ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Өлкөсү – Кыргызстан
Жанры – Мелодрама, трагикомедия
Продюсери жана сценарийдин автору – Өмүрзак Төлөбеков
Режиссёру – Ырыс Окенова
Көркөм жетекчиси – Нуртай Борбиев
Ролдордо – Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Марат Жанталиев, Нурзат Токтосунова, Камчы Сарыбаев, Назира Бердигулова жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 43 мүнөт
Бет ачары – 16-июнь, 2012-жыл
Бюджети – Болжол менен 50 миң доллар

CЕЛСАЯКТЫН ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУСУ
Ажо менен жолугушуп, жеке көйгөйлөрүн чечүү ар бир адамга эле буюрбаса керек. Өлкө башчынын кабылдамасында айлап-жылдап кезек күтүп отургандар канча? Ал эми жогорудагы тасмада өлкө башчысы жеке кортежи менен өтүп баратып, көчө бойлой желим бөтөлкө чогултуп жүргөн селсаяк – Жуманы (Марат Жанталиев) байкап калат. Бул окуядан соң президент Самат Аманович (Марат Алышбаев) министрлердин ишин катуу сынга алат. Президенттин эскертүүсүнөн корккон кол алдындагылар көчөдөгү Жуманы таап кийинтип, ажого “менде баары жакшы” деп кат жаздырышат. Муну окуган президент “бул спектакль” деп ишенбей, анын тагдырын билүүгө кызыкдар болот. Желим бөтөлкө чогулткан Жума ажого кантип үн созуунун айласын таап, ага досунун аянычтуу тагдырын баяндап кат жазып, жардам сурайт. Окуянын жүрүшүндө Жуманын досу Омор (Аскат Сулайманов) кезинде жеке бизнесинен банкрот болуп, 12 жылга кесилип кеткендиги аныкталат. Буга кайдигер карабаган өлкө президенти ага жардам берүүнү туура көрүп, Жуманын досу Омор акталып, ага мамлекеттик кызмат сунушталат.

Аталган тасма тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн
фильмдин продюсери жана сценарийинин автору
Өмүрзак Төлөбеков менен баарлашкан элек.

“ТҮЛЕЕВ ТАРАПТАН САЯСИЙ БУЮРТМА БОЛГОН ЖОК”

– Айтсаңыз, тасманын идеясы кимге таандык?
– 2004-жылы менин “Сүйүү жана миллион” деген китебим жарыкка чыккан. Ошол китепте “Акча” деп аталган повестим бар эле. Тасманын сюжети дал ошол повесттен алынган. Повестте кинодогудай эле акча барда адам ким жана акча жокто ким болуп калары кеңири сүрөттөлөт.
“Президент жана бомждун” сценарийи мындан 2 жыл мурун жазылган. Сценарийди жазып жатканда эле тасма тартууну ойлоп, кимди кайсы ролго аларымды элестетип койгон элем. Фильмде, чынында, жалаң профессионалдар тартылып, эч бир кынтыгы жок аткарышты.

– Фильмдеги президенттин үйү, иш бөлмөсү кайсы жерден тартылган?
– Ажонун иш бөлмөсүн, үйүн, кымбат баалуу машиналарын бүт Нариман Түлеевдикинен тарттык. Бул жагынан ал чоң колдоо көрсөттү. Өзү жүргөн машинасын бизге берип, кээде такси менен кетип, отурган иш бөлмөсүн бошотуп берип жатты. Анан ушундан улам “Нариманды ушул фильм үчүн камап салыптыр” деген сөз чыгып кетиптир. Бул жерде эч кандай Түлеев тараптан саясий буюртма болгон жок. Атүгүл Нариман сценарийди окуган эмес жана тасманы да көрө элек.

– Тасмада кайсы президентти сүрөттөдүңүз ошондо?
– Тасмада конкреттүү тигил же бул президенттин жүргүзгөн саясаты чагылдырылган эмес. Мурдагы ажолордун айрым мүнөздөрү бар, бирок фильмдеги президент – абстракттуу адабий каарман. Биздин кыялыбыздагы эл башкаруучу ушундай болуш керек деген мааниде гана берилген.

– Фильмге кандай сындар айтылууда?
– Сындар сөзсүз түрдө болот, албетте, аларды түшүнүү менен кабыл алам. "Фильм кинотеатрга барбаган элдин катмарын ойготту" деген мактоолорду угуп жатам. Жакында тасма Казакстанда республикалык деңгээлде кинотеатрларда көрсөтүлөт. Ошондой эле Орусиянын чоң шаарларында коюлуп жатат. Мындан сырткары Германия, Франция, Түркияда да сурап жатышат. Анан мындай ийгиликтердин астында сындар суу кечпей калат го дейм.

– Тасмада мурунку жана учурдагы бийликтин бир топ эле былыктарын чукупсуз. Бут тосуулар болгон жокпу?
– Майда бут тосуулар болду. Мамлекеттик телеканалдар эшигин жаап коюшту. Жетекчилери менен жолугайын десем, таптырбайт. Эптеп карагайларга плакаттарды илип койсок, мэрия болбогон шылтоолор менен айрып, жыртып салышты. Орусиянын шаарларына да илип койдук. Эми ошолорду барып жыртып көрүшсүн.

– Фильмдин бюджетине чоң суммадагы каражат сарптадыңыз, демөөрчүлөр кимдер?
– Каражатты бүт өзүм таптым. Тасмада дос-айылдаштарынан карыз алып, үйүн күрөөгө коюп, бизнесинен банкрот болгон каарман Оморго менин окшоштугум бар. Кино тартам деп 3-4 банкка барып акча сурасам, макул болбой коюшту. Ак үйдөгү 2-3 депутатка да айтып көрдүм, бирок алар да ишенишкен жок. Анан өзүмдүн үйүмдү, дачамды сатып, машинамды күрөөгө коюп, тартуу иштерин баштадым. Анан да сценарийди өзүм жазгандыктан, сюжеттеги 99 пайыз каармандардын диалогу менин окуямдан, уккан-көргөнүмдөн алынып жазылды. Тасмадагы Омор ишкер болуп колунда акчасы турганда айылдашы “сен басып келатканда астыңа килем төшөп, намаз окуш керек” ал эми банкрот болгондо “карызымды бербесең, бас, уюмдун богун тазалатам” дейт эмеспи. Мына ушундай диалогдорду мен кезиктиргем. Философиялык маанисин терең кылып бере берсең, кинону коомдун 6 же 7 пайызы гана түшүнүшү мүмкүн. Ал эми тарбиялык мааниси күчтүү болуп, коомдун аң-сезиминин өзгөрүшүнө салым кошсо, анда бул биздин жеңиш.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


"Президент жана бомж" тасмасы жөнүндө

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(74)
31.07.2012. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dubaida koulbaiby?
31.07.2012. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын атын дүйнөгө таныткыдай деле тасма жаралсын. акыркы убакта көп тасмалар жаралып жаткан менен, сан бар, сапат жок болуп жатат. тасма бул бир улуттун, мамлекеттин унверсалдуу жетишкендигин көрөтүүчү жарнама.
ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ ушунчалык дүбүртү чыкканына жараша тасма болуп чыкса экен деген илгери тилекти айтабыз.
31.07.2012. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону эки жолу кордум. Тойгон жокмун. Дагы корсом деп пландап жатам. Демекчи, 3д дегени да барбы? Космопарк коюп жатат 3дсын деп уктум эле..
31.07.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аты катуу чыкканы менен мааниси, ичиндеги сюжети ич жылытарлык эмес. Кинотеатрдан "ошондо не болду? Ошондой канда болду?" деп эле чыгып бараткан адамдар. Албетте, кирген акчасына ыраазы, бирок киного тойдубу ошол жагы кумон.
31.07.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы жерден кордунор же мага ссылкасын жибергилечи
31.07.2012. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетте жок кинотеатрларда болуп жатат
02.08.2012. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begish, Кинонун акчасын таап, эмгекти актап болгон кийин анан, DVD дисктерге, сайттарга чыгат.
31.07.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек экен жакшы тартылган окшойт
31.07.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече досум экообуз Манас кинотеатрынан коруп келдик. Азыркы турмушту чагылдырган, акча, байлык, бийлик адамды эмне кылырарын таамай тартылган.Абдан сонун деген баа бердим.
31.07.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaap men oshton bishkekke kele atkanda berip atkan ele,shashilish bolup koro albay kalbadimbi...
31.07.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун кино! Чыныгы турмушту чагылдырган. Тарбиялык мааниси ото терен. Ушул кинону коргондо гана кино кордум десен болот!
31.07.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кордум эмнесин мактап жатышат тушунбой калдым уята
операторго жакшы
монтаж орто
идея болбогон эле уятко уят ашып кетти мактаганынар режиссер эже Э.Абдыжапаровдун мастер классынан буткон коп нерсени биле бербейт озу деле тушунбой калды болуш керек чындап миравой кино тарттымбы деп

Аят 2 мактаса менда кызыгып алыпмын
элдерди чочутуп атасынар мактап элдер коргону барып иреенжип келип атышат
эл жадап калат мактай бербегилечи сураныч
06.08.2012. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zikonostra, бышкан аштын ээси коп, буткон иштин сынчысы ко болгонсун го...коч бара-бара тузолот...
31.07.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да жакшы кино экен азыркы жашоодон алынган
31.07.2012. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир актриса табуу кыйынга турган го дейм,Омокенини любовницасы менен аягында ал уйлонгон кыз негизи тасмада такыр башка адамдар да,анан бир актрисаны ойнеотуп коюптур,байкасанар болмок да,шумдук тасма тарттык деп мейли шумдук болду,бирок ушул мелочторду норм аткара албайсынар!
31.07.2012. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат Сулайманов эн мыкты аткарган,кадамки живой!байке,баракелде!кинодон кийин сизге жолуккум келип,маектешким келди.автограф жазып бересизби,?оболу,сизди кайдан тапсам болот?
01.08.2012. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корсо арзыйт бекен?
01.08.2012. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кинону кадамжайга да койгулачы сураныч.
01.08.2012. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
режиссёрдун созунон анча эмес деп ойлодум бирок сиздердин коментарииниздерди окуп чындыгында коргум келип жатат кызыгып кеттим
02.08.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алмаша чынында коро албас экенин корунуп турат бул кино абдан сонун
02.08.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы киного окшош екен
02.08.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага кинонун идеясы жакты. Бирок аягы жаккан жок. Жон эле отуруп алып ырдап бутуруп коет кинону. Андан коро тиги Омор деген каарманы тиги суйуктуу кызын"Озум сени издеп табам" дейт го, ошол созу боюнча издеп тапкан жерден буткондо ошондо кино коркуно чыкмак. Мен ошону кутконмун. Киного ичим чыкпай калды да аягында.
02.08.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетте барбы ушул кино аябай кызыгып жатам коргум келип атат ,билгендер болсо айтып койгулачы.
02.08.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mendele korbodum. Birok bizdin elder, jalan bawka mamlekettin kinosun koro berip. