«КУМТӨРДҮН» КЫЗМАТКЕРЛЕРИ УУЛАНЫШТЫ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жайгашкан "Кумтөр" алтын чыгаруучу ишкана жалпыбызга маалым. "Мына ушул ишканада эмгектенген кызматкерлер тамак-аштан ууланышты" деген маалымат көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Анан да "менин да туугандарым ал жакта иштейт" деп чочулаган жердештердин саны арбын.

БИР ЭМЕС, ЖҮЗДӨН АШУУН АДАМ УУЛАНЫП...
Үстүбүздөгү жылдын 18-июль күнү ишкананын бир кызматкери башы айланып, өзүн жаман сезгенден улам Ак-Суу райондук ооруканасына жеткирилген. Бейтапты текшерүү учурунда тамак-аштан уулангандыгы белгилүү болуп чыга келди. Тилекке каршы, мындай абалда ооруканага келген ишкананын кызматкерлеринин саны уламдан-улам көбөйүп, жалпысынан 150дөй адам ууланган. Алардын 76сы учурда ооруканада болсо, айрымдары сакайып, үйүнө чыгарылды.
Алгачкы жыйынтыктарга караганда, уулануу тамак-аштан чыкканы жана ашканада тиешелүү эрежелер сакталбаганы белгилүү болууда. Уулангандардын басымдуу бөлүгү Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондук жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Андан сырткары Ысык-Көл облустук ооруканасында да дарыланып жаткандарды кезиктирүүгө болот.
Бул тууралуу “Кумтөрдүн” коомчулук менен байланыш кызматы ишканада массалык уулануу болгондугу байкалары менен дароо Саламаттыкты сактоо министрлигине кабарланганын билдирүүдө. Ишкананын аймак менен байланыш менеджери Керим Шатманов кооптуу жагдай тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
– 18-июлда ичи өтүп, кусуп, башы айланып жатканын айткан 4 адам кайрылган. Андан бир күн өткөн соң, тактап айтсак, 19-июлда кайрылгандардын саны 49га, 20-июлда 140 кишиге жетти. Баарына тез жардам көргөзүлүп, өзгөчө кырдаалга байланыштуу компания облустук санэпидемстанциясына билдирүү жиберген. Азыркы тапта оорунун себептери текшерилип, ал жерде башкалар менен байланышты болтурбоо максатында атайын жай даярдалып, медициналык жардам сурап кайрылгандар гана киргизилүүдө.
Учурда "Кумтөр" ишканасында санитардык абалды жана ашкананы текшерүү уланууда.

УУЛАНУУ БОЮНЧА ИШ ПРОКУРАТУРАГА ТАПШЫРЫЛАТ
Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлөн Исаков “Кумтөрдөгү” уулануу боюнча материалдар прокуратурага берилерин билдирди. Исаковдун айтымында, бул уулануу фактысын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Тамак-аш, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери изилдеп жатышат. Жыйынтыгында бардык материалдар облустук прокуратурага тапшырылат.«Тамак-аш менен байланыштуу тейлөө жагында иштеген эки адам инфекция алып жүрүүчү катары шектелип жатат. Ошол экөө себеп болушу мүмкүн. Толук жыйынтык эки-үч күндө чыгып калат»,- деди Исаков.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
02.08.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul kumtor vopshe obnaglel,jaap arjaka jogotushpaibi je katuurak talaptardi koushpaibi.eldin baarin kirip butmoi boldu altindaribizdi algani az kelgensip.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо