АЖАЛ ЧАЧКАН АВТОМАТТАР...

№332 13-19-март, 2009-ж.

Жер бетинде адам баласы жаралгандан бери өзүн-өзү коргоого же душманын жок кылууга курал-жарактарды ойлоп таап келишкен. Ар тараптан өнүккөн азыркы заманыбыздын негизги куралы болгон автомат куралдары окурмандарга кызык болсо керек. Андыктан сөз автоматтар тууралуу болмокчу.

Автоматтар тарыхынан

Биринчи дүйнөлүк согушта көлөмү жагынан чакан жана ыңгайлуу мылтык менен тапанчага караганда күчтүүрөөк куралдын зарыл экендиги билинген. Мындай муктаждыктан кийин азыркы автоматтын алгачкы үлгүсү ойлонуп табылган. Италиялыктар тарабынан 1915-жылы тарыхта биринчи жолу “Ревелли” деген автомат колдонула баштаган.

Тапанча-пулемёт биздин мекенде

Бир кезде биздин мекен болгон СССРде, биринчилерден болуп 1935-жылы курал ойлоп табуучу В.А.Дегтярёв “Дегтярёв тапанча-пу­лемётун” (ППД) иштеп чыккан. Ошол эле жылы Кызыл Армияда бул курал колдонула баштаган. Ал эми 1939-жылы согуш талаасы­нан толугу менен алынып салынган. Ал аралыкта Дегтярёвдун шакирти Г.С.Шпагин тарабынан ыңгайлуу жана жөнөкөй “Шпагин тапанча-пу­ле­мёту” (ППШ) ойлонуп чыгарылган. Бул курал Улуу Ата Мекендик согуш башталар алдында колдонууга өт­көндүктөн согушта СССРдин негизги куралдарынын бирине айланган. ППШ жөнөкөйлүгүнө жана тынымсыз иштегенине байланыштуу “жоокерлердин атакеси” деген атка конгон. Автомат согуштун алгачкы жылдары 90 миң, кийинки жылы бир жарым миллион, ал эми согуш жылдары жалпысынан 6 миллиондон ашык нускада чыгарылган.

Калашников заманы

Азыркы кезде дүйнөдө Калашников автоматы тууралуу билбеген өлкө, аскер адамы жок болсо керек. Бул алмашкыс куралды ойлоп тапкан адам Михаил Тимофеевич Калашников 1919-жылы 10-ноябрда Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган. Үйбүлөдө 17-чи бала болгон. 1938-жылы Кызыл Армияга чакырылып, аскердик кызмат өтөөнү танкалык бөлүктөн баштаган.

Ааламга жол ачкан кылмыш

Михаил Калашников аскерде жү­рүп танкалык окуу жайын аяктап, курал чыгаруучу заводдо эмгектене баштайт. Ошол жылдары Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип, фронтко жөнөйт. Согуштан оор жаракат алгандыктан, узак мезгилге госпиталда дарыланып калат. Дарыланып жүрүп совет аскерлери коркоктугунан эмес куралынын алсыздыгынан окко учуп, чегинип жатат деп намыстанып өзүнүн алгачкы куралын жасап чыгат. Бирок анын тапкычтыгын өзүм билемдикке шылтоолошуп кылмыш деп табышып, жазалоого өкүм чыгарышат. Бирок анын ойлоп тапканы жөнөкөй нерсе эмес экенин кокустан байкап калган аскер чиновниги аны түрмөдөн сактап калган. Ошондон кийин гана курал ойлоп табуу ааламына жол ачылган.

Оор сыноолор

Ошентип, Калашников тагдырдын буйругу менен бул түйшүктүү жолго түшөт. Көптөгөн чыгаан куралчылардан сабак алып, өзүнүн алгачкы куралдарын иштеп чыгып, бирок колдоо таба албай көпкө кыйналат. Согуштан кийинки кездерде армияга мыкты автомат талап кылынып, көптөгөн таланттуу ойлоп табуучулар куралдын үстүнөн иштей башташат. Аягында келип жогорку чиндеги тажрыйбалуу куралчыларды улуу сержант, үйрөнчүк куралчы, 27 жаштагы Михаил Калашников жеңип чыгат. Ал ойлоп тапкан куралды саздын баткагына, ылай менен кумга ташташып, күндүн ысыгына куйкалашып оор сыноодон өткөрүшөт. Ага карабай автомат такалбай иштеп кетет. “Ушундай кыйноодон кийин автомат кантип иштөөгө жарай берди, билбейм? Акылга сыйбаган нерсе го”,- деп улуу куралчы өзү таң калган экен.
Ошентип, 1949-жылы “АК-47” деген ат менен 7,62 мм калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган.

Дүйнөлүк курал

Михаил Калашников 1949-жылдан баштап азыркы кезге чейин Ижевск шаарындагы “Ижмаш” заводунда куралчылык жолун улантып келет. Автоматтардын көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгып, дүйнөгө таанытууга жетише алды. Ал эми ал ойлоп тапкан Калашников автоматы дүйнөнү багындырып, өзүнүн алмашкыс курал экенин далилдеп келүүдө. Мезгилди жеңген курал учурда 60тан ашуун өлкөнүн армиясында колдонулат. Бул автоматтын канчалык санда чыкканы эч кимге белгисиз. Азыркы кезде расмий түрдөгү саны 100 миллион деп айтылат. Ал эми мыйзамсыз түрдө чыкканы андан 5 эсеге көп. Милиарддаган курал-жарак жаратуучулар Калашников автоматын үлгү катары колдонушуп, ага сапаты жагынан окшош куралдарын чыгарып келет. Батыш аскер адистеринин пикири боюнча “Калашников автоматы дүйнөдөгү акыркы жүз жылдагы мыкты курал” деп табылган.

Адистердин айтуусу боюнча Калашниковдун куралы дагы 30 жыл ичинде алмашкыс курал болот. Ошентсе да Калашников автоматын алмаштыра турган куралчы Геннадий Никонов тарабынан даярдалган жаңы үлгүдөгү “АН-94” же “Абакан” аттуу автоматы учурда колдонууга даяр. Куралчылардын сөзү боюнча “Абаканды” XXI кылымдын куралы деп эсептесе болот.

«Коргоо үчүн жаралган курал»

Улуу куралчы Михаил Калашников­дон: “Сиз жараткан курал канчалаган өмүрлөрдү алып кетти. Ушундай ажалдын жарчысын ойлоп тапканыңызга өкүн­бөй­сүзбү?”- деп сурашканда: “Жок, адамды курал эмес, адамды адам өлтүрөт. Менин куралым кол салып элди жок кылуу үчүн эмес, Ата Мекенди коргоо үчүн жаралган курал”,- деп гана жооп берет.

Дүйнө жүзү боюнча азыркы кездеги 100 тирүү генийлердин арасында орус куралчысы 82-орунда турат.

АК-47 тууралуу кызыктуу фактылар

  • Эң кеңири тараган курал катары «Гиннестин Рекорддор китебине» кирген.
  • Мозамбик өлкөсүнүн мамлекет­тик желегинде жана гербинде, Буркино Фасо, Зимбабве, Чыгыш Тимор мамлекеттеринин гербинде жана Хезболла тобунун эмблемалык белгисинде автоматтын сүрөтү тү­шү­рүлгөн.
  • Египеттин Синай жарым аралынын жээгинде Калашников автоматына эстелик тургузулган.
  • Ооганстанда автоматтын сүрөтү тү­шүрүлгөн килемдер токулат.
  • Жаңы Зеландиянын 2 доллардык тыйынында сүрөтү түшүрүлгөн.
  • Ирактын мурдагы башчысы Саддам Хусейндин үйүнөн АКШнын жоокерлери алтындан жасалган Калашников автоматын табышкан.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(3)
14.03.2011. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир нерсенин жакшысы мене жаманы жандаша журот!
19.06.2011. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne bolso dagy kolashnokovkko rahmat
10.06.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш автомат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо