САМСА БИЗНЕСИ

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

“Ак эмгек майды чайнатат...” дегендей, бизнес аркылуу акча табуунун ар түрдүү жолу бар. “Алма, быш, оозума түш” деп отура берсең, базар экономикасынын агымынан четке сүрүлүп каларың бышык. Бүгүн сиздерге самса бизнеси менен эки жылдан бери алектенип, анын сырын жакшы билип калган Наабат Сырдыбаевден маалымат сунуштайбыз. Бул иштен түшкөн пайда канча? Көппү же азбы, карап көрөлү.

ТАНДЫР САМСА
Самса жасап сатуу үчүн анын кандай түрүн даярдайбыз, алгач мына ошону аныктап алуу керек. Наабат мырза самсаны тандырга бышырылуучу, уйдун этинен даярдалган пармуда түрүн жасап келет экен. Бул чакан самсаканада күнүнө 150 даана самса чыгат. Эми алгачкы кадамды самсаканага кеткен чыгымдардан баштасак.

Чыгымдар: Бышырууга жана сатууга коомдук жайдан орун үчүн ижара акысы 15 миң сомду (1 айга) түзөт.
Бир күндө 150 самса даярдоого керектелүүчү азыктар Камырга:

  • 10 килограмм ун – 152 сом (1 кап ун 760 сомдон алынат)
  • 200 грамм өсүмдүк майы – 20 сом (1 литри 100 сомдон алынат)
  • 8 даана жумуртка – 28 сом (1 даанасы 3,5 сомдон дүңүнөн алынат)
  • 300 грамм туз – 6 сом (1 килограммы 20 сомдон)
  • Суу – 4-5 литр

Жалпы – 204 сом (1 айда 6120 сом)

Фаршка:

  • 4 килограмм эт – 1200 сом (уйдун сулп этинин 1 килограммы 300 сомдон алынат)
  • 3 килограмм ич май – 450 сом (уйдун ич майынын 1 килограммы 150 сомдон)
  • 6 килограмм пияз – 180 сом (1 килограммы 20 сомдон)
  • 200 грамм туз – 4 сом (1 килограммы 20 сомдон)
  • 200 грамм кара мурч – 36 сом (1 килограммы 180 сомдон)
  • 200 грамм зире – 56 сом (1 килограммы 280 сомдон)

Жалпы – 1926 сом (1 айда 57 780 сом)

Бышырууга:
12 килограмм көмүр – 112 сом (1 кап “Кара-Кеченин” көмүрү 450 сомдон)

Жалпы – 112 сом (1 айда 3360 сом)

Жумушчулардын эмгек акысы:
Сатуучуга күнүнө 200 сом, ал эми самса жасаган адамга 750 сом (1 даана самсага 5 сом) төлөнөт.
Жалпы – 950 сом (1 айда 28 500 сом)
Ошондо бир күндө 150 самса чыгарууга жалпысынан 3192 сомду түзгөн каражат сарпталат (1 айда 95 760 сом). Мында 1 даана самсаны чыгарууга 21 сом 28 тыйын жумшалат. Ал эми кардарларга 1 даана самса 30 сомдон сатылып, 150 даана самсадан күнүнө 4500 сом пайда түшөт (1 айда 135 000 сом).
Эми жалпы чыгаша жана таза киреше канча болорун билүү үчүн бир айга эсептөө зарыл. Күнүнө 150 даана самса чыгарылса, ал бир айда 4500 даана самсаны түзөт.

Самсага сарпталуучу жалпы каражат – 95 760 сом
Ижара акысы – 15 000 сом
Жалпы чыгым – 110760 сом
Киреше – 135 000 сом
135 000–110760=24 240 сом таза киреше

Самсакананы ачууга тандыр керек. Ичинин сыйымдуулугу 100 даана самсалык тандыр 4000 сом турат.

