АКСАКАЛДАР КЕҢЕШИ ТҮЗҮЛДҮ

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

Жакында эле Жалал-Абад облусунда согуштун, эмгектин жана куралдуу күчтөрдү коргоо органдарынын ардагерлерине багышталып, Аксакалдар кеңеши түзүлдү. “Ак бата” деген аталыштагы кеңешке 1991-жылы эле имарат бөлүнүп, бирок каражаттын тартыштыгынан бул иш аягына чыкпай келген. 20 жылдан бери кароосуз калган имарат 2010-жылкы Июнь коо­галаңында талкаланып, ашканалары өрттөнүп, жараксыз абалга жеткен. Кийин улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында имаратты оңдоп-түзөө иштери катуу жүрүп баштады.
Аксакалдар кеңешинин төра­гасынын орун басары Садырбек Качкынбаевдин айтымында, тү­зө­түү иштерине 1 миллион 700 миң сомдой каражат жумшалып, кошумча ар кандай тармактардан да акчалай көмөк көрсөтүлгөн. Бул жерде атайын конференция өтүүчү жай, видеозал, ашкана жана башка эс алып кетүүгө жакшы шарттар түзүлгөн. Айтор, кыргыз-өзбек дебей азыртан эле аксакалдар чогулуп, бир чыны чай үстүндө кызуу маек куруп, кеңешип, ар кандай чечимдерди чыгарып, иш кызуу уланууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
11.07.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бийликтегилердин тузбогону ушу аксакалдар кенеши еле калды еле озу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо