ТҮРК СЕРИАЛДАРЫНА САЯКАТ

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

Бир кездери бразилия, мексика сериалдарын экрандан көз албай көрүп калган элек. Мезгил жылып отуруп корей сериалдары каптады. Андан да кызыгы, учурда түрк туугандардын сериалдары популярдуу болуп жаткан убак.

“КЫЗГАЛДАКТАР ГҮЛДӨГӨН МААЛДА” (“ПОРА ТЮЛЬПАНОВ”)

Жанры – Драма
Сценарийин жазган – Шебнем Чытак
Режиссёру – Мерве Гиргин, Кемал Узун, Йасин Услу
Ролдордо – Толгахан Сайышман (Чынар), Эмине Сандал (Лале), Серенай Сарыкая (Йешим), Хатиже Аслан (Зумрут), Селен Сойдер (Топрак)
Тартылган жылы – 2010

Учурда казак телеканалдарынын биринде бир токтоп, кайра уланып көрсөтүлүп жаткан “Кызгалдактар гүлдөгөн маалда” сериалын аягына чейин көрө албай убара болгон көрөрмандар толтура. Биз эле эмес, казактар да бул сериалдын убактысын чыдамсыздык менен күтүшөт экен. Интернеттеги социалдык тармактардагы форумчулардын ойлоруна таянсак, казактар аталган сериалдын толук версиясын али күнчө сатып алыша элек. Анткени түрктөрдө америкалыктардай болуп 1, 2, 3-сезон деп бөлүп тарткан модага айланыптыр. Андыктан тартуучу топко күч-кубат берсе, сериалды аягына чейин көрүп бүтөбүз.
Тасмада күйөөсү каза болгондон кийин белчеден карызга баткан Ташкырандардын үй-бүлөсү менен консервативдүү, бардар Илгаздардын үй-бүлөсүнүн ортосундагы карама-каршы мамилелер сүрөттөлөт. Илгаздардын жалгыз уулу Чынар Ташкырандардын улуу кызы Лалеге жашыруун баш кошуп алат. Мындан канчалык ата-энеси трагедия кылышпасын, аягында уулунун тандоосуна баш ийип, Ташкырандарды жек көрсө да бир үйдө жашаганга аргасыз болушат.
Кызгалдак гүлүндөй назик Лале кош бойлуу кезинде автокырсыктан каза таап, дарыгерлер курсагындагы кызын аман алып калышат. Чынарды балдызы Йешим сүйүп калып, окуя чиеленип отуруп, башкы каарман Чынардын жаңы үйлөнгөн аялы Топрак менен Йешимдин атаандаштыгы күчөйт. Эки айым тең Чынардын жалгыз эркеси болгусу келишет, бирок тагдыр арабасы аларды кээде таштак, кээде түз жолго салат. Азырынча cериалдын соңу эмне менен аяктаары кинонун жаратуучуларына гана белгилүү.

КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ

Эмине Сандал (Лале) 1982-жылы 15-январда Сербияда туулган. Кесиби – актриса, модель жана ырчы. Түрк ырчысы Мустафа Сандалдын жубайы.

Толгахан Сайышман (Чынар) 1981-жылы 17-де­кабрда Стамбулда төрөлгөн. Кесиби – актёр. Сериалдагы өнөктөшү Серенай Сарыкая (Йешим) менен кыз-жигит болуп жүрүшкөн.

Серенай Сарыкая (Йешим) 1991-жылы 1-июлда Анталияда төрөлгөн. Кесиби – актриса. Түркияда өткөн көптөгөн сулуулук сынактарынын жеңүүчүсү.

“КҮЗГҮ ЖАЛБЫРАКТАР” (“ЛИСТОПАД”)

Жанры – Драма, мелодрама
Сценарийин жазган – Мелек Генчоглу, Решад Нури, Эже Йөренч
Режиссёру – Өзлем Йуртсевер
Ролдордо – Халил Эргүн (Али Рыза), Бенну Йылдырымлар (Фикрет), Дениз Чакыр (Ферхунде), Фахрийе Эвжен (Нежла) жана башкалар
Тартылган жылы – 2006-2011

Аталган эмгек 5 сезондон туруп, ичине 174 серияны камтыйт. Бет ачары 2006-жылдын 13-сентябрында Түркияда болгон. Акыркы 5-сезону 2011-жылы гана тартылып бүткөнү айтылып жүрөт. Сериал рейтинги жагынан Түркияда бүт рекорддорду коюп, өлкөнүн эң көп көрүлгөн сериалдары “Миң бир түн”, “Асиден” да популярдуу боло алды. Кино жаратуучулар актёрлорду мыкты тандашканы менен сериалга көрк кошушкан дешет.
Окуя Стамбулда жашаган Али Рыза аттуу даанышман кишинин үй-бүлөсүнүн тегерегинде жүрөт. Анын 5 баласы бар. Алардын суугуна чыдап, ысыгына күйүп, ар биринин көйгөйүн акыл калчап чечип, аталык милдетин аткарат. Бирок Али Рызанын көз алдында балдары андан алыстап, моралдык баалуулуктарын жогото башташат. Ошондо башкы каарман балдарын дарактан күбүлүп түшкөн жалбырактарга салыштырат.
Али Рызанын ролундагы актёр Халил Эргүн сериал тууралуу мындайча ой бөлүшөт: “Күзгү жалбырак” – феномендүү сериал. Ар бир көрүүчү тасмадан жашоосунда болгон абалды же көрүнүштү табат. Биз, актёрлор да, көрөрмандарга жеткиликтүү болсун үчүн ролубуз менен жашап калдык. Азыр алар менен жакын достордон болуп, ушул сериалды көрүп жатканыма абдан кубанычтамын”.

КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ

Халил Эргүн (Али Рыза) 1946-жылы 8-сентябрда Изник шаарында туулган. Легендарлуу түрк актёру 1975-жылдан бери экранда.

Бенну Йылдырымлар (Фикрет) 1969-жылы 22-ноябрда төрөлгөн. “Күзгү жалбырактар” сериалындагы ролу үчүн "Мыкты актриса" деп табылган.

Дениз Чакыр (Ферхунде) 1982-жылы 31-декабрда Анкарада жарык дүйнөгө келген.Сериалдагы жигити Левент менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит.

Фахрийе Евжен (Нежла) 1986-жылы 4-июнда Германиянын Соллинжен шаарында туулган.

Гөкче Бахадыр (Лейла) 1981-жылы 9-ноябрда Стамбулда төрөлгөн. Сериалдын 5-сезонундагы Серхандын ролундагы актёр Али Сунал – чыныгы жашоодо күйөөсү.

Толга Карел (Оуз) 1978-жылы 1-октябрда туулган. Бир нече жолу аракечтиктен дарыланган. Кесиби – актёр, модель.

“ЭЗЕЛ”

Жанры – Триллер, драма, криминал, детектив
Сценарийин жазган – Пынар Булут, Keрем Дерен
Режиссёру – Улуч Байрактар
Ролдордо – Кенан Имирзалыоглу (Эзел), Жансу Дере (Эйшан), Йигит Өзшенер (Женгиз), Седеф Авжи (Бахар)
Тартылган жылы – 2009

"Эзел” сериалын көрүп шолоктоп ыйлаган көрүүчүлөр четтен табылар. Дал ушул сериал менен “ооруган” кино сүйүүчүлөрдү бир чети актёр Кенан Имирзалыоглунун күйөрмандары десек да жарашат. Анткени атактуу түрк актёрунун жүзү бизге башка сериалдардан да жакшы тааныш. “Эзел” сериалы – достук, сүйүү, ишеним, мафия, акча темаларын кеңири чагылдырып бере алган таасирдүү эмгектердин бири.
Сериалдын башкы каарманы Өмер абакта отурганда бала кезинен чогуу өскөн достору андан кабар алууга басып барышпайт. Достору Женгиз, Али, сүйүктүүсү Эйшандын эмне үчүн жакын досунун тагдырына кайдигер карап кол шилтеп койгону окуянын жүрүшүндө ачыкка чыгат. Бир кездеги Өмер таанылгыс болуп өзгөрүп, бетине операция жасатып, башка адам – Эзел болуп досторуна кайтып келет. Анын максаты мындан көп жыл мурун өзүн сатып, абакка таштап койгон досторунан өч алуу болчу. Досторунун бул кылмышын Эзел түрмөдө күнү-түнү ою онго бөлүнүп жатып талдоо жүргүзгөндө сезет. Жыйынтыгында анын көп жылдар бою сызда отурганына эң жакын ишенген достору себепкер болгонун түшүнөт. Фильм соңунда Эзел досу Женгизди өлтүрүп тынса, ал эми өзү менен Эйшандын тагдыры аянычтуу өлүм менен аяктайт.

КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ

Кенан Имирзалыоглу (Эзел) 1974-жылы 18-июнда Анкарада туулган. Кесиби – модель, актёр. Актриса Зейнеп Бешерлер менен 2003-жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүшөт.

Жансу Дере (Эйшан) 1980-жылы 24-октябрда Анкарада төрөлгөн. Кесиби – модель, актриса. Көптөгөн компаниялардын жарнамалык жүзү.

Седеф Авжи (Бахар) 1982-жылы 22-январда Стамбулда төрөлгөн. Актриса, модель. "Күзгү жалбырактар" сериалындагы Жемдин ролундагы актёр Киванч Касабали – күйөөсү.

Йигит Өзшенер (Женгиз) 1972-жылы 6-апрелде Измирде туулган. Кесиби – модель, актёр. Театрдагы ийгиликтүү ролдорунан кийин сериалдарга тартылуу сунушу түшө баштаган.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(44)
02.07.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да Великалепный век жагат 48-сериясын коруп атам.
02.07.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да Великалепный век аябай жагат.
02.07.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ferhunde levent menen birge emes, al azir kiyinki teleserialdagi partneru menen birge, al kiz kaysi serialda oynoso oynosun, oshol serialdagi partneri menen sozsuz jurott
02.07.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muhtesem yuzyildi korgulo super serial
02.07.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chingiz aytmatovdun poemasi boyunca bir serial oshol dagi sonun serial
02.07.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
E.e.e dostor men dagy velikolepnyi vekti korup uktabai kan4a kun otkordum... Andan bawka bir da tureskiy serial korgon jokmun. Vawe super kino e.
03.07.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgstar!!!Великолепный век мен дагы тан атканча коруп бутурдум интер изде 64 сериясы да чыккан турецкий тилинде кордум
03.07.2012. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chanel, 64-сериясын кайсыл сайттан кордун. Мен таппай жатам. Ссылкасын берип койчу пожалуйста.
03.07.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күзгү жалбырактар.... Сериалы мактоого татыктуу.
03.07.2012. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Al yazmalim seryali tartilgan Chingiz Aytmatovdun chigarmasinin negizinde
03.07.2012. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да мухтесем йузйылды( великолепный век) 63 чу сериясына чейин кордум турк тилиндегисин. Ары жагын таппай жатам йутубдан. Ото сонун тарыхый кино. 64 сериясын кутуп жатам.
03.07.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оорулуу адамдарга окшоп сериал корбойм.
Акыл эси нормальный адам, сериал корбойт ИМХО :-)
03.07.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suleiman velikolepnyi degen kinosu sonun
03.07.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgez, he he he soonun aitypsyn kowulam
03.07.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эзел кино тасмасынсунуштабайм, ал кинону коргон адам оруп калат экен мен бир жыл болду ооруп арт арттынан чуркап коруп жатам!!!
03.07.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жана эн мыкты сериалдар!
03.07.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
намазды дагы ушундай кууп окуйсунарбы?
03.07.2012. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бесценная время деген кино сонун да ошо жонундо жазгылачы
04.07.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meeri, даа сонун кино коро электерге сунуш кылат элем.
04.07.2012. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
великолепный векти 12-сентябрда корсонор болот
04.07.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
великолепный век -суппер сериал!
05.07.2012. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа Бесценное время чынында эле жакшы сериял ошол жонундо дагы жазып койгулачы. Мага дагы абдан жагат.
05.07.2012. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elniza, ал сериал жөнүндө бул жактан окусаңыз болот: http://www.super.kg/article/?article=14067
05.07.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Осмон империясынын жыгылышына эмне себеп болгон,ошондой чон империя кантип 500 жыл кармап турган да кийин эмне себеп болду.Турк тарыхы коркомдолуп теледе элге тартууланып жатат.мен азыркы учурда Хурремди жаман коруп журом бирок турк достор империянын сакталышына коп аракет кылган дешет.аны кийин короорбуз Иншаллах.Корунуздор жакшы тасма
05.07.2012. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан сериал корчу эмесмин. Азыр жумуштан кийин жанагы Султан Сулейман деген кинону коруп уйкудан айабай кыйналып журом.
05.07.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
negizi turktordun seriyali aptada bir jolu korgozulot.ulam tartkandarin ulam korgozuwup turat. sezon dep dele bolunboyt. jayinda kobuncho seriyaldar da kanikulga chigiwat kuz gelgende kayradan ulantip tartiwat.
05.07.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызгалдактар гулдогондо деген сериал менен ооруп журом, бул сериал учун канча вечерден кур калдым.
05.07.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
великолепный век баарын коруп буттум акырында хуррем баарын башкарып калат
05.07.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info sursny4,"kyzgaldaktar guldogon maalda'degen serial jonundo toluk maalymat bergile4i!!!???? Toprak jonundo da unutpagyla!!
06.07.2012. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne v temu no: va bank serialyna ech kaisy serial jetpeit(kotoryi koreiski),kim ina & min suen
07.07.2012. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм "Великолепный век" сериалы сонун экен го супер .Биздин "Манас" эпосубузду да ушундай кылып сериал тартса андан да сонун болмок .Бирок жеткиликтуу кылып тарта алган режиссер,актерлер барбы?
09.07.2012. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Йешим ролду сонун ойногон
09.07.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул сериалдын баарын коргом айрыкчв ЭЗЕЛди
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо