№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
Кыргыз калпагы – ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, жайлуу, жеңил баш кийим. Бирок калпактын түзүлүшү, калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнчө маанини туюндуруп турат. Ошол маанилер эл ичинде кандайча чечмеленет?
Калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан куралат. 4 талаа биригип келип кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекенибиздин символун берет. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Калпак – байыркы баш кийим. Аны кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат. Калпактын ыйыктыгы да ушунда.
КАЛПАКТЫН ТҮСТӨРҮНҮН МААНИЛЕРИ
КАЛПАККА САЛЫНГАН ОЮУНУН МААНИЛЕРИ
Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да “Умай эне”, “карга тырмак”, “булак” оюмдары деп аталат.
Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, “тоо теке”, “бүркүт”, “аркар” оюмдары. Эл баатырларына "илбирстей", "бөрүдөй", "жолборстой" деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан, калпактарына “илбирс”, “жолборс” жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.
Абдырахман Алымбаев, жазуучу жана тарыхчы: "КАЛПАКТЫ БАШКА ЭЛГЕ БЕРҮҮ – ТААЖЫНЫ ЖОГОТУУ"
– Мен калпак боюнча өзүмдүн изилдөөлөрүмдү айтып берейин.
Калпак көчмөн кыргыздын таажысын билдирген. Калпакты башка элге берүү таажыны жоготуу менен барабар болгон. Андыктан элибиз “калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң”, “калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың” деген таамай сөздөрдү айтышкан. Илгери калпактар 2 талаадан гана турган. Калпак көрүнүшү боюнча экиге бөлүнөт: айры калпак, туюк калпак.
Айры калпактардын маңдайы жана арты (кежиге туш) тилик болгондуктан, айры калпак аталган. Муну кыргыздын оң, сол канаттагылары кийишкен. Оң канаттагылардын тотеми (сыйынган жаныбары) бугу болгондуктан, калпактарына бугунун, сол канаттагылардын тотеми өгүз болгондуктан, өгүздүн образын оймо-чиймелер менен түшүрүп кийишкен. Эскерте кетсек, оң, сол канатка кирген уруулар: сарбагыш, саяк, солто, кытай, кушчу, саруу, адыгине, багыш жана башка.
Туюк калпактын тилиги жок болот. Аталышы да ушундан улам келип чыккан. Муну ичкилик кыргыздар кийишкен. Булардын тотеми бөрү болгондуктан, калпактарына анын образын түшүрүшкөн. Ичкилик уруулар: кыпчак, дөөлөс, каңды, тейит, кесек, нойгут жана башкалар.
Кайруусунун өңүнө жараша...
Оң канаттагылар (Ак уулдан тарагандар) чымкый ак калпак кийишкен. Кайруу салынса (кайрылып коюла турган төмөн жагы), анысы ак же ак сары баркыттан болгон.
Сол канаттагылар (Көк уулдан тарагандар, Көк уул Куу уул деп да аталат) кайруусу кара же көк түстөгү калпак кийишкен.
Ичкилик кыргыздардын (Кызыл уулдан тарагандар) калпагынын кайруусу кызыл болгон.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Баса мен кийип турган кыюусу кызыл калпагым 10 жашар кезимде кийип жүрчүмүн.Ошол кезде коңшумдагы кишилер калпагымды көрүп .Аял алгыдай болгон турбайсыңбы,Мага күйөө бала болосуңбу.дешип айтып калышчу.Көрсө Мен ойноо бала кезимде кызыл калпак кийгенимден айткан турбайбы.