КАТТАМА САМСА
Ал эми учурда көпчүлүк тандырдын ордуна микротолкундуу мешти колдонуп, каттама самса жасап сатып келишет. Жогорудагы тандыр самсасын эсептегендей мунун да чыгаша жана кирешесин эсептеп көрөлү. Мында 1 килограмм ундан 25 даана самса даярдалат. Эмесе, биз 150 самса деп алалы.

Чыгымдар: Бышырууга жана сатууга коомдук жайдан орун үчүн ижара акысы 1 айга 5000 сомду түзөт .
Бир күндө 150 самса даярдоого керектелүүчү азыктар Камырга:

  • 6 килограмм ун – 91 сом (1 кап ун 760 сомдон алынат)
  • 900 грамм каймак май – 202 сом (1 килограммы 225 сомдон алынат)
  • 6 даана жумуртка – 21 сом (1 даанасы 3,5 сомдон дүңүнөн алынат)
  • 300 грамм туз – 6 сом (1 килограммы 20 сомдон)
  • Суу – 1,8 литр

Жалпы – 320 сом (1 айда 9600 сом)

Фаршка:

  • 6 килограмм эт – 1800 сом (уйдун 1 килограмм сулп эти 300 сомдон алынат)
  • 1,2 килограмм ич май – 180 сом (уйдун 1 килограмм ич майы 150 сомдон)
  • 6 килограмм пияз – 180 сом (1 килограммы 20 сомдон)
  • 200 грамм туз – 4 сом (1 килограммы 20 сомдон)
  • 200 грамм кара мурч – 36 сом (1 килограммы 180 сомдон)

Жалпы – 2200 сом (1 айда 66 000 сом)

Бышырууга:
Мында самсаны бышырууга микротолкундуу меш колдонулгандыктан, электр энергиясына кеткен чыгымды эсептейбиз. Бир салганда 20 даана самса баткан 1200 ваттык меш саатына 1,2 кВт электр тогун сарптайт. Ал эми самса 25 мүнөттө бышат. 150 самса бышырууга 7,5 саат жана 9 кВт/саат электр тогу жумшалат. Мында 1 кВт электр жарыгы ишканалар үчүн 1,32 сомдон каралган. Ошондо меш үчүн 11,88 сом кетсе, мындан сырткары лампа жана суу ысытууну кошкондо жалпысынан күнүнө 15 сомдун тегерегиндеги акча сарпталат (1айга 450 сом).

Жумушчулардын эмгек акысы:
Сатуучуга күнүнө 200 сом, ал эми самса жасаган адамга 300 сом төлөнөт.

Жалпы – 500 сом (1 айда 15 000 сом)
Ошондо бир күндө 150 самса чыгарууга жалпысынан 3020 сом акча каражаты сарпталат (1 айда 90 600 сом). Мында 1 даана самсаны чыгарууга 20 сом 13 тыйын жумшалса, ал эми кардарлага 1 даана самса 25 сомдон сатылып, 150 даана самсадан күнүнө 3750 сом пайда түшөт (1 айда 112 500 сом).
Эми жалпы чыгаша жана таза киреше канча болорун билүү үчүн бир айга эсептөө зарыл. Күнүнө 150 даана самса чыгарылса, ал бир айда 4500 даана самсаны түзөт.

Самсага сарпталуучу жалпы каражат – 90 820 сом
Ижара акысы – 5 000 сом
Жалпы чыгым – 95 600 сом
Киреше – 112 500 сом
112 500–95 600=16 900 сом таза киреше

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Самсакана ачууну каалайсызбы? Анда бул кеңештер сиз үчүн

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
30.06.2012. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рахмат жасагандарга анан чыгашаларын туйшукторун эсептеп келсек кирешеси аздайго берекесин берсин кантседа ошол береке болот
SUPER.KG видео
30.06.2012. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жегим келип кеттии ))))))))))))))))))))
SUPER.KG видео
30.06.2012. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagyndym Samsyny, kan4adan beri jei elekmin ozgo4o Tandyr samsy mmmm jegini keltirip bywyryp berdigo...Kyrgyzstanym ele jakwy Samsy, manty, Plov eh kaisynysyn aitaiyn .... emkide Bew Barmak jazap bergile4iiii
SUPER.KG видео
30.06.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шилекейин агатко
SUPER.KG видео
30.06.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aran ele turgansinar go baikuwtar ,jarila albai!?synatyp oturguzup ele kouwsa silerdy!
SUPER.KG видео
30.06.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ош базардаго бул самсыны жеп коргом анча эмес Улуу Кыргызстанга жетпейт ишенбесенер жеп коргуло барып
SUPER.KG видео
01.07.2012. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korup butkucho tigi balany korup ollo ysyp kettim..jayinda kalyn kiyinip alip ottun ichine 100 jolu kirip chaptap chikti baykush..
SUPER.KG видео
01.07.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыл аке берилип ишин жасайт экен,мага жакты :) ишинизге ийгилик!
SUPER.KG видео
01.07.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар ким озунун мээнетинин узурун корсун,ийгилик.бул жумушту бизге устуртон айтып отконго женил корунуп жатат,жасап келгенде канча туйшугу бар.
SUPER.KG видео
01.07.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iiii korup alpy aran ele kaldym 4egim kelip
SUPER.KG видео
01.07.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЭЭЭЭ Барибир Ноокаттын самсасына жетбейт
SUPER.KG видео
02.07.2012. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде суйундум ак эмгектенет экен кыргыз туугандардын самса жапканын эми корушум ишине кудайым ийгилик берсин бисимилаххир рохманир рохийм деп баштаганына ыразы болдум ушинтип онуксок болот жигитке 70 онор аздык кылат дегендей уйронуш керек турмушта керек болот самсысы арзан экен 50 сом кылыш керек актабай калчудай машакаты коп экен москвада сартар болбогон самсысын 50 рубльдан сатышат куулар иштерине ар дайым ийгилик калайм ыймандуу жигит экени билинип турат!!!5!!!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
exxx, ubagynda kyrgyzstandagy sarttar uwundai sonun akcha tush4u jerlerdi,myndai4a aitkanda waar,sentrlerdi eelep keliwken ele.myna emi Kudaiga shugur,bul ishter bizdin kyrgyzdyn koluna tuwtu. biz dele jasap sonun kylyp elge tartuu kylsak bolot ekengo,ne tolko kee biroolor aitkanday ozbekter bywyrgan,ozbekterdin samsasy emes! Akyl ake, azamatsyz! Kudai deseniz Kudai beret sizge! ishinizge iygilik!
02.07.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akchaga jarawa emgegi da oor!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semakg, Mamat, Rimanto - рахмат! Маалымат такталып, түзөтүлдү.
02.07.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жегим келип кеттиго самсыларды коруп...
02.07.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул тандыр самсанын туйулушун(жасалышын)да корсотподуда билбейм мен кантип туйот?
03.07.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А кундо 150 шт самсы отобу? Эске алган жоксунарбы? Кунуно 150 шт самсы жасаган 15 точка бар да, аз дегенде. Наабат брат двойная бухгалтерия жургузот го, менимче. Же элди нааразы кылбайлы дединерби?
03.07.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
feniks, 150 аз да, кунуно 1000-1500 самса жасагандар бар экен
03.07.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочодо уурулук кылбай ушундай ак эмгеке эмне жетсин
07.07.2012. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оххх аппетит ачылып самса жегим келип кетти.. Кореяда ушундай самсалар болсо кана эле. туура самсачылардын жумушу чындыгында оор келет ак мээнет менен акча табат жана элдин кардын тойгозот
08.07.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ак эмгектин наны таттуу ,ишинерге ийгилик!
SUPER.KG видео
09.06.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооооох курсагым ачып кеттиго,каандай кана жакшы тамак еее
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо