайдыр бир оң жана терс сапаттары менен айырмаланышабы?
– Башкалардан жогорку деңгээлдеги интеллекти, бардык жаңы нерселерге эмоцияга берилбей, абстракттуу ой жүгүрткөнү менен айырмаланышат. Өспүрүм хакерлер чанда эле дос күтүп, көп учурларда жалгыз жүрүп жана өзүнө окшогондор менен баарлашууну каалашат. Хакерлер бир гана компьютерлер жөнүндө сөз кыла беришпейт, алардын көбү башка темада деле аңгеме кура алышат, бирок хакерден өлкөдөгү саясий абал жана дүйнөлүк мода тууралуу маалымат күтпөңүз. Ал эми терс жактарынан кеп салсак, көпчүлүк учурда интеллектуалдык деңгээли төмөн аңгемелешине орой жана чыдамсыз болушат. Виртуалдык дүйнөдө уюшкандыктын жана тууралыктын мисалы болгондор жашоодогу көнүмүш кырдаалдарга көнө алышпайт. Алардын төшөгү жыйылбайт, коммуналдык эсептери төлөнбөйт, керек болсо идиш-аяктары жуулбайт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(49)
16.05.2012. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да бир таанышым бар. Ал да идиштерди жууганды жаман корот. Ошого бир жолу колдонуучу идишерге тамактанат. Анан ал болмосун тазалап турат ))
16.05.2012. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо хакерлерди кимге гана тенебептир биздин достор пикир калтырып атып. Чынына келгенде хакерлер билим денгээли жогору жана аябай чыдамкай адамдар келишет. Себеби алардын иштери татаал коддор менен иштоо, жана узак моонотто эркан алдында отуруу. Бул жерде устуртон маалымат берилиптир. Кыргызстанда да таланттуу хакерлер жок эмес. Ошондой эле мейли интернетте бираз "шоктонуу" болсун, бирок ишенип койгула, кылган ишиндин ырахаты аябай зор болот. :)
16.05.2012. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хакер десе эле мойнуна асып жазып албайт да, kg де деле коптур биз аларды билбейбиз.Мобул хакер экенден да алыспыз, анын да озунун даражасы бардыр
16.05.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хакер болуш аста аста, комментарий жазыш бир паста. Болбогон создорду жазыштын кереги жок бул жерге туугандар. Хакерлер Кыргызстанда да бар.
16.05.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда болсо сен уктунбу бироо жарымды атыга хакерлер бар мисалы мен бир жолуда укпадым duos атакаларды
17.05.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krutoynol, хакерлер бар кыргызстанда, бирок ото аз, снбда учетке илингендердин эки адамды билем)
01.08.2012. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krutoynol, saga aitaby emi men haker dep bolso bolgondurda!
16.05.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Haker bolgum kelet dostor
17.05.2012. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менин братаным программа тузот кечке комто отурат кее бир нерселерди взламовать этет, бирок азырынча уйротпойм дейт ко
18.05.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dostor bul jerde hacker menen crackerdin ayirmasin bilip alip anan jaziwsa jakwi bolmok. jogoryda hackerler jogorku oku jaydi buturuwkon emes dep jatat. bul tuura emes. samau4kalar alar crackerler boluwat(vzlomwik). men misali hackerler jonundo kitep okugam alar e4 kanday birogo ziyan kiliwbayt. vzlom kilip test kiliwat birok kara oz kalibina keltirip koyuwat kayra. hacker degen menin okup bilgenime tayanip aytsam oz iwinin masteri, mikti adisti hacker dewet eken komputer 4oyrosundo iwtegenderdi
18.05.2012. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
misali men ozum programistmin. baari ele jakwi Kudayga wugur. birok hackerdin dengeline jete elekmin. ayta ket4u nerse hacker menen crackerlerdi almawtirbagila. uwu makala jazardin aldinda bir az terenireek izildep korsonor. men kop hacker(programisterdin forumda jazgandarin okugam) baari aytiwat biz vzlomwik(cracker )emesbiz dewet.
19.05.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orka эч кайсы хакер жогорку окуу жайды аяк таган эмес мен озумдун билишим боюнча айтсам Россиянын Новосибирск шаарында болгон бир 7-класстагы бала бир банкты бузуп акчасын бир банкоматка откозуп койгон эми ошол 7- класстагы бала кайсы окуу жайды буткон деп ойлойсун
20.05.2012. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krutoynol, негизи Россиялык хакерлер эн кучтуу деп айтышат. АКШдан орус хакерлерин кармап жатышатго
19.05.2012. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен озум деле програмистмин азыркы кундо жакшы взлом компютерге карайт эн жакшы компютер бул хакерлердин компютери алар оздору тузушот программаларын эн арзан компютери 200000$
20.05.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хакер ачыка чыкпайт,анан КР жок дейсинерби ,бизде да коп взлом кылып тоноп жургондор андай хакерлерге айына акча толоп беришет наоборот экинчи взлом кылбасын деп ,аларды секретный жумуштарга алаышат ,анан силер билбей эле жок депсинер да кулкуну келтирип :))
20.05.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хакерлер компьютердин жанынан чыкпай эле куну туну отура эле берсе,очкастый,кынжыйган ийне жуткан иттей арык, же бышпаган камырдай былтыйган болуш керек. Комптон колу бошобой кыз менен деле суйлошпой,кобунчосу девственник бойдон журо берет болуш керек же кумарын колго бутуруп,хакерлер менен саламдашпаш керек, колун жуубаса керек)))ха-ха-ха
05.06.2012. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
какре
12.06.2012. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не говорите так друзья, бизде да хакерлер бар, бирок алыс эмес...
09.07.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
хакер болуш аябай кыйын булдагы озунчо талант жамандап болбойт
18.07.2012. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хакерлерди аябай жамандап айткансынар го? Суперге киришип сапырып кетишсин,андай эмес мындай деп анан отуралы
02.10.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хакерлер бомждай эмес.Менин квартирамда бир бала жашаган ак койнок кастюм кийген ал комптун мээсин чукуп алат эле озунчо тамгалардан баш катырма тузуп интернетке айдайт болчу
23.11.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам!ээх,техника,техника!
Техникага от
о,ото кызыкчу балдар мага,кат жазып жибергилечи!
23.12.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хакерлерге жаман соз айтпагыла!
28.02.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окурмандар хакерлерди кимдерге кана тенебединер.хакерлердин жумушу отто оор жана татаал комптун алдында 7-8 саат отурсанар тушуносунор
19.06.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кыз менин майлдеримди бут антарып чыккан. Жигитин кызганып. Хакерби же атайын ошондой программа куруп алган деп ойлоп калдым. Ошондон бери интернетке айтылбачу сырларды жаза бербоону сунуштайм.
21.07.2013. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Подозреваемый деген сериалды корсонор хакер жонундо кичине маалымат ала аласынар
28.08.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи бул жакшы кесип
30.12.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ei kelesoolor antivirus koigondun baary ele xaker bolo berebi.kyrgyzdar komptu toluk bilbeit xaker boluw tuwuno da kirbese kerek.
16.01.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
антивирус коюуу бул эн эле жонокой.... ал эми компьютердин же папкалардын, програмалардын паролун бузуу бир аз кыйынчылык туудурат
03.08.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде бироо бар
13.01.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хакерлер барбы аранарда кабарлашсак болобу
09.03.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gentleman-e хакерлерди не кылас
Ernis.Kadyraliev түзөттү 2016-03-09 16:28:46
16.06.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы бир сайтка чабул жасагам 9 сатта озуно аран келтиришти
04.07.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор мен дос кутом компту жакшы билген жана Хакерлерди Мен озумда Хакер праграммалардын баарын билем. атакада кылгам
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо