БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

БИШКЕК-ТОРУГАРТ АВТОЖОЛУ 7 АЙГА ЖАБЫЛАТ...

  • 15-май күнү ДҮЙШӨМБҮ шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын достук кечеси өткөрүлдү.
  • Жогорку Кеңеш КУБАНЫЧБЕК МОМБЕКОВДун Жогорку Соттун судьялык кызматын калыбына келтирди.
  • Адилет министри АЛМАМБЕТ ШЫКМАМАТОВ 16-19-май күндөрү Санкт-Петербургда өтүүчү Дүйнөлүк форумга катышат.
  • 31-майда СЕУЛДА Кореянын жана Кыргызстандын ишкерлери үчүн соода жана өндүрүш тармагын өнүктүрүү боюнча форум өтөт.
  • Жалал-Абад облусундагы селден жабыркагандарга 20 жылдык мөөнөт менен 200 МИҢ СОМДОН акчалай ссуда берилет.
  • Быйыл түштүк жергесиндеги мектептерди аягына чейин оңдоо иштерине өкмөт 4 миллиард сом бөлүп берерин премьер ӨМҮРБЕК БАБАНОВ маалымдады.
  • “ЗАМАНДАШ” ассоциациясы июль айында кыргызстандыктардын Биринчи дүйнөлүк конгрессин өткөрүү демилгесин алып чыгып, ага 600дөй делегат менен 200гө чукул коноктун катышуусу күтүлүүдө.
  • Транспорт жана байланыш министрлиги БИШКЕК-ТОРУГАРТ автожолундагы оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына 7 айга тыюу салды.
  • 15-майдан 1-июлга чейин студенттер өз каалоолору менен ВИЧ/СПИДге бекер анализ тапшыра алышат.
  • Кыргызстандын казынасына ири салык төлөөчүлөр 760 МИЛЛИОН СОМДОН ашык акча карыз.
  • Сотторду тандоо кеңешинин төрагасынын орун басары болуп ЖАМЫЙЛА НУРУМБЕТОВА шайланды.
  • “ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ” ААКсынын басма сөз кызматы 24-апрелден баштап Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча отчётту коммерциялык сыр деп ачыкка чыгарбай жатат.
  • Сузак районунда тамак-аштан массалык уулануу катталып, 51 АДАМДАН ичеги инфекциясынын белгилери аныкталган. Алардын 28и ооруканага жаткырылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(2)
21.05.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7aiga kahdai unaalarga tyiuu salyndy kytaidan tovar alyp chyga alabyzby anda bashka joldorun sunush kylbaiby
23.05.2012. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жакшы баракеллде!комерциялык сыр имиш,булар сууну сата баштаган го,сугат сезон башталды да азыр,кышы менен отчёт беришет да,сезон башталганда сыр болуп калат экен,копко барбайт го бул бийлик да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо