БЕКЕР ЖАТПАЙ, КУРУТ САТ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Курут – актан жасалган аш болумдуу даамдарды жараткан орто азиялык көчмөн элдердин эң сүйүктүү азыктарынын бири. Курсак ачканда күч-кубат берет жана ден соолукка да пайдасы зор. Учурда курут акча табуунун булагына айланганы белгилүү. Мына ушул баарыбыз билген курутту жасап сатуудан пайда табууну жана куруттун түрлөрүн жасоону сунуштайбыз.

БИЗНЕС КЫЛСА, ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕБИ?
Бишкектеги ар бир дүкөндөн курутту сатып алууга болот. Баалары көлөмүнө жараша, башкача айтканда, 1 сомдон 5 сомго чейин. Дүкөндөрдө дааналап сатышат. Ал эми мунун дүң баасы канчадан болоруна кызыгып, борбор шаарыбызда жайгашкан “Ош базарына” бардым. Аталган базардын кургатылган жемиштерди сатуучу бөлүгүндө 1 килограмм курут 250 сом турса, ошол эле бөлүктүн орто жагында курутту дүңүнөн соодалашкан жайда бир топ арзан экен. Бирок мында да курутту дүңүнөн алып сатуучу ортомчу соодагерлер иштешет экен. Алар бул азыктын 1 килограммын 110 сомдон алышып, ошол эле жерден 1 килограммын 180 сомдон сатышат. Эмесе, курут жасап сатуудан канча киреше табууга болорун эсептеп көрөлү.
Курут жасоо үчүн алгач сүзмө керек. Даяр сүзмөнү жайлоодогу чабандардан алсаңыз, 1 килограммы 10-15 сом турат. Бишкектеги баасы – 30-35 сом.

Бишкек шаарында курут жасап сатууну эсептеп көрөлү:
1 килограмм сүзмөдөн орточо 400 граммдай курут чыгат. Эгер 100 килограмм сүзмө алсак, андан 40 килограмм курут жасоого болот.
Коротуучу каражат:
100 кг сүзмө х 30 сом=3000 сом
1 кг туз х 20 сом=20 сом
Такси – 200 сом
Жалпы – 3220 сом
Киреше: 40 кг курут х 110 сом=4400 сом
Таза киреше: 4400–3220=1180 сом

Ал эми айыл жергесинде жасап, борборго алып келип сатсаңыз, (мисалга Кочкор районун алып көрсөк):
Коротуучу каражат:
100 кг сүзмө х 15 сом=1500 сом
1 кг туз х 20 сом=20 сом
Бишкекке чейинки барып келген жол кире – 500 сом
Базарга чейин таксиге жана тамактанууга – 300 сом
Жалпы – 2320 сом
Киреше: 4400–2320=2080 сом

КУРУТТУН ПАЙДАЛУУЛУГУ
Куруттун курамы темир, магний, калий жана кальций сыяктуу керектүү заттарга бай. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртат, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдейт. Ошондой эле иммунитетти көтөрүп, клеткалардын жаңыланышына жардам берсе, жаракат алган жерде кандын уюп калуусуна жол бербейт.
100 грамм курутта 260 килокалорий бар.

КУРУТ ДАЯРДООНУН ЗАМАНБАП ТҮРҮ
Күнгө жайып кургатылган курут даамы жана витаминдүүлүгү жагынан көлөкөдө кургатылган курутка караганда төмөн болуп калары талашсыз. Негизи, курутту көлөкөдө кургатуу сунушталат. Ал эми учурда микротолкундуу мешти, духовканы колдонуу менен курутту 20-30 мүнөттүн ичинде кургатууга болот. Алардын ичине сүзмөнү өтө чоң эмес көлөмдө (жаңгактай болсо болот) тоголоктоп же кыска-кыска таякча кылып сырты кызарганча кармоо зарыл. Даяр болгон куруттун кургатылган куруттан айырмасы болот. Бирок даамдуулугу жагынан кем калышпайт.

КУРУТТУН ТҮРЛӨРҮ

КУРУТ

Керектелүүчү азыктар:
Сүзмө – 1 кг
Татымга жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
Сүзмөгө тузду тегиз сээп, аралаштыруу зарыл. Аралаштырып алгандан кийин көлөмүн жаңгактай кылып тоголоктоп, көлөкө жерде кургатат.

МАЙ КУРУТ

Керектелүүчү азыктар:
Сүзмө – 1 кг
Каймак (же 150-200 грамм каймак май) – 200-250 грамм
Жаңы айран – 500 грамм
Татымга жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
Сүзмө менен айранды чогуу бир кайнатып алуу керек. Андан соң каймак (же каймак май) жана туз кошулуп аралаштырылат. Даяр болгон массаны бир аз муздатып алып, тоголоктоп, көлөкө жайда кургатуу кажет. Май курут өзүнүн аты айтып тургандай эле өтө майлуулугу, даамы жана жумшактыгы менен башка куруттардан айырмаланып турат.

КАЙНАТМА КУРУТ

Керектелүүчү азыктар:
Сүзмө – 2 кг
Айран – 500 грамм
Татымга жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
Сүзмөнү, айранды жана тузду аралаштырып казанга салып, жай отто 30-40 мүнөт кайнатуу керек. Сүзмө коюуланып калганда оттон чыгарып, муздатылат. Андан соң тоголоктоп, көлөкө жайда кургатылат.

ЧИЙ КУРУТ

Керектелүүчү азыктар:
Сүзмө – 1 кг
Татымга жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
Сүзмөнү туздап, согулган чийге ороп кургатышат. Кургаган соң курутта чийдин издери жол-жол болуп түшүп калат. Бул дасторконго коюуда көрк берүү үчүн жасалат.

ЭЖИГЕЙ КУРУТ

Керектелүүчү азыктар:
Эжигей – 1-1,5 кг
Айран – 1 литр
Каймак – 200-300 грамм
Сүзмө – 1-1,5 кг
Татымга жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
Алгач эжигейге жогорудагы азыктардын баарын кошуп, аралаштыруу зарыл. Андан кийин жай отко коюп, өтө коюу болгончо кайнатып алып, кайра муздатат. Кийинки кадам тоголоктоп көлөкө жайга кургатуу менен аяктайт. Эжигей курут кымбат баалуу жана даамдуу чүйгүн тамак-аштардын катарын толуктайт. Себеби 1,5 килограмм эжигейди даярдоо үчүн 5 литр койдун сүтү керектелет.

ИРИМЧИК КУРУТ

Керектелүүчү азыктар:
Сүзмө – 1 кг
Быштак – 1 кг
Айран – 1 литр
Каймак – 200-300 грамм
Татымга жараша туз
Даярдоо ыкмасы эжигей куруттукуна окшош. Иримчик – эжигей сыяктуу өтө баалуу жана даамдуу азык. Илгери колунда бар адамдардын тамагы болуп келген. Иримчик –койдун сүтүнөн жасалган быштак. 5 литр койдун сүтүнөн 1,5 килограммдай гана иримчик чыгат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Бекер жатпай, курут сат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
28.07.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шлекейим агыб калды курут жебегенме 100жыл болду(((
SUPER.KG видео
28.07.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ун кошулган курутун деле сурап койбобсузда эмне демек экен
SUPER.KG видео
28.07.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вау женим келип кетти оло жагат мага айрыкча кайнатып орук кошсо жеген сайын женин келет.
SUPER.KG видео
29.07.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии менден корсотпой жатат ахх ии суротунон шилекейим куюлуп кеттти
30.07.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен куруту а9бай сагындым.
31.07.2012. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен курутту аябай жакшы кором........
04.08.2012. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курут жегим келип кетиго
13.08.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлоодо аябай жасачуубуз , сагынып кеттим ошол куруттарды жегим келип.
19.08.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курут менен шорону аябай сагындым.
28.03.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurut jegen boiuncha rekord koiup tuugandarymdy tan kaltyrganmyn)))
02.05.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ачыгын айтсам анча жакпайт курут
Кээ кээде эле тузу оло кошулган куруттан бир даана жеп койбосом
Канча болсода журо берем жебей
Бирок баардык курут суйуучулордун уйундо 1 тонна курут болсун:-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо