ӨКМӨТТҮН ТАГДЫРЫ 16-17-ИЮЛДА ЧЕЧИЛЕРИ АЙТЫЛУУДА...
-
Жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ боюнча кол топтоо демилгеси көтөрүлүп жатканын медиаэксперт Назира Раимкулова билдирди.
-
Нариман Түлеевдин адвокаты Султан Баратов депутатты 2 айга камакка алуу чечимин жокко чыгарууну өтүнүп Бишкек шаардык сотуна ДОО АРЫЗ МЕНЕН КАЙРЫЛДЫ.
-
"Коомдук унаалардын жол акысын көтөрүү менен Бишкек шаардык мэриясында коррупциялык схема гүлдөп жатат",- дейт "Эркин эл" жаштар кыймылынын төрагасы МАВЛЯН АСКАРБЕКОВ.
-
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиргендей, 6 ай аралыгында мамлекеттик чек араны 6 МИЛЛИОНДОН АШУУН адам кесип өткөн.
-
Жогорку Соттун судьялыгына Сотторду тандоо кеңеши жарыялаган сынактын 1-туру 9-ИЮЛДА БАШТАЛАТ.
-
Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 50 МИҢДЕН ашуун мектеп бүтүрүүчүсү катышкан. Бул тууралуу Президенттик аппараттан Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
-
"Атайын долбоорго ылайык, Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол автотрассасында видеокамералар 1 ЖЫЛ ИЧИНДЕ коюлуп бүтөт",- деп билдирет өкмөттүн өкүлү Бактыгул Абдыжалилов.
-
Экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА залкар манасчы Жусуп Мамай менен жолугушуп, аны 95 жашка чыгышы менен куттуктады.
-
Учурда Орусиянын түрмөлөрүндө 1224 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ жаза өтөп жаткандыгын акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
-
Интернет булактарына өкмөттүн отставкасы 16-17-ИЮЛДА Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында чечилип, өкмөт башчылыкка Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги каралып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыкты.
- 4-июль күнү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну ДАНИЯР МЫРЗАЛИЕВ көлгө чөгүп кетип каза болду.