№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
2011-жылы Башкы прокуратура журналист-блоггер Владимир Фарафоновдун үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Бул аптада мунун айынан Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кайым айтышуулар болуп, чыр барган сайын ырбап жатат.
"ФАРАФОНОВ СОТТОЛСО, ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫ КУУП ЧЫГАБЫЗ"
Азыркы учурда журналист Владимир Фарафоновдун үстүнөн сот иштери уланууда. 19-июнга белгиленген кезектеги соттун отурумуна айыпталуучу келген эмес. Анын адвокаты Владислав Лужанскийдин айтымында, Фарафонов чет өлкөгө чыгып кетиши мүмкүн.
Орусиянын депутаты Владимир Жириновский бул ишке кийлигишип, өзүнүн пикирин айтуу менен дүрбөлөң салды. "Журналист Владимир Фарафонов эгер сот жообуна тартылса, анда кыргыз мигранттарын Орусиядан чыгарууну талап кылабыз" деген Жириновскийдин сөзү такыр баштарга таасирин тийгизип, кыргыз мигранттарына чабуул күчөшү ыктымал.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы "Владимир Фарафоновдун интернет-сайттардагы макалаларында улут аралык кастыкты козуткан маанай бар" деп билдирген.
"ЖИРИНОВСКИЙ БИЗДИН САЯСАТКА АРАЛАШПАСЫН"
Жириновскийдин сөзү октой тийгенби, экс-президент Роза Отунбаеванын тушунда Президенттик аппараттын жетекчиси болуп турган Эмил Каптагаев: "Жириновскийдин билдирүүлөрүнөн кийин Владимир Фарафоновдун артында Орусиянын саясий күчтөрү турганы белгилүү болду. Депутаттын "Кыргызстандагы орус тилдүү тургундардын абалы тууралуу жазган Фарафонов айыпсыз азап тартып жатат" дегени абдан кыжырымды келтирди. Владимир Фарафоновдун жазган материалында Кыргызстанды, кыргыз элин ачык-айкын каралап, кыздарын сойку дегени бар. Андан сырткары "Ош окуясында кыргыздар өзбектердин башын кесип, топ кылып ойношкон" деп жазган. Качан эле кыргыздар ушинтти эле? Бул макаласы менен Фарафонов ачык эле өлкөдөгү улут аралык чыңалууну күчөтүп жатат",- деди. Ошондой эле Каптагаев Жириновскийге биздин саясатка аралашпоосун, андан башка деле бизде саясатчы-маскарапоздор жетиштүү экенин айтты.
ФАРАФОНОВ КЫРГЫЗБЫ?
Эмил мырза өткөрүп жаткан маалымат жыйынга укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да кирип келип, "бул иш боюнча Жириновскийге мен кайрылгам" деп чыкты. "Бүгүн Фарафоновдой эле каалаган адамдын компьютериндеги материалдар боюнча жоопкерчиликке тартса болот. Бийлик адам укуктарын эске албай, тоталитардык мамлекет кургусу келет. Фарафонов макалаларында "биз, кыргыздар" деп жазган. Демек, ал – кыргыз",- деди Үмөталиева.
Эске салсак, мамлекеттик айыптоочулар журналист Фарафоновдун материалынан улуттун намысына шек келтирген 70 эпизод табышып, мындай ишке баргандар жок дегенде 210 жылга түрмөгө кесилерин билдиришкен болчу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ар дайым эле чон чон кит, акуланы торго илбей, артында калган майда балыктарды кармайсынар!
Алар болсо, бир аз болсо да чындык орноп калмак.