БАШКАЛАР «АТА МЕКЕНДЕН» ҮЛГҮ АЛЫШСА...

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

Партиялашы кармалганда “Ата Журт” менен “Республикадан” айырмаланып, “ата мекенчилер” аптыга чуркап Башкы прокуратурага жетип барышпады. Бул окуя коалициялык өкмөткө кирген “Ата Мекен” үчүн кандайдыр бир деңгээлде сокку болду. Бирок алар өз позициясын эмоцияга алдырбай тактап, таразалап, калыс чечим чыгарууга жетише алышты.
Ооба, көпчүлүк “Ата Мекен” партиялашын коргоп чыгат” деп ойлогон. Анткени көрбөдүкпү, бир депутатка же министрге кылмыш иши козголсо, кесиптештери жөн карап турушпасын. “Миллиондорду жутуп койгон” деп Исхак Пирматовго айып тагылганда эмне болгону эсиңизде бардыр. “Республикачылар” түп көтөрүлө дүрбөлөң салып, кесиптешин эптеп аман алып калышкан. Уулуу көмүр боюнча кылмыш иши жабышканда Шадиевге да ушундай реакция жардам берген. Аны коё туралы, кечээ Түлеев кармалганда Ташиев баш болгон “ата журтчулар” прокуратурага жулкунуп кирип барышып, “журтташын” жетелеп чыгып кетишпедиби. “Ата Мекен”, тескерисинче, өкмөткө кайрылып, Сабировду министрлик кызматтан алуусун өтүнүп, “анын күнөөлүү же таза экенин сот чечсин” деген тыянакка келди. Коомчулук буга "депутаттык да, фракциялык да бийик үлгү" деп баа берип жатканын айта кетели. Бул кадамды ЖКдагы калган төрт фракция үлгү кылып алса болор эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
16.07.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"депутаттык да, фракциялык да бийик үлгү" деген баага мен да үнүмдү кошом, жаран катары.
16.07.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн таза партия Ата Мекен. Кызматтан да, байлыктан да буларга намыс бийик !
16.07.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата Мекен партиясы Пирматовдун ишин кайра корого демилге которушсо тура болот деп ойлойм. Мен Ата Мекенди колдойм .
17.07.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынарга кошулам,чын эле Ата Мекен учун намыс бийик,бир кумалак чириткени жаман болду да,бирок ушинтип оздору Равшандай болуп иргелип чыга беришет партиядан калпычы адамдар.
17.07.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ким билет, калпеле таза корунуш учун, ошентип койдубу
17.07.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда бир да таза партия жок! Тазамын дегендердин артында баягы Ак баранын коз жашында айтылгандай куйругунда калбыры бар болуп чыгат.
20.07.2012. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы эн улгулуу жана таза партия! Ак жол силерге Ата Мекенчилер!
22.07.2012. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-мекен деп атын жакшы коюшканго бирок оздору атамекен учун иштешпейт булар
22.07.2012. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул болбогон соз да. Кыргызстанда ак иштеп эл учун кызмат кылган партия мындай эле турсун бир чиновник жок. Эмне силер дагын эле ушуларга ишенесинерби?
20-25 жылдан бери ак уйдо олтуруп ушул убакыттын ичинде эл учун пайдалуу иш жасаган кайсыл чиновник бар? Албетте жок.
23.07.2012. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоктон коро жогору да Талантбек.Азырынча Текебаев эн таза саясатчы болуп эсептелинет.(озуно саясий упай топтоп жатат)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо