№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
Түркия өкмөтү Бишкекте жана Ошто нан заводун куруу үчүн грант бөлүп берди. Заводдун курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин аяктайт. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, ал заводдон чыккан нандын баасы азыркыдан төмөн болмокчу. Анткени курулуп жаткан завод – муниципалдык. Завод 1 саатта 8000 нан бышырып, Бишкек шаарын эле эмес, Чүй облусун да камсыз кылат. Серепчилердин айтымында, заводдун курулушу нан бышырып, жогорку баада сатып жаткан жеке ишкерлерге атаандаштык жаратып, алардын продукцияларынын баасынын төмөндөшүнө алып келет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |