БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

МИГРАНТТАР 5 АЙДА 690 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КОТОРУШТУ...

  • Жогорку Кеңеш СОТТОРДУ ТАНДОО КЕҢЕШИНЕ 4 талапкердин үчөөсүн бекитти.
  • Бишкек шаарында журналист ГЕННАДИЙ ПАВЛЮКТУН уурдалып кеткен эстелиги "Ала-Тоо" конушундагы үйлөрдүн биринен талкаланган түрүндө табылды.
  • "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Гүлниза Бейшенбаева өз эрки менен мандатын тапшырып, анын ордун САЯДУЛЛО НЫШАНОВ толуктады.
  • Жатак үйлөрдө турган жаш балдардын тамак-ашына бөлүнүүчү төлөмдүн көлөмү 50 ПАЙЫЗГА ЖОГОРУЛААРЫН Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Гүлнара Дербишева билдирди.
  • 7 томдон турган КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ жакын арада жазылып чыкмакчы. Ага 5 миллион сомду депутат Алтынбек Сулайманов бөлүп берди.
  • 29-июндан баштап АЛМАТЫ-ТАМЧЫ-АЛМАТЫ аба каттамы жүрө баштайт.
  • Ош окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары 1 МИЛЛИОН СОМДОН компенсация алып бүтүштү.
  • Кытайдын жогорку окуу жайларынын ректорлору жакында Кыргызстанга БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА кызматташууга иш сапарлары менен келишет.
  • Кыргыз мигранттары 5 айдын ичинде Кыргызстанга 690 МИЛЛИОН ДОЛЛАР жөнөтүшкөн.
  • Польшанын ишкерлери Кыргызстанда жылына 5-8 МИҢ УНАА чыгаруучу автозавод куруп берүүгө даяр экенин билдиришти.
  • ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ каптаган суудан улам үй канаттуулары жана 50дөн ашык мал кырылды.
  • Казакстан мажилисинин төмөнкү палатасы кыргызстандык жарандардын 5 күн ичинде каттоодон өтүп, 90 КҮНГӨ ЧЕЙИНКИ жүрө турган макулдашууга расмий түрдө кол койду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
02.07.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yahooo!vot eto novost!bizde da avto chygaat!super janilik!okmot jana jep toybos parlament mewaet etiwpese boldu
02.07.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aote, эгер курулса менден сизге ошолордон бир машина подарок!
бул соз да жон гана, мындайлардын далайы айтылды го
06.07.2012. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга оз салымын кошуп жаткан чет жерде жургон кыргыз элим аман болгула! Бул темп менен туугандарыбызга,олкобузго акча которуп турсак, биз да еврейлерден кем калбай, Кыргызстаныбызды былк эттирбей багып кетебиз. Буюрса, экономикабыз алдыга жылат-деп мигранттарга ишенген бир мигрант.
09.07.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy statistika :))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо