ЖАКЫНКЫ АРАДА МУНАЙ ЗАВОДУ ИШКЕ КИРЕТ

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Кытайлык мунай чыгаруучу “Жунда” компаниясынын Кара-Балтада тургузуп жаткан мунай заводунун курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Орусия менен Казакстандан Кыргызстанга чийки мунай алып келүүчү куур да орнотулат. Ал аркылуу жылына өтө турган 10 миллион тонна нефтинин 1-2 миллиону Кыргызстанда иштетилсе, калган 8-9 миллион тоннасы Ысык-Көл аркылуу Кытайга өтөт. Ошентип, Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланат.
Курулуш иши 2013-жылы май айында аяктап, августта ишке берилмекчи. Заводдун кубаттуулугу жылына 800 миң тонна мунайды иштетүүгө жетет. “Жунда” компаниясынын директорунун орун басарынын айтымында, заводдон өндүрүлгөн товарлар Борбор Азиядагы атаандаштыкка чоң салымын кошот. Ошондой эле миңдеген жергиликтүү калк жумуш орду менен камсыз болмокчу.
Кара-Балта шаарында курулуп жаткан бул заводдун курулуш иштери менен Өмүрбек Текебаев баш болгон “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары таанышып келишти. Өмүрбек мырза "заводдун курулушу менен экономикалык соода саясатыбыз жогорулайт" деп билдирди. Ал эми мунайды кайра иштетүүдө жылына 1 миллиард долларлык продукция өндүрүлөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(5)
18.06.2012. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи ишке кирсин анан коробуз! азырынча миллиарддарды эсептебей тургула!
18.06.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайга жедирип отуруп калабыз
19.06.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
неге 1-2% кыргызстанга калат? 50% калса болбойбу?
19.06.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurkadyr, 1-2 пайызы Кыргызстанга берилсе, калганы сатыкка кетет. Сатыктан түшкөн акчанын жарымы КГга, жарымы инвесторлорго. менин оюмча, жакшы эле иш
20.06.2012. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөжөнү күздө санайбыз....көрөбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо