МУФТИЙ АЛМАШТЫ

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп 2 жыл иштеген Чубак ажы Жалилов арызын жазып, кызматтан кетти. Бул коомчулукта, айрыкча дин кызматкерлеринин арасында катуу талкуу жаратты. Анын ээрден кулашы тууралуу кептер акыркы күндөрү көп айтылып, ортодо альтернативдүү муфтият да түзүлгөн болчу. Муфтий өзү “ден соолугума байланыштуу жана мусулмандардын биримдиги үчүн кеттим” деп жар салганы менен, “аны жогорку жак кетүүгө мажбур кылды” дегендер да бир топ.
Кыргызстан Дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши анын ордуна муфтийдин милдетин аткаруучу кылып Рахматулла Эгембердиевди шайлады. Муфтияттын уставына ылайык, анын муфтий катары кызматка толук кандуу киришүүсү 2012-жылдын аягында өтчү курултайда чечилет. Серепчилердин баамында, ал курултайда Уламалар кеңеши кайрадан Чубак ажынын талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
23.07.2012. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
неси болсо да Чубак ажыны омуру узун болсун!
23.07.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне себептен кетти экен?
23.07.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлосо асмандагы алласы оозунан тушпогон динчилдер таза иштеген адамдлы кууп жатышына эмне себеп? Буга бир гана акча себеп болууда. Анткени зекет садака деген неме берген адамдар квитациясы жок акча беришет мечиттерге. Мына ошол эсеби жок акчаларга кызыкккандар муфтийлик орунду талашат. 1 миллион киши 10сомдон зекет берсе 10 миллион сом. Мындан сырткары жыл сайын Арабиядагы ташка колун тийгизип сыйынып келуу учун квоталык орундардан акча иштеген да кызыктырат.
23.07.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kubanychbekkagan,
Быйыл 50 сомду тузот дешти деп уктум, демек 50 000 000 сом...Негизи, дин кызматкерлеринде 100% коррупция бар. Себеби аларды текшерген бир да мамлекеттик орган жок.
26.07.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samus, Сенин далилин барбы 100% коррупция бар экендигинде?
23.07.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарына Аллах кубоо урматту мусулмандар
24.07.2012. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЧуБАК АЖЫ татыктуу,суйлогон создору орундуу,аябай жумшак киши,мага абдан жагат!ОМурунуз узун болсун не болсо да!
24.07.2012. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак ажы жакшы адам.Адилет иштегендиги учун биздин балит саясат кетирди.Бир жерден укканым бар,ажыкебиз айткан муфтияттык орун суйунучтуу орун эмес,Аллахтын алдында ото жоопкерчиликтуу орун деп.Бир жагынан кеткениниз деле дурус.Артынызда сизди колдоп турган элинизге дуба кылып,тынч жашаганыныз дурус.Лично мен, саясий оюндардын оюнчугу болушунузду каалабайм!
24.07.2012. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муфтий Чубак ажы Жалиловго да ар кандай жалаа, доомат, ушактар жабылып жүрдү, кимдин ак кара экенин бир гана АЛЛАХ өзү билет, Ханды токтотпогон биздин эл муфтийнида жөн койбой жатабызбы эмне?
24.07.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы Кыргыз жерине Алладан береке алып берчу. Байлыкка кызыккандар берекеден кур калып жатышат..
28.07.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кундо кыргызга эшек менен карышкырдан башчы тутот, койлорду жеп коюшат. карышкыр куйругун жулуп жесе, каткырып мактап жатып калышат. Ак улактар саясаттан алыс жургону жакшы.
28.07.2012. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу достор билип билбей суйлобербегилечи Чубак ажыны жанында жургон Бакыт Акин Базарбай Нематулла Асан деген акмктар кылды баарын.Руслан деген чыгып мен муфтий болом деп аны намазды тура билбей тамекини тартип ушул кандай муфтий болот даже Уламалар эч ким колдобой коюшуптур уяты жок.Ушул акмактарга окшогондор динди жаман булгап жатышат Аллах инсап берсин Тура жолдон адаштырбасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо