«МЕГАКОМДУН» 6 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЫН СУГУНГАН КИМ?

№498 18-май-24-май, 2012-ж.

“Мегакомдун” тагдыры качан чечилери дагы эле табышмак. “Кытайлык ZTE компаниясы менен келишим түзүү аркылуу өлкөдөн 6 миллион доллар алып чыгып кеткен“ деп аталган компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмазбек Абековдун үстүнөн кылмыш иши козголду.

6 МИЛЛИОНДУН АРТЫНДА БАБАНОВ ТУРАБЫ?
16-майдагы парламент жыйынында депутат Камчыбек Ташиев "Кыргызстандан Кытайга 6 миллион доллар чыгарылып кеткендиги тууралуу УКМК маалымат берсин" деген талап койду.
“Мынча акчаны жогорку жактагы адамдардын кийлигишүүсүз чыгарып кете албайт болчу. Бул – коррупцияга каршы күрөшүүнүн биринчи жеңиши. Мурзалиев, Абеков дегендер кимдер?”- деди эл өкүлү.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев бул 6 миллион доллар чет өлкөгө мамлекеттин казынасынан чыгарылганын маалымдады.
Ташиевдин “Мурзалиев, Абековдордун артында ким турат?” деген суроосуна Сыдыгалиев “биз азыр кимдер турганын атай албайбыз. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Такталган фактылардан негизинде гана кимдер турганын айтабыз" деген жооп узатты.
Кайрадан капталдан сүзгөн Камчыбек мырза: “Бул маселеде Бабанов менен Отунбаеванын уулунун ысымдары аталууда. Ал акчаны оффшордук жол менен чыгарып кетип жатса, кантип чоң кызматтагы фигураларды таба албайсыңар?”- деп Бектен мырзаны демитти.

“МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ТОКТОТУЛСУН!”
Ташиев ошондой эле бул компанияны менчиктештирүүнү токтотууну талап кылды. Эске салсак, аталган компаниянын
кыргыз мамлекетине тиешелүү 49 пайыз акциясын аукционго коюу иш-чарасы 22-майга белгиленип, баштапкы баасы 4 миллиард
900 миллион сом деп белгиленген эле.
Ал эми “Мегакомго” Мурзалиев менен Абековду ким жетекчи кылып дайындаганын сураган депутат Ташболот Балтабаев “мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Дайыр Кенекеев койгон” деген жоопту угуп, ага сөзсүз түрдө чара көрүлүш керектигин белгиледи. УКМКнын өкүлү бул иш боюнча кылмыш иши козголгон соң кытайлык ZTE компаниясынын жетекчиси суракка алынарын билип Кытайга качып кеткенин айтты. Анын айтымында, иликтөө иштери май айынын аягында бүтүп, иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.

МУНУН ЭРТЕСИ...
"Мегакомго" байланыштуу айыпталып, сотто сурак берип жаткан Раушан Рыкунова:
"6 миллиондун артында Бабанов эмес, андан да салмактуу саясатчылар турушат. Алар азыр бийликте эмес, бирок дагы эле таасири бар адамдар: Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев жана Амангелди Муралиев"
,- деди.
Депутат Ташиевдин Бабановго карата айткан билдирүүсүнө өкмөт башчынын басма сөз катчысы Султан Каназаров да жооп айтууга жетишти. “Ташиев өкмөткө далилдүү сындарды айткандын ордуна көчө соодагеринин жана контрабандисттин деңгээлиндеги сөздөрдү айтып жатат. Ташиев өзүнө да айып тагылганын унутпашы керек. Аны депутаттык кол тийбестик гана сактап турат”,- дейт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
21.05.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура маселе ушул Бабанов башка бир мамлекеттин кызыкчылыгы учун иштегенин сезчумун. жок кылыш керек аны, кыргыз учун куйбойт ал.

22.05.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilet_3234, уура айтасын,ошого окшогон-дун баард-н коздорун жоготуш керек. Алар оз чонтокторун ойлойт, эч качан тойбойт.Мурунку стенограмма дагы создордун баардыгы чып-чын. Биздин элди баардыгы эле тоноп, жеп анан качып кетебереби. Эмне учун жаман жетекчилерди дандап алабыз. Качан элибиз жакшы жащайт. Деги элди ойлогон бироо болобу, же ушинтип эле алданып журо беребиз би.Бабанов мурунку окмоттон дагы абдан начар, калпты коп суйлогон, оз эли учун эштеке кылбайт.Деги оз балдарынын келечегин ойлоб
22.05.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Бабановту колдоп журчумун,Бабановдун жакшы иштерин баалап журчумун.Коптон бери байкап турсам арты шахмар экени билине баштады.Бул адам да элдин кызыкчылыгын эмес ,озунун кызыкчылыгын ойлогон адам экен.Эми азыр эл да маркуртка окшоп калмай болду.Кимди шайласан эле баардыгы бир арыктан суу ичишкен.Мындайда Бул бийлик да алыска барбай калатко.Бирок мындай нерседен кудай озу сактасын.......
22.05.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун УКМКнын сизосунан чыгарбай жатат жана эч ким менен байланыштырбай бул байкелерди? Кептин баары мына ушунда. Аларга ооз басырык кылыш учун окмот башчы болгон кучун жумшап жаткан учуру. Эгер бул байкелер сизодон чындыкты айтып берсе анда уй булосуно коркунуч туулат. Эгер тобокелдикке салып айтып салса, анда окмот башчы капут болот.
24.05.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абековду жакшы тааныйм.Бул политичкий заказ болгону ачык эле корунуп турат.Мег-ны казактарга сатыш учун кыргыздын патриотторун,билимдуулорун камап жатышат,озулорунун кызыкчылыгын ойлоп!Абеков дуйно жузундогу биринчи билим беруу боюнча жаны проетини ойлоп тапкандыгы учун,кыргыздар колубузга салып коколотуп алышыбыз керек болчу.Тескерисинче торго камабай!Силер уктунар беле бийликтеги-дин билим учун бир нерсе кылагандарын,алар казино,сауна,ресторан-ды салуу менен билим бер.тармагына конул бурушпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо