АШЫКТЫК АСМАНЫНДА

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

“Өткөнүңдү эч качан артка кайрый албайсың, тилекке каршы айрым көз ирмемдер жашооңдо бир эле жолу келет экен. Канчалык аракет кылба, ал сезимдердин даамын кайра татууга мүмкүнчүлүк жок, сен эч качан асмандан 3 метр өйдө бакытка балкый албайсың”. Бул сөздөр сүйүүнүн кайырчысына айланган “Ашыктык асманында” (“Три метра над уровнем неба”) тасмасынын баш каарманы Ачиге таандык. Бул каарманга кызыгууңуз артып “кандай каарман болду экен?” деген суроо бүйүрүңүздү кызытып жатса, макала сиз үчүн.

Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Фернандо Гонcалеc Молина
Продюсерлери – Даниэл Эсиха, Мерседес Гамеро, Алекс Пина
Сценарийдин авторлору – Рамон Салазар, Федерико Моччиа
Башкы ролдордо – Мария Вальверде, Марио Касас
Тасманын узактыгы – 2 саат
Бюджети – 8,5 миллион евро
Тарткан өлкө – Испания
Чыккан жылы – 2010
Ачи: – Мен абдан бактылуумун...
Баби: – Канчалык? Ушул жерден Барселонага чейинби?
Ачи: – Ушул жерден асманга чейин, андан 3 метрге бийик бактылуумун...

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Тасманын уландысы 2012-жылы июнь айында сатыкка чыгат.
  • 2011- жылы Испаниянын улуттук “Гойя” сыйлыгынын “Мыкты адаптацияланган сценарий” наамына көрсөтүлгөн.
  • Фильм Испанияда биринчи жумадагы эле сатыктан 2,5 миллион евро таап, "2010-жылдын Испаниядагы эң кирешелүү тасмасы" аталган.

КЫЗДАРГА ШОК ЖИГИТТЕР ЖАГАБЫ?
"Кыздар кулагы, мырзалар көзү менен сүйөт” деген сөз бар. Бирок бул кеп азыр актуалдуулугун жоготуп бараткандай. Дегенибиз, учурда кыздар кулагы менен катар эле мырзаларды кылык-жоругу, кылган ишине карап да сүйүп калгандай...
Биз сөз кылчу тасманын баш каарманы Баби да ашыгын анын алаңгазар турмушуна карабай сүйүп калган кыздардан. Эгер акылга таянып ой жүгүртсөк, мотоцикл менен көчө жарыштарына түшүп, башы уруштан чыкпаган кызуу кандуу көчө баласы Ачи менен тартиптүү, Барселонанын престиждүү мектептеринин биринде окуган Бабинин ортосундагы сүйүү мамилеси мүмкүн эмес эле. Бирок аталган фильм коомдо калыптанган стереотиптердин баарын жокко чыгарып, сүйүү адамдардын коомдогу статусуна, катмарына моюн сунбасын далилдейт.
Негизи, испандар өтө кумардуу калк. Аталган тасманы көрсөңүз, бул нерсеге дагы бир жолу ынанасыз деп турам. Фильмдин режиссёру Фернандо Гонсалес тасмасында өз өлкөсүнүн көйгөйлөрүн көрсөтүү менен катар жакшы жагын чагылдырууну унутпаптыр. Ушул өңдүү режиссёрлордон бизди тескери жагынан "мактаган" өзүбүздүн кино жаратуучулар үлгү алышса жакшы болот эле деген ой келет.

АСМАНДАН 3 МЕТРГЕ БИЙИК КӨТӨРҮЛӨ АЛГАН БАКЫТ БАР
Хьюго Оливере же достору үчүн жөн эле Ачи кайгы-камы жок, алаңгазар жашоону сүргөн жигиттерден. Ачи ата-энесинин сөзүн эки кылбаган, аңкоолугу жок, эми гана бой жетип келаткан Баби менен кокусунан таанышып калат. Бабинин курбусу Поло үйүндө кече өткөрүп жаткан. Кезектеги унаа жарышынан кийин Ачинин достору чакырылбаган кечеге кирип барып, алардын майрамын бузушат. Ал ортодо Баби өзүн "түрү суук" деп атаганы үчүн Ачинин бетине бокалдагы ичимдикти чачып жиберет. Жини келген Ачи аны көтөрүп барып көбүккө толгон бассейнге ыргытып таштайт. Дал ушул окуядан кийин Ачи менен Баби "мыйзамдуу түрдө" таанышышат.
Жек көрүүдөн башталган таанышуу жүрүп отуруп сүйүүгө айланат. Мүнөзү ачык-айрым, кызуу кандуу, энергиясы толуп-ташкан Ачини тандашына Бабинин апасы караманча каршы чыгып, аларды ажыратууга бүт күчүн жумшайт. Бирок ал тоскоолдуктарды жеңип, мамилелерин жаңы гана жолго салышканда Баби сүйүктүүсү менен түбөлүккө кала албасын түшүнөт. Бул нерсеге Ачинин көйрөң көчө жашоосу себеп эле. Ал бой көтөргөн шок жигиттин жан дүйнөсүндө бир гана Бабиге болгон сезимдер жашаарын далилдейт. Бирок бул нерселер ага жетишсиз болчу. Таза, баёо, оюнда кири жок өспүрүм кыз кыялында жашоосун башкача элестетчү.
Баби сабактан качып Ачи менен деңиз жээгинде жайгашкан үйгө барып, экөө унутулгус түндү өткөрүшөт. Ал түндө Баби сүйүктүүсүнө өзүн арнайт. Экөөнүн деңиздей толкуган эмоцияларын сөз менен айтып бере алгыс эле. Тилекке каршы, алардын кумардуу жолугушуулары көпкө узабайт. Ачинин жашоо образын өзгөртпөсүнө көзү жеткен Баби апасы тааныштырган жигитти тандап, Ачини таштап кетет.

ТАСМАНЫН УЛАНДЫСЫ ТАРТЫЛАТ
"Ашыктык асманында" фильми жазуучу Федерико Моччианын романынын негизинде тартылган. Испандар тарткан вариантына чейин италиялыктар да ушул эле аталышта 2004-жылы фильм жаратышкан. Интернеттеги социалдык тармактарда калтырылган колдонуучулардын пикирине таянсак, испандар тарткан вариант эң таасирдүү жана чындыкка жакын. Өзгөчө актёрлор мыкты тандалганын баса белгилешет.
Жакында "Ашыктык асманын" улай фильмдин экинчи бөлүгү жарыкка чыгуу алдында турат. Анда Баби таштап кеткенден кийин Ачи аны унутуп, сүйүүдөн алган жараатынан айыгуу максатында Лондонго кетип, эки жылдан кийин кайтып келет. Жашоосу башка нукка бурулуп, өзү теңдүү кыз менен таанышып, аны сүйүп калат. Бирок Бабини көргөндө унутууга аракет кылган сезими азыркы сүйүүсүнөн күчтүү экенин түшүнөт.

АЧИ АНТОНИО БАНДЕРАСТЫН ОРДУН БАСАТ
Фильмде Ачинин ролун келиштире аткарган актёр Марио Касас Испанияда абдан популярдуу. Аны көпчүлүк Антонио Бандерастын орун басары катары көрүшөт. 2011-жылы актёр латын америкалык сынчылардын шоу жаатындагы эң престиждүү сыйлыгынын "Эң мыкты жаңы актёр" наамына талапкерлердин бири болгон. Муну менен 26 жаштагы актёр испан тилдүү Түштүк Американын бир катар өлкөлөрүндө популярдуулугун бекемдейт.
Актёр өзүнүн ролу тууралуу: "Тартуу иштери бүткөндөн кийин Ачинин образы менен коштошуу аябай кыйын болду. Анткени мен ошол образ менен жашап калган болчумун. Ал роль мага кадимкидей таасир бериптир, кийин мүнөзүм Ачиге окшошуп баратты. Бирок режиссёр "мотоциклди саатына 200 чакырым менен айдаган козголоңчу жигиттен үлгү албай эле кой" деп мени уяткарды",- деп айтканы бар.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


"Ашыктык асманында" тасмасы жөнүндө

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
19.05.2012. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кинонун опоретору озунун профисеналдыгын толугу менен коргозо алган, тагырак айтканда абдан жакшы тартылган.
SUPER.KG видео
19.05.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul film bashkalardan ayirmalanyp happy end menen butpoit,oshon uchun da ayabai kyzyktuu...birok jakynda anyn 2-bolugu chygat..men ayabai chydamsyzdyk mene kutup jurom))))
SUPER.KG видео
19.05.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун кино!!! экинчисин мен дагы аябай кутуп атам! буюрса бизге июлдан баштап кино театрлардан корсотуп баштайт!
SUPER.KG видео
19.05.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam dostor tak atalyshyn jazyp koigulachy suranych
SUPER.KG видео
20.05.2012. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да суйом бул кинону, мен итальянский версиясын коргом, экинчи болугун дагы, бирок испандар 100 эсе сонун тартышкан!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
марио касос аябай жагат.алар чыныгы турмушта да чогуу кандай гана бактылууулар...22-июнда 2-болугу чыгат.
SUPER.KG видео
21.05.2012. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
марио касос тартылган дагы бир карабль атуу сериал бар аны да созсуз коргуло!ал да абдан сонун кино
21.05.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваууууув ушул кино оло жагат да айныкса Марио Касас :) , 2чи сериясын чыдамсыздык менен кутуп жатам :((
SUPER.KG видео
21.05.2012. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ал эми экинчи болугу я тебя хочу деген ат менен чыкмакчы
21.05.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваще жагат ушул фильм! уландысын кутобуз!!!!! Марио Касас жагат
21.05.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
santamariya, мага да ващще жагат
21.05.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaauuuuu uwul Maria Valverde jagatta ollo !!!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер кино
SUPER.KG видео
21.05.2012. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
классссный фильм!!!!!!!!!
21.05.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уго или Ачо ушул кинону коргондоюн уч кун Ачону унута албай кыйналгам))) 12-июнда болсо керек Москвада кино театрларда корсото баштайт.
22.05.2012. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Serialdardy jaktyrbaim.
22.05.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tazagul, бул сериал эмес !!
23.05.2012. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кечээ гана кордум мага Ачонун кулгону жагып калып дагы деле унута албай жатам
SUPER.KG видео
23.05.2012. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samiy otlichniy film kogda libo yz smotrela , super!!!
23.05.2012. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
классный фильм!!!!!!!!
23.05.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фильм ото эле сонун мага абдан жагат суйуу суйуу
23.05.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчисин да кордум, начар тартылыптыр, Ачини болок актер ойноптур, жарымына чейин зорго кордум. Коргум келбей койду. Биринчиси супер!
SUPER.KG видео
24.05.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy tasma
25.05.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uau Maga dele ollo jakpaitta uwu kino
25.05.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваааууу сооонннуун кино.Мага жагат
25.05.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фильм очень хорший. романтичный и грустный.......
26.05.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага бул тасма суйуктуу адамды эстетет,ошол учун жагат.
27.05.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону коргонумдо,Ачини суйуп калдым кинону кайра,кайра коро берем тойбойм.
SUPER.KG видео
05.06.2012. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wahah)Мария Касас???Марио Касас!!!!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 bolugun kutup jatam chydamsyzdyk menen!!!
SUPER.KG видео
19.10.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага абдан жакты бул кино, бирок биздин жаштарга терс таасирин берет го дейм %)...
мен биринчи 2-болуктон коруп баштагам, 1-син билген эмесмин ))
SUPER.KG видео
07.01.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун кино,аягында экоо чогуу болбогону окунучтуу.Бирок,реалда чогуу болгону жакшы экен.Красивая пара!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо