№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттү отставкага кетирүү максатында кол топтой баштаган. Кол коюп берген депутаттардын саны 28-июнга карата 50дөн ашты.
КӨЧ БАШЫНДА ТЕКЕБАЕВБИ?
Өкмөттүн ишине канааттанбагандар – башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын депутаттары. Отставкага кетирүү маселесин алгачкылардан болуп "Ата Мекен" партиясы көтөрүп чыкканы айтылууда. Өкмөттү кетирүү себептери катары Өмүрбек Текебаев төмөнкүлөрдү билдирди: "Экономикалык өсүүнүн темпи төмөндөп кетти. Коррупцияга каршы күрөштө да өкмөт өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат. Тескерисинче, тоскоол болгондой. Президент Атамбаев мындан 4 ай мурун мыйзам долбоорлорун киргизсе, өкмөт 3-4 айдан бери аларды бекитип отургандыгы ачыкка чыкты".
Өкмөттү кетирүүгө 55тей депутат кол коюп берген. Бирок "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Ахматбек Келдибеков менен Нурлан Сулайманов коюп берген колун кайра чакыртып алышты. Ахматбек мырза: "Эгерде жалпы элдин мүдөөсүн, талабын ойлогон өкмөт түзүлөт деген идея менен чыкса, колдомокмун. Мындай интригаларга катышкым келбейт",- деди.
Учурда кол коюп бергендер: "Ата Мекен", "Ата Журт", "Ар-намыс" фракциясынын депутаттары.
БАБАНОВДУН ЖООБУ
Депутаттардын кол чогултуп жатканына премьер-министр Өмүрбек Бабанов: "Биз – парламенттик өлкөбүз, андыктан Жогорку Кеңештин өкмөттү кетирүүгө укугу бар. Бирок коалицияга кирген фракциялар бул кабыл алган чечимине жоопкер болот. "Өкмөттү кетиребиз" дегенге жараша конкреттүү аргументтер айтылышы керек болчу. Азыр баарыбызга экономиканы көтөрүү үчүн туруктуулук зарыл. Антпесе ар 5 айда өкмөттү алмаштыра берсеңер эч кандай өнүгүү болбойт",- деди.
Өкмөттү кетирүү маселесин эл өкүлдөрү 29-июнь күнү парламентте кезексиз жыйында карашарын айтышты. Бирок Ак үйдө "Бабанов күзгө чейин иштейт экен, өкмөттү кубалоо кийинки убакыттарга калтырылат" деген күбүр-шыбырлар "сейилдеп" жүрүүдө. Анын үстүнө 29-июнь Жогорку Кеңештин экинчи сезонун акыркы сессиясы болуп, мындан ары эки айлык эс алууга тарашат.
Кошумчалай кетсек, эгерде 61 депутат өкмөттү кетирүүгө кол коюп берсе, анда Министрлер кабинети өз кызматын таштап кетүүгө мажбур болушат. Ал эми президенттин бул чечимге макул болуп же четке кагууга да укугу бар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Өмүрбек мырзага кандай аргументер керек?, ар бир тармакта жылыш жок, кайра артка кетип жатабыз. Алыс барбай эле шаардык инфекция ооруканасына барып кабылдоо бөлүмүн алыстан эле көрсүнчү...
Бакиевдин "бизге стабилдүүлүк керек" деген м