«МАНАС АТАБЫЗ ЭЧ КАЧАН ЭЛДИ УРУУГА БӨЛГӨН ЭМЕС»

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

11-июнь күнү кандуу Июнь окуясынан эки жыл өттү. Бул күнү Ош шаарынын кире беришинде Манастын айкелинин ачылышы болуп, ачылыш аземге президент Алмазбек Атамбаев катышты. «Ошко мейманга келген конокторду Манас атанын тосуп алышы өзгөчө маанилүү. Анткени кыргыз эли эзелтеден жакшы бир иш баштаса да же жоого каршы аттанып жатса да «айланайын, Манас ата, колдой көр!» деп айкөлдүн арбагына сыйынган. «Манастап» ураан чакырып, сан колдон коркпой жоого кирген. «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» деп биримдиктин маанисин элибиз дайыма өзгөчө белгилечү. Кырк уруудан куралган кыргыз элин азыр да көрө албай, бутуна тура албай, чалынып жыгылса экен деген күчтөр көп. Ошолор бизди кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик кылып кайраштырып, ортобузга от жагып жатышат. Бизди кагыштырып, түндүк-түштүккө, облус-облустарга бөлүп, керек болсо айылдарга чейин бөлүп-жарганга даяр.
Ал эми Манас атабыз эч качан элди урууга, улутка бөлгөн эмес. Анын кан досу Алмамбет Кытайдан келсе, кырк чоросу кырк уруунун, ар улуттун өкүлдөрү болгон. Сүйүп алган жары Каныкей Букара ханы Темиркандын кызы Санирабига болгонун бардыгыбыз жакшы билебиз.
Манас атабыз Алтайдан Кытайга, Тянь-Шань тоолоруна чейинки көчмөн урууларын «кыргыз» деген бир элге бириктирип, ынтымакташтырып, бир туунун алдына чогултуп, зор мамлекет курган»,- деп Алмазбек Атамбаев айкөл Манастын айкелин ачып берди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(10)
18.06.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азия боюнча 2-орундабы?
19.06.2012. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой болуш керек
20.06.2012. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Манас ата ыйык. Бирок ага сыйынчудай ал Аллах эмес, колдой кор дечудой пайгамбар эмес. Унутпайлы ушуну !
21.06.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagy, ошол нерсени билбейт да копчулугу дагы тарыхты окуган кишилер. Кыргыз байыртан мусулман болуп келген.
22.06.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ээ мансаты айта берип жадатты го башка иш жокбу ! зу бар манасбы жок манасбы елки ! кыкендер бирин бири коралбай олтуруп кетишип жатышат Манасты да болгон эле болсо озубуздуку эле тынчытып койгон болуш керек
22.06.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колодо бар альындын баркы жоок ! Манастай эле канча жакшы инсандарды тычтытып койдук туугандар !
22.06.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элди улутка бөлүп-жаргандарды жек көрөм. Бай-кедей деп, кемсинткендерди жек көрөм. Манас эпосу бул өзүнчө эле сөз менен айтып бере алгыс өзүнчө "бүтүн ааламдагы чыгармалардын баарын бириктирип туруп" ушул Манас эпосуна кийрип койгондой болгон чыгарма. Уникальный шедевр. Анан Манас айткандар кыргыздарда эле бар экенине сыймыктанам, мактанам.
22.06.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында тургузулган Манастын эстелиги жакпады бирок Оштогу Манастын эстелеги аябай кооз курулган.Мында М.Мырзакматовтун чон салымы бар.
24.06.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MANAS kyrgyz elinin ideologiyalik baylgy birok estelik turguzganda oto kildattik menen izildep anan ornotso bolmak jol baw4iga kural jarak karmatiwtin emne keregi bar ele
24.06.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
манастын Москва шарындагы эстелиги кайсы паркта??? билсенер айтып койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо