БЫЙЫЛ АЖЫЛЫКТЫН БААСЫ 2500 ДОЛЛАР...
-
МАРАТ АМАНКУЛОВ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорлук кызматынан бошотулду.
-
22-майда Лейлек районунун Арка айылында «АРКА» деп аталган маңзат көзөмөлдөө посту ачылды.
-
Быйыл ажылыкка барып келүүнүн баасы ар бир адамга 2500 ДОЛЛАРДАН туура келерин муфтий Чубак ажы Жалилов билдирди.
-
ЖКнын депутаты АКЫЛБЕК СУЛТАНОВ жакында кыргыздар жөнүндө өзбекче клип чыгып, уюлдук телефондорго таратылып жатканын, бул клип кыргыз-өзбек мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.
-
Аксы районунун ЖҮЗҮМЖАН айылында 22-май күнү жер көчкү түшүп, жергиликтүү бир тургундун мал сарайын басып калды.
-
Депутат КУРМАНБЕК ОСМОНОВ Конституциянын нормаларына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, комитеттен колдоо таппай калды.
-
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ унаа каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү жокко чыгарган мыйзамга кол койду. Ал 6 айдан кийин күчүнө кирет.
-
21-майдан баштап УКМКнын тергөө абагында жаткан «Альфа Телекомдун» директорунун экс-кеңешчиси АЛМАЗБЕК АБЕКОВ үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн ачкачылык жарыялады.
-
Маркум ди-джей Жаныбек Айдаралиевди сабап өлтүргөн МАКСАТ ЭРАЛИЕВДИ сот 14 жылга эркинен ажыратты.
- Дүйнөлүк экономикалык форумдун тараткан маалыматына ылайык, Кыргызстан ДҮЙНӨЛҮК СООДА РЕЙТИНГИ боюнча Орусиядан озуп өтүп, 111-орунду ээледи.