БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАГЫ ТӨРӨТ ҮЙЛӨРҮ КУРУЛАТ...

  • 11-июль күнү Жаштар жана эмгекке орноштуруу министрлиги тарабынан Бишкекте “БОШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИ” өтүп, 45 белгилүү компания 5000 кызмат ордун сунушташты.
  • Кыргызстан муфтийи ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ Меккеге ажылык сапарга аттануучуларга тамак жасап берүү үчүн ашпозчулардын да баруусун сунуштап жатат.
  • Акыркы бир айдын ичинде 94 МИЛЛИОН СОМДУК экономикалык кылмыш иши аныкталды.
  • Саламаттыкты сактоо департаменти билдиргендей, Кыргызстанда акыркы 6 АЙ ИЧИНДЕ төрөлгөндөрдүн саны 14 пайызга жогорулап, каза болгондор 9,4 пайызга кыскарган.
  • Бишкек шаарындагы “ОШ БАЗАРЫНЫН” айланасындагы жолдор кеңейтилип, жаңы соода түйүндөрү коюларын Иса Өмүркулов билдирди.
  • 2012-2013-окуу жылына карата Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдорго 5700 ГРАНТТЫК ОРУН бөлүнүп берилет.
  • Немис компанияларынын бири КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЛДОРУН бетондолгон түрдө оңдоп берүүнү сунуштоодо. Компаниянын жетекчилигинин айтымында, асфальтталган жол 12-15 жылга гана чыдайт. Эгер бетон менен жасалса, 30 жылдан ашык чыдай алат.
  • Орто Азиянын ичинен Кыргызстан аялдардын жана жаңы төрөлгөн ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА 1-орунда турарын БУУ билдирди.
  • 12 АЛТЫН, КӨМҮР жана башка пайдалуу кен чыккан жерлер аукционго коюлууда.
  • Германия өнүктүрүү банкы Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык стандартка жооп берген төрөт үйүн салып берүү үчүн 15 МИЛЛИОН ДОЛЛАР сарптаганы жатат.
  • СОГУШ ГРАНАТАСЫН сатууга аракеттенип жаткан 54 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кармалды.
  • ЛОНДОН ОЛИМПИАДАСЫНА өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баш болгон Кыргызстандын делегациясы барат. 14-беттеги Шаршен Касеновдун сөзүн тактайбыз: Орусиядан 2 машыктыруучу эмес, 2 спортчу чакырылып жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
16.07.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«ЛОНДОН ОЛИМПИАДАСЫНА
өкмөт башчы Өмүрбек
Бабанов баш болгон
Кыргызстандын делегациясы
барат.»

Спортчулар аз болсо да кемчиликти жашырып, делегация менен ордун басабыз. Ошондо биздин фаворит Бабанов. Алтын медаль тагынып келет, сатып алып !
19.07.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бишкек шаарындагы “ОШ БАЗАРЫНЫН” айланасындагы жолдор кеңейтилип, жаңы соода түйүндөрү коюларын Иса Өмүркулов билдирди." жакшы, бытылдатпай ошентип ирээтке келтирсе. кантсе да борбор шаар го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо