«ЭЭНСИРЕГЕН ҮЙДӨГҮ» КААРМАНДАРДЫН ЖЫЛАҢАЧ ЧЫНДЫГЫ

№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.

Учурдун эң көп талкууга алынып жаткан тасмасы – Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үйү” болду, сыягы. Бул кинонун жаратуучусун айрымдар ашата сөгүшсө, кээ бирлери «кашкайган чындык» деп макташты. Ал эми андагы каармандар болсо, андан эки эсе күчтүү сынга кабылышты. Анда назарыңыздарда ызы-чууну жараткан аталган тасманын баш каармандары – Атай Өмүрбеков менен Марал Койчукараева.

Марал Койчукараева: “Ролумдан чыга албай жүрөм”

– Марал, айтсаң, “Ээнсиреген үй” тасмасынан эмне таптың?
– Бул менин алгачкы жараткан ролум болгондуктан, өзүмө тажрыйба топтодум. Бир гана кино жаатында эмес, чыгармачылык жактан да. Мендей студент кызга ушундай деңгээлдеги адамдар менен иштешүүнүн өзү эле кандай сыймык. Баары бир москвалыктар башкача келишет, алардын дүйнө таанымы, деңгээли, иштөө сапаты башка эмеспи. Ушулардын чөйрөсүнө кошулганымда укмуштар дүйнөсүнө түшкөндөй эле болдум. Экинчиден, эл көрдүм, жер көрдүм. Кичинемден берки кыялдарымдын бири Парижге баруу болчу. Кинону тартуу учурунда ал шаарды да көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алдыда фестивалдар аркылуу дагы көп чет өлкөгө чыгабыз деп турам.

– Өзүң жөнүндө кеп козгосок, кичи мекениң кайсы жер?
– Мен 1990-жылы 25-январда Ош шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөбүз менен Кыргызстандын ар кайсы жеринде көчүп-конуп жашачубуз. Караколдо, Кара-Көлдө, Бишкекте андан кийин Орусиянын Омск шаарында да жашап жүрдүк. Учурда “Манас” университетинде 2-курста окуйм, буюрса, болочоктогу врач-ветеринармын.

– Азыр сенин ролуң катуу сынга алынып жаткан мезгил...
– Дарегиме айтылган сындардын баарын кабыл алам. Ал менин эртеңки күнүмө тажрыйба. Эгер ал сын жүйөлүү болсо. Мен адаммын да. Сын качан адамга жакчу эле? Баарына жага берүү да мүмкүн эмес. Сөзсүз бир тезиске антитезис чыгат. Эгер бирөөгө жакпасам, ал анын укугу. Адамзаты ушундай экен, кемчилигимди бетиме айтпай, артымдан башка, ТВдан башка сүйлөгөн адамдарды да кезиктирдим.

– “Ээнсиреген үй” сыяктуу тасмага сунуш түшсө дагы тартылат белең?
– Окуума тоскоолдук жаратпай, убактым төп келсе, тартылмакмын.

– Сени “кыргыз киносунда алгачкы жолу уяттуу эпизоддорду аткарып эрдик кылды, төңкөрүш жасады” деп да айткандар бар...
– Буга чейин кыргыз кинолорунда Наталья Аринбасарова, Шайыр Касымалиева деген актрисалар революционер болсо керек, бирок алардын сахналары өнөктөшсүз тартылган. Жалпы ролум боюнча көп сынчылар, актёрлор “жакшы ойнодуң” деп айтып жатышат. Бирок мен канчалык даражада төңкөрүш жасаганымды айта албайм, ал башка адамдарга жакшыраак байкалса керек.

– Биздин гезиттин 10 жылдыгына арналган футболдук таймашта “Театр” командасына күйөрмандык кылып отурбадыңбы, ошондо фильмдеги өнөктөшүң Атай Өмүрбеков менен көк майсаңда кыз-жигиттерче кучакташып жүрдүңөр. Жашоодо да кыз-жигитсиңерби?
– Ал жөн эле адат го дейм, ролумдан чыга албай жүрөм. Сыягы, өнөкөт болуп калган окшойт (күлүп). Атай экөөбүз жакшы достордонбуз, мен антип “красавчик” Жони (актёр Улан Султангазиев) менен деле кучакташа берем. Жигитим муну окуп калса, таарынат да эми. Эгер ал жөнүндө айтып калсам, биринчи силерге билдирем, ээ?

– Мейли. Кайсы ачык эпизодду аткаруу кыйын болду?
– Эң ачык эпизодду Болот Тентимишев менен аткаруу кыйын болду. Ошондо коркпогон жаным корктум десең, анан да ал образын мыкты ойноду, “аж, мне от него противно было”. Эмнеси болсо да профессионал актёр эмеспи. Мага жардам берип, мени уялтпаганга аракет кылды. Атай менен теңтуш катары хи-хи-ха-ха деп эле аткарып койгонбуз. Уяттуу жерлерин аткаруу профессионал актриса болбогондуктан же турмушка чыга элек болгондугум үчүн оор эле болду. Нурбек Эген “Марал – революционерка!” деп тамашалап көңүлүмдү көтөрүп турду.

Атай Өмүрбеков: “Мен өзүмдү эчак жеңгем”
– Атай, салам, алгач кепти өзүң жөнүндө баштасак?..
– Жакшы, мен 1985-жылы 24-апрелде Панфилов районунун Вознесеновка айылында төрөлгөм. Бишкекте чоңойгом. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрдук бөлүмүн окуп бүтүрдүм. “Ээнсиреген үйгө” чейин Чүй облустук театрында, Кыргыз драма театрларында актёр болуп иштеп жүрдүм.

– Кантип Нурбек Эгендин тасмасынан роль алганга жетиштиң?
– Театрдан чыгып баратсам, эшикте Назым Мендебаиров деген байкебиз Алмаз деген киши менен сүйлөшүп туруптур. Мени чакырып “мобул байкең кино тартып жатыптыр, фотопробага келип көрбөйсүңбү?” деп сунуштап калды. Макул болуп барсам, актёрлор толтура экен “ээ,мага кезек жетпейт го” деп кетип калгам. Эртеси келип фотопробадан, андан кийин видеопробадан өттүм. Москвадан Алмаз байке чалып “өттүң” дегенде ичимден жыргап-жыргап алгам, эч кимге сыр билдирбей.

– Сценарийин окугансыңбы?
– Жок, бизге толук сценарийди окуткан эмес. Жөн гана бөлүп-бөлүп берген кагаздагы сценарийди эле окуп жаттык.

– Тасмадагы каарманың түшүнүксүз адамдай... Бир карасаң сүйлөшкөн кызын сүйөт, анан эле Аселди күйөөсүнө кармап берем деп Москвага келип калат...
– Автордун идеясы боюнча, менин ролумдагы Марат – айбан сыяктуу эле адам да. Абдан өзүмчүл, анда “жок, сен бул баланы төрөйсүң, биз үйлөнөбүз, Султанды урганым жок!” деп айта турган эркектик чечкиндүүлүк жетишпейт.
– Марал экөөңөр аткарган уяттуу эпизоддорго сындар ой да жаады го дейм...
– Эми бул нерсени ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт. Мен аны эчак жеңгем. Мен – актёрмун, бул менин кесибим, мен аны менен жашайм, акча табам. Мындан Марал көбүрөөк жапа чекти. Кыз киши эмеспи, "кызга кырк үйдөн тыюу” деп кыргыздар билесиң го “иий, бети жок” деп эле сөз таратып жиберишет. Марал – чыныгы жашоодо абдан шайыр, ак көңүл кыз. Жанагыдай эпизоддорду тартып жатканда кадимкидей буркурап ыйлаган.

– Тасманын дарегине айтылган терс пикирлерди да уксаң керек?
– Эң негизгиси, кино эч кимди кайдигер калтырган жок. Же жамандап жатышты, же мактап жатышты, ортодо эч ким калган жок. Бул биздин жеңиш деп ойлойм.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -7 
Комментарийлер(178)
29.06.2012. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудайга тобоо, бул кинону мактап жазгандар да бар экен, оздорун "Современный" сезген адамдар болсо керек ошолор.Биздин менталитетке таптакыр туура келбейт, ыйманыбыз кайда калды? Батышты туурап кино тартса Кыргызстан онугуп кете тургандай сезилген го Нурбек Эген агайга. Ыйманыбызды сактабасак биз эч качан онукпойбуз, анткени биз мусулманбыз. Болуп эле жаткан корунуш деп кино тарта берсе...анда Педофилдер жонундо да кино тартышсын, бул да болуп жатпайбы. Мына ошондо элдин ою кандай озгорот эк
29.06.2012. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы кино.сразу эле культурный болуп кетесинерда,качан онугобуз ушинтип эле баштала берсе биз да онугобуз да,кечке эле ушинтип уядып журо бербей.башка мамлекеттерде да корсотсо жакшы болмок,ушундай кинолорду кобурок тартса кутуп кормокмун.жакшы дагы ушундай кинолорду кутобуз сиздерден.
30.06.2012. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayman9309, Атына затынды жараштырып жазсан болмок.Сен дагын шондой кинолорго тартышса бул турушунда тартыласын го ээ ботом.
12.07.2012. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aelinaaa, Родители, смотрите за своими детьми,
Ведь они подзабыли, что у них есть вы.
Ваши дочери курят, ваши дочери пьют,
Теряют невинность, в разврате живут. Тата Улан
12.07.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayman9309, Первое то, что я должен сказать,
Это дети наши не могу я молчать.
Извращенка Европа извратила нас всех,
Рекламируя секс доступный для всех.
Защищая права сексуальных меньшинств,
Увеличивает массы аномальных единств.
А их женщины, ужас, разучились рожать,
Эй вы, малолетки, хорош повторять!
Ваши голые пупки раздражают меня,
Тата Улан
12.07.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayman9309, Наши мудрые обычаи называют дикостью,
А в замен предлагают заниматься низостью.
Но у них нет культуры национального стиля,
И нас называют страной третьего мира.
Я хочу вам сказать, господа интервенты,
Руки прочь от народа, палачи, спец агенты!
29.06.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бирок, мындай тасмаларды тартууга мүмкүн эмес дегениңер менен, ал деген алардын кесиби да! Эми азыркы заманда ар ким өзү билет экен!
29.06.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне сен (yman9309) эротика тартсан өнүгөсүңбү?
30.06.2012. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын менталитетине туура келбеген жат корунуштор.Мусулмансынарбы же капырсынарбы,бул дуйнонун жыргалын ойлоп,бирок кийинки дуйно азабын тартышты ойлобопсунар.Женил ойлук м.н тартылган кино экен.Уят ээ.Намыс деген нерсе жокко силерде.Баарынарга жаратканым ыйман берсин.
30.06.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кинону качан кайдан короалабыз
30.06.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен мусулман элбиз, биздин менталитеттерге мындай нерсе туура келбейт дегенибиз менен маданияттан артта калдык, качанга чейин тушунбой келебиз бул нерселерге, кинону коро элекмин го бирок кандайдыр бир он таасир беруучу жактары бар болсо керек, ал жерде ушундай кылса боло берет деген да жагы болбосо керек, мен озум бул профессияга жакын деле адам эмесмин бирок исскуствону суйуучулорго кирем, коргусу келбегендер корбой эле коюшсун, ал эми коргондор маансин алсын демекмин достор....?
30.06.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kuni чын эле бул кинону корсон мага да айтып койчу :)). Исскуство бул жан дуйнонун мээрими!
30.06.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Атагын чыкпаса жер өрттө"! Деген макал бар эле . Эми анын жаны айтылышы . "Атагын чыкпаса , кинодо баланын астына жат"! (Кыздарга атылышы). ((( Марал аны аныктап берди, деп айтсам эч жанылбайм!
30.06.2012. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энеси эмне деп жатат экен таанышштаары кошунаалары .кудай сакта
01.07.2012. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реклама кылгандан кийин ,специально ошо жыланачтарды кором деп баргандар да бар да тооба!
01.07.2012. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элибизде коптогон жазуучу агаларыбыз бат алардын чыгармалары китеп турундо гана элге таанылып келет.Эмне учун ошол чыгармаларды киного айландыра албайбыз.А эротика жаратууга биринчи оорундабыз.Ушундай фильмдердин ордуна кыргыз элибиздин тпрыхын маданиятын чагылдырган фильм жаратсак жакшы болмок беле.
01.07.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурбек Эген революция деген эмнени тушундурорун билет бекен. Революция бул адам жашоосун башка нукка жакшы жаккка буруу дегендик. Батышты туурап, аран турган кыргыз мендигине революция кылбай эле булук салып жатпайбы, коросунор эми эртен жаандан кийин чыккан козу карындай болуп биринин артыныа бири жайнап чыгат порно фильмдер ошондо ушул революцияны сен баштаган болосун. Жок биздин менталитет башка аз да болсо бизде намыс,ар , уят бар кичине калган жакшылыгыбызды жула тартып калп койгойдун астын
01.07.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
басып, былгытып бузуп жатасын. Мен ал кинону коруп жатып аябай ичим муздады, журогум айланып кетти.Сундук предков денен кинон да бир башты айланткан кино. Андан коро ыйманга чакырар кино тартпайсынрбы. Жаманды жамандай берсе омуру ал онолбойт. Жаманды жакшыга жандап басат.
01.07.2012. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр биздин деле кыргыз кыздар,оз каалаганын кылып калган уйлонгондон коркосун,аны мойунга алыш керек
01.07.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу ыйман берсин. Кыргыз эли эмне болуп баратат деги. Кыз озу деле ойлонуп коруп анан тартылса болмок. Ошо кинону коргон балдар катип анан ошо кызды алмак эле.
02.07.2012. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого сын тагайын деген ойум жок, бирок мындай тасманы ким кандай кабыл алат болду экен!!! Кореянын кинолорун коруп суктанасын уят, семя, ата-энесин кантип сыйлашат тарбия болотурган эпизоддору аябай коп ошолордон улгу алсак жакшы болмок
02.07.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Кыргыздар эмнеге кинону ушндай тартабыз эмне Озбектерден кем жерибиз барбы.Карагылачы кандай сонун тартат уй-було мененде коркпой коросун бизчи ке бир кинолорубыз коралбайсын чыгып кетишке же турдурушко тура келет патриоту кинолорду тартсак жакшы болор эле Манасты жан башка
02.07.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Уят, каапыр, менталитет" деп жаткандарга айтаарым: силердин бут жашоонорду ушинтип киного тартса корот элек канчалык "ыймандуу" экенинерди. Озунордун баскан жана баса турган жолунарды ойлоп ана суйлогуло. Азыркы заманда болуп жургон корунуш бул, асмандан алып еч ким кино тарткан жок.
06.07.2012. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarim, Сага кошулам, абдан туура айттын, бирок "ошондой" жерлерин кичине "кагазга ороп" тартып койсо аябай сонун болмок! Кино жакшы тартылган, актерлор да мыкты аткарышкан! Эми КУДАЙ ыйман берип режиссерлорубуз КЫРГЫЗДЫН менталитетине жараша кино тартса экен!
02.07.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок эмне дешимди да билбей калдым.
04.07.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энесин, бир туугандарын тируулой комупур го экоо тен. Булардын тааныштары таанышымын дегенден да уялат болуш керек
18.07.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок
25.07.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5
29.07.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфируллох!!!кантип Нурлан Эген,Марал,Атай жер бетинде басып журот.режиссер подвиг жасадым деп журот го,тескерисинен Европадан да ыйманы томон экенин билбей.Озу болсо мейли го ,жада калса Кыргыздарды бут жагынан уят кылды.оз улутун жаман корсотуп,андан тушкон арам акчага кантип бети чыдап нан жеп журушот.Тентимишев авторитетин тушуруп алды го профессионал деп журсом.."профессионалдыгын корсотту"
29.07.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу менен кошо ата- энесинин тозокко тушушуно себепкер болот го чиркин.. бул кинону кинотеатрларда корсотууго тыюу салдыргандарга кооооп сооп жазылса керек..Кыргызстан жонундо чет олколордун жаман ойлору кобойо электе кеч боло электе токтотуп салалы, жогорку жакта отурган адамдар!ОЙГОНГУЛА!
30.07.2012. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таккыр маанисине тушунгон жокмун.бир кырдуу маани жок,тарбия деп коет,кайдагы тарбия!даана уят го,ужасс!!!!бираз камерадан ары эле,бирок ошону тушундурчу бирдеме кылып койсо болбойбу не,созсуз эле бут баарын ачык коргозуш керекби,уяяяяят!!!!
30.07.2012. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кино корсо болот
25.08.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кинону коруп жаш балдар тарбия алабы??? муну баары корот кагазга ороп тартыш керек.
03.09.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuppizm emne oi mn tartylgan film? kyrgyzstandyn kaisy jerinndegi jashoo dep aityyga bolot? men ayilda oskom al jakta myndai jok ozubuzdu kalp ele bashkalarga mazaktai berebizbi idioty
28.12.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыргыз эле болгону жакшы.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо