АКСЫДА ЦЕМЕНТ ЗАВОДУ КУРУЛАТ...
- Түркия Кыргызстанга 106 МИЛЛИОН ДОЛЛАР өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет.
-
“МАНАС” аэропортунда каалоочулар үчүн дароо 2-кабатка алып барган эстакада ачылды.
-
“Курманбек” ЖЧКсы менен Кытайдын “Чжун Шен” компаниясы Аксы районунда ЦЕМЕНТ ЗАВОДУН куруу боюнча макулдашууга кол коюшту. Ага 75 миллион доллар бөлүнүп, 2013-жылы завод ишке кирмекчи.
-
“Орусия Курманбек Бакиевди сатып алгандыктан, америкалыктарды “Манастан” кууп чыкмак болушкан” деген АКШнын Орусиядагы элчиси МАЙКЛ МАКФОЛДУ Кыргызстандын Башкы прокуратурасы түшүндүрмө берүүсүн сурап, текшерүү иштерин баштады.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө жыл сайын 120-160 ТОННА сапатсыз азык-түлүк конфискацияланарын кабарлады.
-
Кыргызстан Казакстанга саатына 1 киловаттык электр энергияны 2,8 ЦЕНТТЕН (1 сом 30 тыйындын тегереги) сатып жатат. Саатына 2,3 миллиард кВт экспорттоо каралууда.
-
"Өлкөдө ар бир бешинчи жаш бала курсагы жетиштүү тойбогондон улам көз жумууда",- деп "Жаш балдар укугун коргоочулар лигасынын" башчысы НАЗГҮЛ ТУРДУБЕКОВА билдирди.
-
Экс-депутат АЛИШЕР САБИРОВ эл өкүлдөрү Айнуру Алтыбаева менен Жылдыз Жолдошеваны ушак айтууну токтотушпаса, сотко берерин айтты.
-
Акыйкатчы ТУРСУНБЕК АКУН соңку беш жылдын ичинде алгачкы ирет эмгек өргүүгө чыгып, эс алуусун “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында өткөрүүдө.
-
Жыл сайын 30 МИҢ АДАМ кесиптик-техникалык окуу жайын аякташат. Акыркы беш жылда кыска мөөнөттүү билим алгандардын саны үч эсеге жогорулаган.
-
Коңшу Казакстандын тышкы карызы 123 МИЛЛИАРД 800 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ түзөт. Калкынын саны 16 миллион 680 миң адамдын тегерегин түзгөндүктөн, ар бир жарандын башына орточо 7400 доллар карыз туш келет. Ал эми Кыргызстандын тышкы карызын ар бир башка бөлсө, 509 доллардын тегерегинде болот.