КИЙМЕ ТИШТЕР

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Жаш өткөндөн, же тиштерди жакшы күтпөгөндөн, же кандайдыр бир кырсыктан улам бүтүндөй тиштерден же бир нече тиштен айрылып калуу коркунучу бар. Мындай учурда адамга тамак чайнаганга кийме тиштер (салып, алып коюлуучу тиш протездери) жардамга келет. Булар тууралуу "Strong" стоматология борборунун врач-стоматологу Игорь Евстифейкин баяндайт.

НЕЙЛОНДОН ЖАСАЛГАН ТИШ ПРОТЕЗДЕРИ
– Мунун 3түрү бар: толук протез, жарым-жартылай протез жана 1-2 тиш үчүн протез.
Материал катары термопластикалык (ысык-суукка чыдамдуу пластик) серпилгич, гипоаллергендүү күлгүн нейлон колдонулат. Мындай протездер бүйлөлөрдү кыспайт, адам жасалма тишине бат көнөт.
Материалдар бизге Израилден, Америкадан, Германиядан алынып келинет. Баалары протездин чоң-кичинесине карап 10 000ден 20 000 сомго чейин.

АКРИЛДЕН ЖАСАЛГАН ТИШ ПРОТЕЗДЕРИ
– Мындай протездердин 2 түрү бар.

  • Толук протез. Пациенттин таптакыр тиши жок калганда колдонулат.
  • Жарым-жартылай протез. Пациенттин бир нече тиши жок учурда пайдаланылат.

Материал катары акрилдүү пластмасса колдонулат.
Мындай протездер ээсине түбөлүк кызмат кылат, тамак-аш жегенде күч бүйлөлөргө тегиз түшүп, бүйлөлөр оорубайт. Протездин баасы 2500 сомдон өйдө.

БЮГЕЛДҮҮ ТИШ ПРОТЕЗДЕРИ
– Бюгель бул – дого же жаача (дуга). Демек, бюгелдүү тиш протездери – дого сымал конструкциядагы протездер. Таңдайда жаактын эки жаагындагы тиштерди көпүрө сымал туташтырып турат. Сырттан караган адамга бюгель көрүнбөйт жана адам тамак жегенде ыңгайсыздык жаратпайт.

АТТАЧМЕНТ СИСТЕМИ
– Аттачмент (кошуу, бекитүү) – протездеги кулпу сымал конструкция.
Аттачменттин кызматы – салып, алып коюлуучу протезди калган тишке, азууга же имплантатка кошуп, бекитүү болуп саналат. Бул 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү тиштин ичине бекитилет. Экинчи бөлүгү тишке же имплантатка бекитилет. Экөөнү бириктиргенде кулпу сымал биригип, конструкция көрүнбөй калат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(2)
13.03.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо сиздерден суранат элем....ушундай болумдорду издеп такыр таппай койдум,,,...ооздогу жагымсыз жыттан кантип арылса болот,кандай чараларды кандай ыкмаларды колдонуу керек....ушул тууралуу кениреек маалымат жазып чыгыныздарчы Эгер бул тууралуу маалымат Берген болсонор мага белги берип койунуздарчы....сураныч сиздерден....алдын ала чооооооооон рахмааат...
13.03.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peri...97,
Саламатсызбы! Суперстандагы http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=45820&st=40&p=724530&hl=+ооздогу +жагымсыз&fromsearch=1&#entry724530 ушул темадан суроолоруңузга жооп алсаңыз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо