№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
Футбол
Басма сөз кеңселеринде же маалымат жыйындарында жолуккан журналисттер менен өкмөт мүчөлөрүн футболдук майдан кездештирди. 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо КРнын Өкмөтүнүн курама командасы менен журналисттердин курама командасы футбол боюнча жолдоштук оюн өткөрдү. Беттештер 30 мүнөттөн 2 тайм болду. Журналисттерге каршы майданда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев, Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов, УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов жана башка аткаминерлер болушту.
Оюн баштан аяк тең ата күчтө жүрүп, 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Сүйлөшүүлөр менен уюшулган оюндардан кийинки пенальтилер сериясында журналисттер 6:4 эсебинде утуп алышты. Беттештен кийин демөөрчүлөр: “Билайн”, “Кока-Кола” жана “Демир Интернэшнл Банк” оюнчуларга өз сыйлыктарын тапшырышса, “жеңүүчүлөрдүн” урматына атайын ыр-бий менен коштолгон салтанат болду. “Элди сергек жашоого жана спорт менен достошууга чакыруу аракетин көрүүдөбүз. Мындай жолдоштук оюндар салтка айланса”,- деген тилегин билдирди өкмөтчүлөрдүн чабуулчусу, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов. Ооба, элди пикет үчүн эмес, футбол көрүү үчүн да чогултса болот экен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
_