КУМДА ОЙНОО – БАЛАГА ПАЙДАЛУУ

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

Таза кийимдерин кийип сыртка чыгып кеткен кызым бир заматта боз ала чаң болуп алдыма жетип келди. «Бул эмне кылганың?!» деп урушуп жатсам, жанымда отурган апа «кой, урушпа, кумда ойноо балага эң пайдалуу. Сен муну урушканды коюп, кум эмнеси менен пайдалуу экенин гезитиңе жаз. Башка энелерге да сабак болсун» деген сунушун айткан эле. Бул тууралуу «ParadiseSun» психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутинага кайрылганымда, ал төмөнкүлөргө токтолду.

МАМИЛЕ ТҮЗҮҮНҮ ҮЙРӨТӨТ
Кумда ойногон бала күндөн энергия, ошондой эле кум массажын алары баарыбызга белгилүү. Мындан сырткары кумда ойноо балага башка теңтуштары менен сүйлөшүүсүнө эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кумдан чогуу үй жасашып, оюнчуктарын алмашып ойногондору баланын келечекте адамдар менен мамиле түзө билүүсүнүн башаты болуп саналат.

КУМДА ОЙНОО – ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН БАШАТЫ
Кумдан бала мунара жасап, анын тегерегин таш, жалбырактар менен фантазиясына жараша ар кандай кылып кооздойт. Бул чыгармачылык эмей эмне? Андыктан балаңыздын чыгармачылыгынын башаты дал ушул кум дөбөдөн башталарын унутпаңыз.

АҢ-СЕЗИМДИ ӨСТҮРӨТ
Бала кум менен ойноодо биринчи жолу форма, көлөм, салмак деген түшүнүктөр менен таанышат. Кумдан үй, мунара жасоо – бала үчүн кадимкидей эмгекти талап кылган процесс. Ал үчүн бала логикалык ой жүгүртөт, физикалык күч жумшайт.

КУМ ТЕРАПИЯСЫ
Балдар психотерапиясында кум терапиясы деген түшүнүк бар. Алаканга чубалжыта кумду чубуртканда кандайдыр бир жылуу сезим келерин сиз да байкаган чыгарсыз. Психологдор өзгөчө түнт, психологиялык жактан жабыркаган балдарга кум менен көбүрөөк ойноону сунуш кылышат. Кумда ойноо менен бала ийгиликсиз нерсени оңдоп, баарын кайра баштоого болорун түшүнөт. Талкалоо – куруу, куруу – талкалоо...

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

  • Кумга ойногону чыкканда «балам, бар, кумда ойной бер» деп коюп өзүңүз отургучка отуруп албастан, «кел, үй курабыз» деп ага ар кандай жаңы идеяларды таштап туруңуз.
  • Кумга ойноткону чыкканда сөзсүз жаныңызга ным чүпүрөк, 1 бөтөлкө кайнатылган муздак суу, бет аарчы алып алыңыз. Балаңыздын жасаган нерсесин сүрөткө тартып алып, кечинде анын көзүнчө жакындарыңызга «карагылачы, менин балам бүгүн эмне жасады» деп көрсөтүп, сөз кылсаңыз, балаңызга майдай жагары турган иш.
  • Кумда берилип ойноп балаңыздын чаң болгон кийимин улам-улам күбүй бербеңиз. Анын оюндан алып жаткан ырахатына тоскоол болосуз. Бул учурда кумдун анын оозу-мурдуна кирип кетпешине гана байкоо салып турганыңыз жетиштүү. Эгер көзүнө кум кирип кетсе, ушалатпастан, дароо суу менен жууп чыгарганга аракеттениңиз. Ушалоодон көздүн ткандары жабыркашы мүмкүн.
  • Кум дөбөнү убак-убагы менен элеп, тазалап турууну унутпаңыз. Бала ойноп болгон соң мүмкүн болсо үстүн жаап койбосоңуз, жаныбарлар булгап кетиши толук мүмкүн.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Кумда ойноо - балага пайдалуу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
SUPER.KG видео
15.07.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmatuu super infonun kizmatkerleri, ushul psiholog ejeni kaydan tapsa bolot ... dagi kenesh aluuga ))) eger e- mail bolso berip koysonor )) suranich...RAHMAT
17.07.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буюрса балалуу болсом баламды кумда озум ойнотом иншаалла.
30.07.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен рахмат!
01.08.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай кааласа кызым дагы кичине чонойсо кумда да ойноп калат.
22.08.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун экен рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо