ОКУРМАНГА ЖООП

№497 11-май-17-май, 2012-ж.

– Бишкектин ичинде жол кире кымбаттагандан кийин Бишкек-Сокулук жол акысын айдоочулар 20дан 25 сомго чейин көтөрүп алышты. Кымбаттатууга уруксат берген токтомдун көчүрмөсүн сурасак, бири да көрсөтүшкөн жок. Тиешелүү мекемелерден жооп алып бересиздерби?
Жылдыз

Чүй облустук монополияга каршы бөлүмүнүн башчысы Бообек Оморов:
– Бизге бул суроо боюнча көптөгөн тургундар кайрылышууда. Жүргүнчүлөрдөн келген арыздарды жана тиешелүү кагаздарды чогултуп, маселени карап жатабыз. Эми биздин кызматкерлер мыйзамсыз түрдө жол кирени кымбаттаткандарга айып сала башташат. Анткени азырынча Бишкек-Сокулук жол киреси боюнча кымбаттайт деген чечим чыккан эмес.

– Сан-ариптик телеберүүгө өткөн Лейлек жана Катыраң айылдарында бир жумадан бери сыналгы көрө албай, ааламдан кабарсыз калдык. Качан оңдолорун да билбей отурабыз. Кабарын билип бересиздерби?
Тыныбек

Лейлек району боюнча “Турум Бир” ишканасынын бөлүм башчысы К.Бабраимов:
– Лейлек жана Катыраң айылдары боюнча бир гана антенна турат. Биздин бригада эмне себептен телеканалдар көрсөтпөй жатканын билүү үчүн 10-май күнү жөнөп кетти. Антенна жаан-чачындардын кесепетинен бузулушу мүмкүн. Эгер биздин колдон келсе, дароо оңдоо иштерин жүргүзөбүз. Ал эми керектүү тетиктер бизде жок болсо, Бишкектен тетиктерди күтүүгө туура келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо