БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ЭС АЛУУГА ЧЫКТЫ...

  • “Кыргызгаз” ишканасы билдиргендей, июль айынан тарта Кыргызстандын түндүгүндө жашагандар үчүн ГАЗ КЫМБАТТАП, м3 на 14,72 сомдон төлөшөт. Буга чейин бул нарк 14,64 сом болчу.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев “Республика” фракциясынын лидерлигинен бошотулуп, ордуна депутат АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ шайланды.
  • Билим берүү жана илим министри Канат Садыков ЖОЖдордогу эң жогорку КОНТРАКТ 5 МИҢ ДОЛЛАР Борбор Азия университетинде экендигин билдирди.
  • Жогорку Соттун судьялык кызматына жарыяланган сынактын 1-туру аяктап, 72 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ.
  • Бишкекте ШВЕЙЦАРИЯНЫН ЭЛЧИЛИГИ АЧЫЛАТ. Швейцария Бюросунун Кыргызстандагы коом менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Турсунай Чодурова элчиликти ачуу 2012-жылдын аягына пландаштырылганын билдирди.
  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 17-июлдан 23-июлга чейин эмгек өргүүсүнө чыкты.
  • 14-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн 6 адам моторлуу кайык менен баратып оодарылып кетип, алардын ичинен 5 жаштагы КЫЗ ООРУКАНАДА КАЗА ТАПТЫ.
  • 2012-жылдын 6 айында Ысык-Көл облусунда 9 МИЛИЦИЯ кызматкерине 7 кылмыш иши козголгондугун облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
  • Өкмөттүн регламентин бузгандыгы үчүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Юруслан Тойчубековго СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАДЫ.
  • “Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү сот залына барып бүтүп калууда”,- деп билдирди башкы прокурор АИДА САЛЯНОВА.
  • Прокурордун өтүнүчү жана жактоочу Султан Баратовдун ден соолугуна байланыштуу депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча СОТ ИШИ ДАГЫ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ.
  • УКМКнын жетекчиси Шамиль Атаханов билдиргендей, 2012-жылдын 6 айында коррупция боюнча 163 КЫЛМЫШ ИШИ козголуп, алардын 23ү сотко өткөрүлүп берилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(1)
23.07.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
“Кыргызстанда коррупция
менен күрөшүү сот залына
барып бүтүп калууда”

Туура. Сотко жеткиче кээси буу сымал коздон кайым болсо, кээси авторитетин корсотуп тылтыйып коюшат. Атамбаев бир конул буруп койсо кана?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо