«КАЙДАН КЕЛГЕНИ БЕЛГИСИЗ АДАМ» ЖЕ АДАМДЫН ОРГАНДАРЫН САТУУЧУЛАР МЕНЕН КҮРӨШ

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Өлкөсү – Түштүк Корея
Чыккан жылы – 2010
Жанры – Экшн, триллер, боевик
Режиссёру – Ли Жон Бом
Продюсери – Ли Тэ Хон
Сценарийдин автору – Ли Жон Бом
Башкы ролдордо – Вон Бин, Ким Сэ Рон
Композитору – Сим Хён Жон
Тасманын узактыгы – 1 саат 59 мүнөт
Дүйнөлүк бет ачары – 2010-жыл, 5-август

БАШ КААРМАН ВОН БИН ТУУРАЛУУ

  • 1977-жылы 10-ноябрда Түштүк Кореяда төрөлгөн. Кесиби модель жана актёр. Режиссёр Ли Жон Бом фильмдин сценарийин 2009-жылы жазып баштап, үч айда бүткөн. Сценарийди кокусунан окуп калган актёр Вон Бин башкы каармандын ролун ойноо сунушун режиссёрго өзү киргизген.
  • Фильмдеги бардык трюктарды Вон Бин каскадёрдун жардамысыз аткарган.
  • Вон Бин таэквондо боюнча кара курдун ээси.
  • Вон Биндин буга чейин куралды пайдалануу боюнча тажрыйбасы жок болгондуктан, съёмкага чейин үч ай машыккан.

КИРИШ СӨЗ ОРДУНА...
Учурда киноиндустриянын очогу болгон Голливуд блокбастерлер жагынан теңдешсиз лидер. Бирок алардын деңгээлине жетүүнү каалагандардын саны жыл санап өсүп жатканы байкалууда. Соңку жылдардагы “Голливуддун блокбастерлери мазмундуулугун жоготуп баратат” деген сындар, балким, аларга күчтүү атаандаштык түзгөн чыгыш өлкөлөрүнүн кинематографисттеринин алардай болуп техникага эмес, фильмдин сюжеттик маңызына басым жасап жатканынандыр. Мына ошол атаандаштардын катарына кореялык блокбастерлерди да кошсок болчудай. Биз баян кыла турган тасма жарыкка чыкканына аз убакыт болсо да, көпкө эсине тутуп калган өз көрөрмандарын тапты. Анда сиздерге түштүк кореялыктардын “Кайдан келгени белгисиз адам” (“Человек из ниоткуда”) фильмин сунуштайбыз.

МУЗДАГАН ЖҮРӨКТҮ ЖЫЛЫТКАН СОМЕ
Чха Тхэ Сик – чакан күрөөкананын ээси. Табышмактуу, түнт Чха сырткы дүйнө менен байланышын эчак үзгөн, жашоого кызыгуусун жоготкон. Анын мындай бир сырдуу жашоо образын баары билишет. Кварталда жашагандар ага “Күрөөкананын ээси” деген лакап ат коюп алышкан. Ал кичинекей кошунасы Чон Соме деген кыз менен гана сүйлөшчү. Достору кызды “Таштанды салчу челек” деп аташчу, анткени кичинекей Чон Соме клубдарда стриптиз бийлеп акча тапкан жесир эненин кызы. Энеси клубда иштеп жүргөндө Чон Соме дүкөндөргө кирип, уурулук кылып тамак таап курсагын тойгузар эле.
Ушундай күндөрдө Чон Соменин апасы менен жигити клубдун такай кардары болгон баңгизат ташуучу адамдын товарын уурдап, чоң суммадагы акча иштемекчи болушат. Бирок алардын планы таш каап, бул бизнес менен алектенген кримдүйнө өкүлдөрү экөөнү тең издеп таап, көзүн тазалашат. Апасын кыйнап өлтүрүп, органдарын сатып жиберишет да, кызы Чон Сомени органдары жетилгиче күтмөй болуп, майда кылмыштарга үйрөтүп, иштете башташат. Чха Тхэ кичинекей кызды куткаруу үчүн бүт күчүн жумшайт. Окуянын жүрүшүндө табышмактуу күрөөкана ээси мурун улуттук коопсуздук кызматынын тыңчысы болуп иштегени, душмандары аялы кош бойлуу кезинде өлтүрүп кетип, өзүнүн да өмүрүнө кол салгандары белгилүү болот. Сомеге жардам бергенинин себеби да дал ушул жашоосундагы жоготууларга байланыштуу. Анын муздаган жүрөгүнө жылуулук тартуулаган Сомени карап, аялы менен кошо төрөлбөй жатып өлгөн баласын эстейт. Фильм соңунда Чха Тхэ бардык душмандарды жеңип, кичинекей досун аман куткарып чыгат.

ПЛАНЕТАНЫН КӨЙГӨЙҮНӨ АЙЛАНГАН ТЕМА
Адатта триллер жанрында биз литрлеп куюлган канды, ар тараптан атылган окторду, жырткычтай сүрү бар адам өлтүрүүчүлөрдү жана ырайымсыз каармандарды элестетебиз. Бул тасма жогорудагы далилдерге катар эле корей элинин улуттук колоритин сактап калгандыгы менен айырмаланат. Фильмде учурда планетанын көйгөйүнө айланган баңгизат ташып иштеген кримдүйнө өкүлдөрү жана адамдардын органдарын саткан кылмыштуу топтор тууралуу окуялар кеңири чагылдырылган. Жогорудагылардан тышкары фильм эмоцияны толкуп-ташыткан экшн-сценаларга бай. Кээде ыйлап, кээде ачууланып, кээде аяп жатып фильмдин аягына чыгасың.

ИЙГИЛИКТЕРИ
Тасма сатыкка чыккандан аз убакыт ичинде эле Түштүк Кореяда 2010-жылдын эң ийгиликтүү фильмдеринин бири боло алды. 2010-жылы корей киносунун сыйлыгын тапшыруу аземинде мыкты актёр, актриса, оператордук иш, музыка, визуалдык эффект жана монтаж боюнча наамдарды илип кетишкен. Мындан сырткары сатыкка чыккан күндөн тартып 5 жума катары менен билет сатуу боюнча лидерликти эч кимге берген эмес. Жалпысынан август айынан ноябрга чейин 6 228 300 билет сатылган.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
18.06.2012. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay jakwy kino.von bin ozun rolun 4yndygynda jakwy oynogon. bul kinogo +55555555
18.06.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен...
18.06.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жакшы көрүп калган 10 тасмамдын катарына кошулду! Менин да ушундай кошунам болсо...))
18.06.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы фильм...
18.06.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча кандай аталат бул кино кайдан корсо болот
18.06.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boris8907, The Man from Nowhere... мындай аталат орусчасын билбейм...
19.06.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boris8907, "Человек из ниоткуда" деп аталат Яндекстен издеп таап корсон болот..
18.06.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mownyi film
19.06.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
офигительный фильм
22.06.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аттары еле укмушко
22.06.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba sonun kino korsonor boorun ooruit oto glabalduu temanyn ystyndo iwtep chykkan azamat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо