ЧЫНЫГЫ ЭРКЕКТЕРДИН ДОСТУГУ ТАСМАДА

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

Кыска метраждуу «Соолуган карек» тасмасы эсиңизде чыгар. Жашоонун реалдуу көрүнүштөрүн чагылдырган бул фильм коомчулук тарабынан кызуу кабыл алынып келет. Ушул тасманын жаратуучуларынан дагы бир жаңылык. “Сен эмне кылмаксың?” деген аталышта тасма тартылды. Бул тууралуу өзүнүн оригиналдуу идеялары менен тасма айдыңына чыйыр сала баштаган режиссёр Сүйүн Откеев жана жаңы тасмада баш каармандын ролун жараткан ырчы Анжелика биз менен ой бөлүшүштү.

Тасманын режиссёру Cүйүн Откеев: “ОҢ КОЛУҢ БЕРГЕН САДАГАНЫ СОЛ КОЛУҢ БИЛБЕСИН”
– Бул тасмада эркектердин ортосундагы чыныгы достук мамиле көрсөтүлмөкчү. Студент кезден достошуп калган байдын баласы Бекзат, айылдан келген Талгат, шумпай жигит Данко жана китептен башы чыкпаган Жоомарттын айланасында окуя өсүп-өнүгүп отурат.
Университетти аяктаган достор 5 жылдан кийин жолугушат. Тагдырдын тамашасы менен айылда жашаган Талгат карызга белчесинен батып, досторунан жардам суроо максатында шаарга келет. Бул учурда Бекзат атасынын ири фирмаларынын бирин башкарып, эл оозуна алынат. Данко менен Жоомарт да өз алдынча иштеп калышкан. Башына мүшкүл түшкөн Талгатка достору кандай мамиле жасаарына тасма даяр болгондо күбө болобуз.
Бекзаттын ролунда казактын КВНчиси Данияр Макашев, Талгаттын ролунда Улан Султангазиев (буга чейин «Соолуган каректе» да башкы ролду ойногон), «Дем» театрынын артисттери Эркин Эгембердиев менен Арнис Кыдырмышев башкы каармандардын ролун жаратышмакчы. Анан дагы кино ааламында өзүнүн дебюттук ролун жаратып, ырчы Анжелика Айым аттуу кыздын образы менен тасманын көркүн ачат. Негизги максат – «оң колуң берген садаганы сол колуң билбесин» деген накыл кептин негизинде көрөрмандарга тарбиялык багыты бар чыгарма тартуулоо. Төрт жигит менен бир кыздын ортосундагы окуялар камтылган бул тасма көрүүчүлөргө кызыгуу жаратат деген ойдомун.
«Көрүүчүлөрдүн ар бири каармандардын ордунда болсо кандай кылышмак?» деген ойду берүү максатында тасма «Сен эмне кылмаксың?» деп аталды. Бул тасмага сиздер сентябрь айында күбө болосуздар.


Анжелика: “ЗАМАНБАП СЕЛКИНИН ОБРАЗЫН ЖАРАТАМ”
– Сценарийди окуп чыкканда мага өзүмдүн ролум жакты. Бүгүнкү күндөгү заманбап селкинин образын жаратам. Азырынча кыйынчылыгы деле байкала элек, ыйлаган учурду эсепке албаганда. Тасма аябай кызыктуу болоруна ишенем. Тартуу учурунда абдан кызыктуу жагдайлар болуп жатат. Аны эмгегибиз экранга чыккандан соң айтып берели.

Назгүл Исакова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
16.07.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыңгыз Айтматовдун кинолорун жактырып кором. "соолуган карек" маанилүү, ушуга окшогон кинолор көп, көп чыкса жакшы болбок.
19.07.2012. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar,,kyrgyz kinosun orkundoto bergile,,,Dubayda jurup kyrgyz kinosun korgondo ,,yraazyn bolosun Azamattar dep
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо