КООЗ БАКЧА ЖЕ КОЛДОГУ БУЮМДАРДАН ЛАНДШАФТТЫК ДИЗАЙН

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

Жаз, жай жана эрте күздө табигаттын койнунда эс алууга ашыгарыбыз бышык. Көк чөп, гүлдөр, бак-дарактардын кооздугу адамга жарык маанай тартуулап, энергия берет эмеспи. Бүгүн сиздерге бакчаңызга өз колуңуз менен керектен чыккан автоунаанын дөңгөлөгүнөн жана таштардан ландшафттык дизайн жасоону сунуштайбыз.

ЭСКИ ДӨҢГӨЛӨКТӨН КООЗ БУЮМДАР

ТОТУ КУШ (гүл идиши жана кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн бир покрышкасы, бурама жана сыр.
Жасоо: покрышкадан тоту куштун тулку бою кесип, анан тескерисинен аңтаруу керек. Тумшугу ошол эле покрышканын кесиндисинен даярдалып, башына бурама менен бекитилет. Андан соң көрктүү тоту кушка окшоштурулуп сырдалат.
Гүл идиши катары колдонулат.

ГҮЛ ИДИШИ
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн покрышкасы менен диски жана сыр.
Жасоо: дөңгөлөктүн покрышкасынын үстүңкү гана бетин сүрөттөгүдөй кылып кесип, аны тескерисинен аңтарып, каалаган түскө сырдап коюу керек.

АК КУУ (гүл идиши жана кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн бир покрышкасы, ичке арматура же жука темир (моюнун ийип, бир калыпта карматуу үчүн), жыгач (башын даярдаганга), бурама жана сыр.
Жасоо: покрышканын ортосунан башы менен куйругу белгиленет да, кесилет. Андан соң моюну төшүнө карай тилинет. Кесип болгондон кийин покрышка тескерисинен аңтарылып, моюну үчүн арматура карматылат. Башы жыгачтан жонулуп жасалат да, бурама менен бекитилет. Баары даяр болгон соң сырдалат.

АЖЫДААР (кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн үч покрышкасы, ичке арматура (ажыдаардын башын тирөө үчүн), бурама жана боёгонго сыр.
Жасоо: бир покрышка жерге орнотулат. Ал эми экинчи покрышкадан башы, тили жана муруту даярдалат. Үчүнчүсүнөн моюну жана жону кесилип алынат. Андан соң баарын бурамалар менен бириктирип, башын карматуу үчүн арматура жерге кагылат.

ПАЛЬМА (кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: бир дарак үчүн эки дөңгөлөктүн покрышкасы, бир жыгач устун, мык, сыр.
Жасоо: покрышканын диск менен бириккен катуу бөлүгү кесилип алынат. Андан кийин покрышкалардын ар бири үч бөлүккө бөлүнүп (четтери тилинип), устунга ирети менен бекитилет да, сырдалат. Даяр болгондон кийин устунду жерге орнотуп, сырдап коёбуз.

ЭШЕК МЕНЕН АРАБАСЫ (гүл идиши жана кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн эки покрышкасы, жыгач (арабаны жасаганга), ичке арматура (эшектин буттарын тирөөгө), бурама жана сыр.
Жасоо: эшек, араба жана гүл идиши өзүнчө жасалып, андан соң ага бириктирилип коюлат.

ТАШ МЕНЕН КООЗДОО


Короодогу жолду жана короо ичиндеги аянтчаны кооздоо үчүн керектелүүчү каражаттар: таш, шагыл, цемент жана кум.
Жасоо: жол же аянтча салына турган жерди түздөп, шагыл төгүп, анын бетине сүрөттөгүдөй кылып алдын ала кооздоп оймо-чийме же гүл элементин түшүрүү белгиленет. Андан соң шагылдын бетине бир жак башынан цемент менен кумдун аралашмасы (раствор) төшөлүп, үстүнө таштар тизилет.
Жалпагыраак келген таштарды тандап, аларды чоң-кичинесине жана түсүнө жараша бөлүп алуу зарыл.
Жөнөкөй эле таштарды жаныбарларга, курт-кумурскаларга, ал тургай чокойго да айландырса болот. Мисалы, төмөндөгүлөрдү жасоо үчүн кадимки эле сыр колдонулган.

ЛАНДШАФТТЫК ДИЗАЙН ЖӨНҮНДӨ
Илгери көчмөн турмуштагы бабаларыбыз сулуу табигаттын кучагында жашаса, учурда адамдар отурукташкан шартта күн кечирет. Токой, жашыл шалбаалар бузулуп, эл эс алуучу жайлар улам азайып барат. Адам табигаттан канчалык алыстаган сайын андан алуучу энергиянын орду бош калат. Мындай учурда адам стресстерге кабылып, чарчап, калыптагыдай эс ала албай калат. Мына ушул маселеге эң алгачкылардан болуп тушуккан, индустриясы өнүккөн Германия менен Англияда ХХ кылымда шаарлардагы короолорду жашылдандыруу башталган. Ушундан тарта ландшафттык дизайн деген түшүнүк пайда болгон.

Ландшафттык дизайнда колдонулуучу негизги элементтер:
Жашылдандырууга: бак-дарактар, бадалдар, жана гүлдөр.
Кооздук үчүн: көлмө, арыктагы суу, фонтан, таштар жана айкелдер.
Кооздук үчүн майда элементтер: шам чырактар, асма жасалма гүлдөр жана башкалар.
Бул таш баканы жасоого таштар, цемент жана куурчактын көздөрү колдонулган.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(19)
21.05.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи жакшы экен бирок анын баарын жасаганга аябай эле коп донголок керек го дейм.
21.05.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ух ты сонун экен мен да уйумо жасаткым келип калды автордун номери болсо бергилечи супер инфоооо?
21.05.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жараксыз донголоктор базарда 5 сомдон эле биз мончону ысытканга алчубуз Корсо сонун нерселерди жасаса болот турбайбы донголоктон. Интернеттен таштан жасалган кооздуктарды коруп мен да дачама эл кочорлорду жасап койгон элем, бироого аябай жаккан го которуп кетиптир
21.05.2012. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооой ииий соонунго, мен жазаткым келип кетти,же сизле мага жазап бересизби???
21.05.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazika_1990, эхееей кимге айтатасын ыя йа йа йаааа?
22.05.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kubanychbekkagan,сизге дааааа хехеее, же жазап бербейсизби???
22.05.2012. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazika_1990, макул, макул жасап берейин. Бирок бирди эле ээ. Болбосо сен дагы жасап бер деп анан Бишкектеги автоунаалар дөңгөлөгү жок калбасын )))
22.05.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kubanychbekkagan, созунуздон кармалдыныз эми точно мага жазап бересиз, макул 1 диле жазап беринизчии......
21.05.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ой пайда болду.
21.05.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси идея болуш керек деген чын экен да
21.05.2012. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
четкий го бугун барып баштабасам уйго
22.05.2012. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимге керек болсо мага кайрылгыла
22.05.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оло сонун экенго , ким жасай алам деген эле
22.05.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аааа мынакей таптым тыптым.Эмне эле менин машинамдын донголокторун чечип кетишет десе, силерге окшогондор кылат турбайбы.Тезз Мазда 6 нын донгологун таап кой Kubanychbekkagan ! океу? ато эртен Шокфактан атын чыгат...))
22.05.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе, хе, хеее акыры кармалып калдым ээ... Кыздарга мактанып жасап бере салам деп, айыбым чыгып калды да ай, ай, аай. Макул ордуна алып барам бирок кесилген донголокторду кайра жамаш керек. Куто тур эми.
22.05.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откон жылы краснодардан кордум еле жазаса болот
23.05.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай чиркин дунуйо,адам баласынын колунан келбеген иштин озу жок !
25.05.2012. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам баласынан амал качып кутулбайт....
24.06.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат жакты мага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо