№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.
“Кумтөр” ЖАКысынын ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин баштап, 12-июль күнү анын алгачкы отуруму болуп өттү. Отурумда мамлекеттик комиссиянын "Кумтөр" боюнча алып барып жаткан иштеринин пландары, регламенти, максаттары жана маселелери бекитилди. Ошондой эле үч жумушчу топ түзүлүп, алар кендеги экологиялык, техникалык зыяндарды, мыйзамдуулуктун сакталышын, ошондой эле экономикалык-социалдык багытты иликтешмекчи.
Комиссиянын төрагасы – Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев. Комиссиянын отчёту өкмөткө 1-октябрда берилиши керек жана ал 1-ноябрда Жогорку Кеңешке жиберилет. Эскерте кетсек, мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы токтомуна ылайык түзүлгөн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |