Согончоктун жарылуусу – жазында же жайында болуучу абдан жагымсыз көрүнүш. Баскан сайын оорутуп эле тим болбостон, жайкысын ачык бут кийимдерди кийүүдө ыңгайсыздык жаратат. Ал тургай канап кетиши да ыктымал.
СОГОНЧОКТУН ЖАРЫЛУУ СЕБЕПТЕРИ
- Нымдуулугу азайып, тамандын териси өзүнүн серпилгичтигин жоготсо.
- Бөйрөк, калкан без оорулары менен ооруганда. Мында согончок жыл бою жарыла берет. Демек, сөзсүз дарыгерге барып көрүнүшүңүз керек.
- Таман тери оорусуна дуушар болсо.
- Семиздиктен улам (бут ашыкча салмакты көтөрө албай, согончок жарылат). Канчалык кам көрсөңүз деле натыйжасыз болушу ыктымал. Андыктан арыктоо зарылчылыгы келип чыгат.
- Организмге А жана D витаминдери жетишпегенде.
- Ысык аба ырайынын, ыңгайсыз бут кийимдин, чаңдын, көлдүн туздуу суусунун, кумдун таасиринен улам.
АЙЫКТЫРУУ ҮЧҮН...
- Күнүгө көбүргөн самындуу ысык сууга бутту салып, 10 мүнөт кармаңыз. Андан соң таза чайкап, кремден сүртүп коюңуз.
- Чийки картошканы же пиязды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, целлофандын бетине шыбайсыз. Аны таза жуулган согончогуңузга жаап, сыртынан бинт менен ороп, байлап коюңуз. Аз дегенде 2 сааттан кийин гана чечүү керек.
- Жатарда капустанын жалбырагын жанчып, жумшартып алган соң согончокко жаап, сыртынан байпак кийип алыңыз. Байпакты эртеси эртең менен чечиңиз.
- 1 стакан сулу акшагын сууга ботко кылып бышырып, ага 2 аш кашык зайтун же жүгөрү майын аралаштырасыз да, аны целлофандын бетине сүйкөп, согончогуңузга жабасыз.
- Сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз менен балды теңме-тең өлчөмдө аралаштырып, жарылган жерге жаап коюу кажет. Маска жатарда колдонулуп, эртең мененкиге чейин калтырылат.
- Жарылган жерди помидордун ширеси менен сүртүүгө да болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
kyryp juup jylkynyn maiy menen mailap koiso tez onolot