Сапар Сайназаров: «ҮЙДӨН КАЧЫП, «ҮКҮ» ТОБУНА КОШУЛГАМ»

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

“Эмгек жашты талап кылбайт” дегендей, жаштайынан татаал кесиптерге аралашып жүргөн улан-кыздарды көрүп суктанасың. Ош облусундагы эң жаш жана таланттуу режиссёр Сапар Сайназаров биз менен ой бөлүштү.

РЕЖИССЁР ТУУРАЛУУ
Жашы – 25те
Кичи мекени – Ош шаары
Хоббиси – Сценарий жазуу
Тарткан киносу – “Сүйүү бийи” киносу жана башка көптөгөн кыска метраждуу кинолорду тарткан.
Учурда – Апасына келин издөөдө

– Сапар, бул тармакка аралашып калганыңызга эмне түрткү болду?
– Жеки Чан түрткү болгон. Ошонун киносу дегенде апам мага көр­сөтчү эмес. Себеби ал кезде кинолорду түнкүсүн берчү да. Ал, негизинен, күлкүлүү кинолорду жаратат го, мен болсо апамдарды уктатпай каткырып күлө берчүмүн. Анан да анын жасаган трюктарын кайталап, буту-колумду сындырып алчумун. Актёр, каскадёр болом деген ой ошентип пайда болду. Анан ошол мезгилдерде “Үкү” тобу тарабынан “Кызыкча” деген программа чыккан. Ата-энем каршы чыкканына карабай Бишкекке качып барып аларга кошулгам. Менин “Үкү” тобуна кошулганыма бир ай болгондо ата-энем мени “Кызыкчадан” көрүп, анан билишкен. Негедир менде кино тартууга кызыгуу пайда болуп, идеялар топтоло берип, былтыр “Сүйүү бийи” деген кинону тарттым. Ошондон бери кино дүйнөсүнө аралашып кеттим.

– Жашоодон кесибиңизге байланыштуу эмнени издейсиз?
– Чынын айтсам, кыз издеп жатам дебейинби, ха-ха, тамаша. Мен жашоодон кесибиме байланыштуу идеяларды издейм. Жашоонун кайсы учуру адамдарга тарбия берип, кандай жашоо адамдарга туура жол көрсөтөрүн издейм да, анан элге таасир калтырчу кино жаратам.

– Режиссёр кандай жоопкерчиликтерге ээ?
– Аябай чоң жоопкерчиликтер­ди талап кылат. Мисалы, ошол эле учурда сүрөтчү боло каласың, ошол эле учурда бойдок болсоң да ата боло каласың. Сценарийди өзүм жазгандыктан, алдын ала оюм менен элестетип кинону тартып коём. Анан ошонун негизинде “сен мындай аткар, сен бул жакка тур” деп камерага түшүрүп, өз кызматыңдын жоопкерчилигин аласың.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
30.07.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, ийгилик ! Талант !
30.07.2012. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chachy ele ozuncho konuldu burat:)
01.08.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эБул ким ыя? Мен такыр тааныбаймго.Алдыкы Кара тонировкасын алып койсо жакшы болмок.
01.08.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай чачтарды коргондо эле эмнегедир жаным кашайып,чачына сагыз жармаштырып салгым келе берет.Эркексинби? Нормальный эркекче прическа кой.
02.08.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавчик!
03.08.2012. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Сапар ийгилик сен таланттуу баласын сенден коп жакшы кинолордуу кутобуз Универсал сени менен
03.08.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар молодец!поддерживаю тебя.покажи всем кто режиссер!
10.08.2012. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тай-Цзиде тренировка кылган менин байкемго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо