ГУБЕРНАТОР МАЛЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУП КЕЛДИ

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж

14-июлда Нарын облусунун башчысы Канатбек Муратбеков Соң-Көл жайлоосундагы Баатай-Арал жана Таш-Дөбө участкасын жайлаган малчылар менен жолугушту. К.Муратбеков өзү менен райондун акимдерин, дарыгерлер тобун, жайыт комитетин, малчыларга тийиштүү болгон мекеме кызматкерлерин кошо ала барып, көйгөйлүү суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун алкагында Нарын Академиялык драма театрынын артисттери элге ыр-күлкү тартуулап, дарыгерлер малчылардын да ден соолугун текшерди. Губернатор: «Биз кереметтүү Соң-Көлүбүздү таза сактайлы, бабалар бизге кандай калтырса, биз урпактарга ошондой өткөрүп берели»,- деп балыкты мыйзамсыз кармагандар менен бирге күрөшүүгө чакырды. Облус башчысынын демилгеси менен барган топ көл жээгиндеги таштандыларды тазалап, жолугушуу ишембилик менен аяктады. Эске сала кетчү жагдай, мындай жолугушуулар дагы Нарындын алыскы жайлоолорунда болмокчу.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
23.07.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолун да бир карап койсонуз жакшы болмок. Биз сыяктуу сиз да эптеп септеп жетсениз керек?
23.07.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кайдагы малчылар же ал малчылар союз жоюлганын уга элекби.Андан да айта кетчу соз жакында губернаторлор ,акимдер жоюлаарын билишпейт окшойт.Буга чейин жакшы иштеш керек болчу урматтуу губернатор,акимдер.Кеч калдынар ордунарды бошоткула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо