№499 25-май-31-май, 2012-ж.
БАБАНОВДУ ЭЭРЧИГЕН ЧУУ ТЫНЧЫЧУДАЙ ЭМЕС
Алмазбек Атамбаев 2010-2011-жылдарда туура 12 ай өкмөттү жетектеп турду. Бул аралыкта мектеп мугалимдеринин айлыгы көбөйүп, пенсионерлердин пенсия акысы жогорулады. Аялуу социалдык катмардын абалы кичине болсо да жакшыра түшкөн. Премьер болуп турганда айрым бийлик төбөлдөрү сымал чуулгандуу иштерден төбөсү көрүнбөдү. Аткарган ишин пиарлап, ашыкча жар салганы да байкалган эмес.
2011-жылдын аягында Министрлер кабинетинин башчылыгына келген Өмүрбек Бабановдун премьерлик убактысы жарым жылга барып калды. Анын “100 күндүгү” серепчилер тарабынан жомок катары кабыл алынган эле, жыйынтыгында программанын көп учуру жомоктой болуп кала берди. Көңүл бурарлык жагдай, Өмүрбек мырза 2010-жылы Ак үйдү аттап кирген күндөн бери ушак-айың, ага карата доомат коюу менен айып тагуулардан башы көтөрүлө элек. 2011-жылы "Мегаком" жана башка коррупциялык иштерге тиешеси бар" деген сөздүн айынан биринчи вице-премьер кызматынан убактылуу эс алууга да чыккан болчу. Уюлдук операторго байланыштуу айыптар кайрадан күч алды.
КАЛКТЫ КЫМБАТЧЫЛЫК КЫЙНАДЫ
Апрель, Июнь коогалаңдарынан, каатчылыктардан кутулдук. Жашоо стабилдүү боло түштү. Мамлекеттер аралык кагылышка жетпей токтоп, ошого карабастан, Бабанов келгенден бери базардын баасы күн санап өсүп жатканын соодагерлер да байкабай калышууда. Азык-түлүк саткан күркөнүн кожоюндары “өсүмдүк майы, шекер, ун жана сүттөн жасалган азыктарды алып келишкендер ар биринин мурунку баасына 1 сомдон 5 сомго чейин кошуп жатышат. Эл баягы баасына көнүп калганы үчүн азырынча эски баа менен сатсак да, бир күнү кымбаттатууга мажбур болобуз” дешет. Анын үстүнө кыш кеч чыгып, жаз мезгилинде дамамат сел алуулар кайталанган сайын күз түшүмү күмөн жаратууда. Мындан улам Ак үй менен Көк үйдө күзүндө “өкмөт отставкага кетет” деген сөздөр күч алып, Бабановдун кызматтан оошуна пайдубал курула баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ал эми апта жаңылыгы рубрикасынын кабары өлкөдө болуп жаткан окуялардын өнүгүшүнө таянып, саресеп берүү менен жазылат.