АЛА-БУКАДА ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ОГУНАН БИР ЖООКЕР КАЗА БОЛДУ

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж

Көрмөксөн боло албайбыз, Өзбекстан карыштап болсо да биздин аймакка жылууда. Ал ортодо биздин “чоңдор” Ак үй менен Көк үйдүн короосунан алыс чыга албай убара. “Чек ара маселесин чечпесек болбойт” деп канча сөздөр айтылганы менен, көзгө көрүнө турган жыйынтык жок. Чек ара көйгөйү курч экенин Ала-Бука районундагы ок атышуу кайрадан эскертти.
17-июль күнү Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Булак-Башы айылында кыргыз-өзбек чек арачылары ок атышып, кыргызстандык чек арачы Кадырбек Абдырасул уулу каза болду. Маалыматтарда биринчи болуп өзбек тараптын ок чыгарганы айтылууда. Булак-Башы айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган жолдун курулуш иштери башталганда Өзбекстан чек арачылары тоскоолдук жаратышкан. Буга бүгүнкү күнгө чейин так аныкталбаган чек ара маселеси себепчи болгон. Ал ортодо “Көк-Таш” чек ара заставасынан да “бул жерге жол курууга болбойт, анткени бул жол мамлекеттик чек арага кирбеген аймактан өтөт” деген эскертүү болгонуна карабастан, жол куруу иши улантыла берген. Көп өтпөй өзбек чек арачылары жол куруу ишин токтотууну талап кылып келишиптир. Ошентип, ортодогу мамиле курчуп, ок атышууга алып келген. Чатакта ок тийген чек арачы Кадырбек Абдырасул уулу жан берсе, жергиликтүү тургун Кубанычбек Адылов оор жарадар болуп, райондук ооруканага жеткирилди. Операция жасалып, абалы дагы эле оор бойдон экени кабарланууда. Такталбаган маалыматтар боюнча, өзбек тараптан да жаракат алгандар жана каза болгондор бар.
Окуядан кийин Өзбекстан бийлиги Кыргызстанды күнөөлөп, “бул – кыргыз куралдуу аскерлеринин бандиттик кол салуусу” деп атады. Окуянын таасириби, эртеси өзбек бийлиги УКК Чек ара аскерлеринин командири Руслан Мирзаевди кызматтан бошотту. Кыргызстандын Аскер прокуратурасы да бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Чатактын эртеси күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугушуу өткөргөн Өмүрбек Бабанов каза болгон аскер кызматкеринин жакындарына жардам бериле турганын айтты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
23.07.2012. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чекара маселесин качан чечип беришет???Бийликтегилердин шалаакылыгынын айынан минтип адам олуму болуп отурат.Каза болгон жоокердин жакындарына конул айтам,жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
23.07.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек араларыбызды жакшылаап козомолго албасак болбойт го. Чек ара бизди коргоп, сактап турат го. Азыр биздин душманыбыз озбек калкы болуп калды да озубузго сак болушубуз керек. Ата-мекенди коргойм деп жанын берген аскерибиздин жайы жаннатта болсун.
23.07.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алар мурдатан эле кирип келишет джалал аббадтын кыйла жерин алып койуштуго. бирдемке десен басып алышат 2 кундун ичинде алардын армиясы кучтуу саны да коп, урушканга шылтоо таппай турушат., биздикилер 20 ичинде норм. иштешкенде бундай окуялар болбойт эле.
24.07.2012. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz.jigit., алар басып албайт кирип да келбейт биздин чондор сатышар жерди аларга канчалаган жерлерди сатып жиберишти айрыкча жалал абад менен баткендин жерлерин!!!!! эн жакшы кооз жерлерди!
25.07.2012. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulukbekkg..., Чондор сатышпайт, узбектер саып алышпайт! Бизде Таджикистон жана Өзбекистан менен чечилбеген "спорный" границалар бар. Казахстан жана Кытай менен "Спорный" чечилбеген границалар жок , анткени чондор "спорный" жерледи сатып бутушкон. Узбеистан секинден , кыбырап границаны озуна тартып келе жатат! Чондордун мындай нерсени кудурети жетпей жатат,
24.07.2012. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
узун жылдар бою чек ара чыры чечилбей келдиго, 120 депутат Акүйдө чай ичип олтурабы? чек ара маселеси, мигиратсиа маселеси, деги айтып келсе өтө көп бүтөлбөй жаткан жыртык тешиктер бар экен. атка минерлерибиз өз өмүрүн сайышып мамлекет үчүн билек түрүнө иштеп койсо кандай соонун болоор эле, кийин биздин урпактарыбыз ушундай басынып, бөлөк улуттан кордук көрүп жашап жw
24.07.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tooba ölgön cookerdin tuugandarına cardam berilet dep koyuşat uyalbay cardam berse ne al tirilip kelmek bele.Çondorubuz ölsö ne cardsam berip koyobuz da dep oltura berişsin kızık özü uşular
24.07.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сат сат сат. Жерин коюп элин сат. Баарын сатып буткон сон.
Колтугундун жунун сат, деп канча какшап ырдаса да.
Мээнерге кирбейбииии .

Жоо артынан, жанын берген азамат.
Биздин чондор качан козу ачылат.
Элим жерим, сен деп оскон азамат.
Жан береби бир болбогон.
Чондор учун, адам зат.
25.07.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара кызмат керлерин кобойтушубуз керек,и армиябызды да жакшыртышыбыз керек!
25.07.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай койгойлорду укканда журогум аябай ооруйт, дайыма жакшысын угуп жаманын окугум келбейт. Качан онолот Кыргызстаным!!!
30.07.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер карыштап жылып, канча деген жерлерибизди алып койушту. Биздин чондорго Ак уйду калтырып калганын ала берсе болду окшойт.
06.08.2012. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбектерди армиябыз аз болсода чайнабай жутушка кучубуз жетет ошол учун туштук тундук болбой бир болушубуз керек кыргызым!!! кыргыздар коркпогон жоо журок элбиз а озбектер андай эмес алар бир президиенти жогото албай жатат биз менен кайда атышмак эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо