Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы Бишкек-Ош автожолунун четинде жайгашкан “Санпа” эстелиги 10-июнь күнү кайрадан орнотулат. Эскерте кетсек, бул эстелик эки жыл мурунку каргашалуу Июнь окуясында, тагыраагы, 12-14-июнь күндөрү ушул аймакта өлтүрүлгөн 10 адамдын элесине тургузулган болчу. Бирок быйылкы жылы 24-апрелде аны белгисиз адамдар талкалап кетишкен жана алардын дайынын ушул күнгө дейре укук коргоо органдары таба элек. Айтмакчы, эстеликтин талкалануусунун бир версиясы катары шамал да айтылган болчу. “Салмагы 1 тоннаны түзгөн эстелик шамалдан кулашы мүмкүн эмес”,- дейт “Санпа шейиттери” бирикмесинин жетекчиси Байыш Асанов.