КЫРГЫЗДАРДЫН ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРҮН ТАРТЫП СЫЙЛЫК АЛГАН ТАСМАЛАР

№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.

Акыркы кездери улут кадырын тепсеген тасмалар жаралып жатканы өкүнүчтүү. Европанын темирден жасалган сыйлыгы менен жашыл кагазы үчүн кыргызды дүйнөгө маскара кылгандарга жол болсун дегиң келет. Кыргыздардын терс жактарын тартып, “реалдуу жашоо” деп актанган, анча-мынча болсо да жакшы, жетишкен жагын көргүсү же көрсөткүсү келбеген бир топ режиссёрлордун тасмаларын баамдап, сындан өткөрмөкчүбүз.

ТӨӨ ЧЕЧМЕЙ ОЮНУН АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН ЖАҢЫЛЫГЫ КЫЛГАН “СВЕТ АКЕ”
Элди “Маймыл”, “Бешкемпир” тасмалары менен таң калтырган айтылуу Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасына сын айткандар аз эмес. Фильмден эскилиги жеткен электр өткөргүчтөрдү бири-бирине туташтырып, жылаңач зымды эптештирип, электр эсептегичти артка айлантып, жупуну жашаган үй-бүлөлөргө свет уурдап берген Свет аке аттуу каарманды кезиктиребиз. Ал – айылдарда азыр сейрек кездешип бараткан, жан дүйнөсү баладай таза, башкаларга эт-бетинен кетип жардам берген карапайым киши. Бирок көбү анын дүйнөсүн түшүнбөй, Апенди катары кабыл алышат. Свет аке – электр жарыгын алып келген гана эмес, философиялык маанисинде да жарык алып келген киши. Анын “элге бекер жарык алып келсем...” деген максаты бар. Шамал менен электр энергиясын иштеп чыккан станцияны жасамакчы болуп жүрүп, аягында күйүп калат...
Бир телеканал "батыш талкууга алган" деп жарнама кылып жатып көрсөткөн “Свет акени” көргөн баткендик туугандардын нааразылык катын гезит бетибизге жарыялаганбыз. Бул тасмага жалаң эле баткендиктер эмес, бир топ кыргыздар капа. Чынында эле кытайлык инвесторлорго кыргыздын кыз куумай же көк бөрү эмес, унутулуп калган төө чечмей оюнун көрсөтүп жагынып, акчасы жок байкуш кемпирдин небересин жылаңачтаган айыл өкмөттүн кылыгын кандай түшүнсө болот?! Акча алуу үчүн айылдык карындашын энеден туума кылып кытайлык ишкер "аңгиге" салып берип, кыргыздарды өз кыздарын коргобогон намыссыз, акчанын кулу катары көрсөткөнүнө жиниң келет. Ооба, жашообузда мындай көрүнүштөр бар. Бирок аны лентага тартып алып желбиретип, батышка "мактанбай эле" койсок болмок.
Свет акени аялы дагарага салып, жан жерин сылагылап киринтип жатканы жана мас болуп алып досунан "жүрү, менин төрт кызым бар, аялымды эркек төрөтүп бер" деп суранышы такыр чектен чыгып кеткен. Шамалдан электр жарыгын алууну ойлоп тапкан Свет акенин оюна кантип эле душ жасап коюу келбесин?! Керек болсо азыр элеттиктер деле цивилизациянын андай жетишкендигин пайдаланып калышкан. Ушундай жапайычылыктарды тартпаса, сыйлык албай калышат сыягы...

КЫРГЫЗДАРДЫН БИРИМСИЗДИГИН АШКЕРЕЛЕГЕН “БЕЛГИСИЗ МАРШРУТ”
Бүтүндөй Кыргызстанды "бир автобуска батырган" Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмасы орустардын “Ника” киносыйлыгына көрсөтүлүп, бир канча чет элдик сыйлыктарга татыган. Фильмде түрдүү коомдук турмуштагы көрүнүштөр калдыраган автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр аркылуу көрсөтүлөт. Туман аралаган автобус – мамлекет, ал эми ичинде коомдун бардык мүчөсү – соодагер, чөнтөкчү, милиция кызматкери, молдо, баптист, коммунист, демократ, интеллигент, алкаш, сойку, рэпер, айтор, баары бар. Эч кимиси башкы ролдун каарманы эмес, баары бүгүнкү күндүн каармандары. Тасмадагы адамдардан ар бир жаран өзүн көрөт.
Рулдагы айдоочу мурунку жана кийинки бийлик башындагылардай болуп тумандуу жолдо адашып калып, нааразы болгон элдин жемесине чыдабай аларды талаага таштап качып кетет. Жүргүнчүлөр – бир пикирге келе албаган коммунист, демократ, молдо, баптист, бири-бири менен чукушуп жатып чыр ырбайт. Автобус ичиндеги жаңжалдар мурдагыдан курчуп, жүргүнчүлөр кудум азыркы саясий тополоңчулардай бири-биринин “быкыйын” чубап, абийирлерин айрандай төгүшөт. Ынтымагы ыдыраган жүргүнчүлөр ызылдашып жатканда автобус жарга барып такалат.
Тасма соңунда жарга такалган автобусту жүргүнчүлөрдүн акыркы үмүтү болгон Үмүт аттуу жигит куткарып, баары чогулуп автобусту түртүп чыгарышып, Келечек айылын көздөй сапар улашат.
Режиссёрдун кыргызды үмүттөндүргөнү жакшы, бирок ага чейинки тасманын жүрүшүндөгү окуяларда улутту алкаш, ууру, сойку,баптист же орустарды пир туткан коммунист кылып көрсөткөнү улуттун бетине көө сүйкөгөндөй болуп калбайбы? “Ансыз да элдин ынтымагы кетип, кокту-колот болуп бөлүнүп жаткан убакта бул тасма абалдан чыгууга салым кошо алабы?” деген суроо туулат. Балким, чет элдиктерге кыргыздардын дал ушундай жоруктары жагып, тасма алардын сыйлыгына татып жаткан болуп жүрбөсүн? Бул жерде кино улуттун идеологиясына кызмат кылбай эле, кыргызды мокочо көрсөткүсү келгендерге кызмат кылып жаткандай.

КЫРГЫЗ МЫРЗАЛАРЫН АРАКЕЧ КЫЛЫП КӨРСӨТКӨН “АЙЫЛ ӨКМӨТҮ”
Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” аттуу көркөм фильми Марокконун Марракеш шаарында өткөн 5-эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алган. Фильмде биз уялып намыстанчу көрүнүштөр түзүк эле. Тасманын затына эмес, сырттан келген наамына гана сүйүнүп, "сыйлык алып, бизди бүт дүйнөгө таанытып жатат!” деп төш каккандарын көрүп башыңды аргасыз чайкайсың.
Буга чейинки Актан Арым Кубаттын “Бешкемпиринде” ылайдан кыз жасап, анын үстүнө өпөңдөгөн бала же жогорудагы “Айыл өкмөтү” комедиясында кайненесинин сөзүн укпаган келинди баса жыгылган милиционердин жоруктары кандай максат менен тартылат деги? Бир бөтөлкө арак үчүн үйүндөгү казанын уурдап сатып, көрүнгөн күркөдөн карызга "жинди суу" сурап, алкымын тыя албаган аракечтер аркылуу режиссёр кыргыздын түркөйлүгүн, түгөнүп баратканын көзгө сайып көрсөткөн. Жаманды жаман дей берсең, ого бетер жаман болот. Кичине жакшыга жетелебейлиби, калкты?
Кошулабыз, ошондой болуп баратканбыз, чын эле. Бирок мактанчу, сыймыктанчу жайыбыз да бар. Ошолорду да тартып, башка элдерге көрсөтүүгө эмне үчүн болбосун?

МАКСАТЫ ЖОК “ЭЭНСИРЕГЕН ҮЙ”
Европада жаңы идея, жаңы табылга калбай, азыр биздин режиссёрлорго көз кычыштырган каражатты сунуп коюп, бизге окшогон улуттарды эле аңдып тургандай. Эмне кылмак эле анан, аларда көрө турган нерсе түгөндү, а биздеги кызыктардын чети оюла элек болсо. Жакында эле чыккан Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үйү” Орусиянын атынан “Кинотавр” фестивалында көрсөтүлдү.
Тасма 19 жаштагы Асел аттуу кыздын аянычтуу жашоосун баяндайт. Кыскача айтканда, Асел энесиз өскөн, арактан көзү ачылбаган кишинин кызы. Эртеңи тууралуу ою жок, көкүрөгүндө кармап калар, байлап калар ыйык нерсеси жок, азыркынын тили менен аягы суюк кыз десе да жарашат. Айылда жигитинен боозуп, Султан деген наркобаронго турмушка чыгып, анын акчасын уурдап Москвага качып кеткен Асел ал жакта да жөн жүрбөй, көрүнгөн эркектин астында калат.
Эротикалык эпизоддор фильмде ачык эле көрсөтүлөт. Мындай эпизоддорду ачык-айкын көрсөтүүгө буга чейин бир да кыргыз режиссёру даабай келсе, Эген мырза бул жаатта төңкөрүш жасады. Мисалы, атасы эшиктин алдында сүрөт тартып отурса, Асел ошол эле жерде жыйылган чөптө жигити менен энеден туума болуп, онтогон кумарлуу үндөрү атасынын кулагына чейин угулуп турат. Аялуу жерин эптей албаган, билимге, жакшы жашоого умтула бербеген кызга кадимкидей ачууланасың, аяйсың.
Режиссёр кыргыздын турмуштан жолу болбогон айрым жеңил ойлуу кыздарынын образын Асел аркылуу кинодо чагылдырып берди, бирок бүт кыргыз элин жер каратты. Ошончолук эле чет өлкөдө жүргөн мигранттарга күйүп жатсак, жашоодон жаңылган жаштарга жол көрсөтүп, үлгү бере турган кино тартсак болбойбу? Учурда кинотеатрларда тынымсыз коюлуп жаткан бул киного жаштар дал ошол ачык тартылган эротикалык эпизоддор үчүн кызыгып барып жатышат. Кыскасы, Эгендин 600 миң еврого тарткан бул киносу кыргызга аброй алып келбеди.
"Бүткөн ишке сынчы көп" деген кеп бар. Алгылыктуу бир жумуш жасабай эле отуруп алып сындай бергендер көп. Бирок бул козголгон тема алардын катарына сыйбайт. Урматтуу кино жаратуучулар, оор турмуш, адамды жийиркенткен көрүнүштөр, аракечтик Кореяда жок дейсиздерби? Азыр жаштар түштүк кореялык кинолорду эмнеге баса калып көрүп жатышат? Балким, алар өз өлкөсүндөгү былыктарды, аракечтикти, сойкулукту эмес, ыйманды, улуу-кичүүнү сыйлоону, сүйүүнү, достукту туу тутууну айтып, тартып, көрсөтүп жатышканынан уламдыр?

Толик сынчы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
11.06.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы мен сизге толук кошулам, ээнсиреген уй жонундо жазгандарынызга. Эмне Кореяда баары укмуш дейсинерби? Бирок алар кинолорунда Кореяны укмуш кылып беришет, а биздечи, негизи бул режиссерго тушунуп болбойт экен. Ооба турмушта россияга кеткен же болбосо женил жашоо издегендер бар. БИРОК Аселдин денгээлине жеткен "МАНКУРТИЗМ" бизде жок! Башка улуттарга салыштырмалуу КЫРГЫЗ ЭЛИ меймандос, ак журок, ыймандуу, таза келебиз!
11.06.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул макаланын авторуна 100 % кошулам,туура айтылган сын,
11.06.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
салам . эмнеге чындыкка тике карабай баарын жакшы кылып корсоткунор келет.? турмуштун ак, карасы, жакшы,жаманы дайым бирге журот. ошол кинону тартып койсо эле кыргыздар ошондой болуп калабы?бул биринчи маселе.Экинчиси биз качан эле цивилизованный болуп кеттик эле? Муну менен кыргыз элин жаман коргозуш эмес мумкун адамдык касиетти коргозуу деп эсептеймин. арабызда жок деп ким кепилдик бере алат. араккеч, сел саяк, шуркуя ж.б мумкун ушундай кинолорду коруп жигиттерде намыс,кыздарда абийир болор
11.06.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ouma, Далил учун айтып берейин. Менин атам Россиядан окуган, анын мугалими (ростовдук) келип турат. 2000-жылы келип кеткен. Анан былтыр 2011-жылы бизге келди. Бизге сотовый телефон ала келиптир. (нокиа 1100) Анан биз колдонуп жургон сенсордук телефонду коргозсок, тан калып атпайбы, жапайыларда колдонгонду билеби деп. Анан ал агайы айтат Кыргызстандан Россияга (Ростов-на-Донуга) келгенде баардык тааныштарым келип сурайт, сага тийген жокпу, алар жапайы каракчыларда деп дейт, бизге
11.06.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай шылдындын кереги барбы? Алар бизди кир кийинген, эч нерсени билбеген (эми кинолорубуздагыдай) туркой элестетишет экен. Бизде ушундай койгойлор бар деп эле башка улуттарга шылдын болуп алып чыга берелиби? Мисалы Эгендин киносунан эмне тарбия алдыныз??????
11.06.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cалам ouma кеп кыргыздар ушундай кино тартса эле кинодогудай болуп калабы эмес...муну коргон чет элдиктер "аа кыргыздар ушундай турбайбы" деп ойлоп калуу коркунучундабы дейм да...элестетиниз сиз чет олкого чыгып алар менен баарлашып калсаныз "Силер сарайга кирип дагарага киринесинербиби?" деп сурап жатса...
11.06.2012. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luntik, Ооба киринем деп эле айтып журом, алар андан сени сыйлабай калышпайт. Копчулугуно сенин люксуз жашоон эмес , адамдык сапаттарын бийик. Канча жылдан бери батышта жашайм, бироо да устумдон ошол темада кулушкон жок.
11.06.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батышта деле оздорунун жаман жагын телевизорго чыгарып,корсотушот. Болгонду болгондой эле корсоткон жакшы да.
12.06.2012. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен макаланын максатын тушунгон жокмун. Жакшы кинолор сыяктуу эле жаман мааниси бар кинолор ар бир олкодо бар. Мен озум киноманмын. Ар бир калктын ар кандай киносу болот да. Мисал учун индустар биз кинодон коргондой кунуго ырдап бийлешет деп ойлоп атасынарбы? Белгисиз маршрут эн сапаттуу, мааниси терен кинолорго кирет. Тарбиялык мазмуну бар. Кыргызстанда ар бир жарандын эркин созго укуктуу бирок бул макалада жеке озунуздун оюнузду билдиргендей болуптур.
12.06.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин эжелерим парижге барып окуп калышып кыргызстандыкпыз десе эч ким тааныбайт дейт, анан эжем Ч.Айтматов десе француздар ааа жамилябы деп кыргыздарды тааныган экен. Бизди башка олколор Айтматов сыяктуу улуу инсандар деп билишет. Эми бул кинодон кийин кыргыздарды жапайы деп эле ойлосо керек. Бул чисто коммерциялык багытта тартылган кино, акча топтош учун эле, ал эми тарбия ала турчу, же бир он жагы бар эч нерсе коро алган жокмун. кечиресиздер, бул менин жеке оюм.
12.06.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинонун озунун тили болот, жогорудагы аты аталган тасмалар кино тилине жооп бере алат, анан киноискусствону билип билбей туруп эле сынчы боло бербегилечи, кинону дагы сындай турган кесип бар, кино сынчы (кино критик), сынайт десе эле мен сынчымын деп сынай берген туура эмес... Кыскача айтканда ар киминер о арабанарды тарткыла...
13.06.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BEKTUR AZHO, Кино критик эмессинер деп эле бир жолу суйлоо укугунан да ажыратып койгула эми. Мен да тушунбоймун эмнеге эле ушул сыяктуу жапайы корунушторду камтыган кинолорун жарыялашат. Менин башка улуттардан досторум бар ошолор менден сураган "силер дом дегенди билбейсинер кинолордо корсотот го таардан жасалган уйчолорду ошолордо жашайсынарбы"_деп.
13.06.2012. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
GUMU pikirine jana Tolik syn4y pikirine tooluk kowulam en tuura aitylgan syndar. Boz Kg elibiz ozubuzdu uwintip tarbi9lap tuura pikirlep anan da syndy tuura kabyl alyp ozubuzdu tarbi9lap kele4ektin jakwy joldoruna umtuluwubuz kerekpiz da
13.06.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NUR.DIM ал режиссерлор дагы жыргаганынан тарткан жок да, алар эл ушул окуяны коруп ойлонсун, Кыргыздар акча учун баарына даяр болуп калды деген ойду бергисикелип жаткандыр, алар башка жол менен болбосо дагы экран аркылуу эл учун куйуп, элге тушундуруп жатышат
15.06.2012. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура,режиссёрлор жыргаганынан тарткан жок.Эптеп акча табуунун айласы же кыргыз эли учун намыстанбагандар.Чет жерлерде кыргыз кыздар(баары эмес,арасында женил ойлуулары)башка улуттун эркек соройлору менен жаман жолдо жургондору ачуу чындык.Аны да ишенбесенер мына,-дегенсип Асел менен далилдеп кино кылып корсотуп жатышат.мындай кинолор башка элде деле тартылып жатпайбы,-деп жаман жагына эмес жакшы жагына атаандашсак жакшы болот эле.Кыргыз эли эзелтен каада салтуу,ыймандуу эл болгон.Анан эле
15.06.2012. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын жаман жактарын,тарбиялык мааниси жок кинолорду,эскилиги жетип шыбагы тушкон уйлорду тарта беришет.Айгул Шаршен кызынын тарбиялык мааниси жок китептери,куудулдардын сахнада колтугу согулгон жаман чапан,телпийген калпак кийип аткаргандары мени тойгозду.Ушулар кыргыздын жаман жактарын чукуп таап жазып,аткарышып кыйраттык деп маашырланышат го.Ушул кинолорду коруп отуруп жети омурум жерге кирип,зыбааным кайнайт
15.06.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Толик сынчыга толук кошулам.Ошол Бешкемпир жаны чыкканда теледен реклама кылышып жаткан.Анан бул кинону корууго кызыкканмын.Озум жаны келинмин.Кайнагаларым менен чогуу коруп баштаганда эле жанагы ылайдан жасаган кызды жаш балдар баягындай этип калбаспы.Жер жарылып мен кирип кетпедим.Ошо да кинобу?
17.06.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракка берилген адамды арак менен даарыласан боло турган ишпи? же андан ары алып барып жок кылабы? Албетте аны менен даарылап алыстатуу мумкун эмес. Ошол сынары кыргыздын жаман жагын чукуп тартып алып ушундан улгу алышсын дегендердин акылы кыска ондуу. Кыргыздын онолуусун кааласанар эн биринчи озунор онолгула. Озунор онолсонор анан кылган ишинер да онолот. айыпты чукуй берсен эч качан тугонбойт.
18.06.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshol koreilerdin da shumduktuu kinoloru bar korgon emessiner da serialda bashka oku9lar a kino tarmaginda oigo kelbegen nerselerdi tartishat
28.07.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир улуттун дуйного алып чыгаар жузу, сыймыгы болушу керек. а биз дуйного элине кайсы сыймыгыбызды коргозо алдык. киносынчыларга бир соз айткым келет,кинотасмаларда улуттун терс корунушун корсотуу менен анын адамдык эн асыл сапаттарына да басым жасаган корунушторду эмнеге коштурбайсынар.тасмаларда кыргыз инсанынын баардыгы кемпай корунуп тура берет.
17.09.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗ киносун коргондон уяаласын.балдарын менен отурсан абийирин кетет.Кордолгон кыз арака берилген эркек чалжандаган абышка кемпир же эрин минип алып сабап аткан аяалдар.Ушу да турмушпу дейсин.АЯАЛэркектин ортосунда сый урмат жок.Соо кыз жокпу деп коркосун.Чын эле кыргыз эли ушундай калкпы деп ойлонуп да кетесин.Кыргыз элинде деле жакшы адамдар коп.БАКТЫЛУУ адамдарыбыз да жок эмес.Атактуу адамдар суйкайган сулу кыздарыбызчы эркектен кем калбай машина минип ата энесин багып окумуштуу маданият
17.09.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туу корсон козун кубанат.Мен омурумдо эрин минип сабаган аяалды корбогом да укпагам.Аяалдарды каалаганынарча кордоп корсотосунор.Силерди да эне тороп остургон.Кыргыз элинин чыныгы азыркы жузун эмне учун бере албайсынар.Азыр копчулук элдер жетишкен.Озунордун денгелинерди кыргыз элине танулабагыла.Кыргыз эли бай маданиятуу мээрбан ак конул жайыл дарстокон которумчул калк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо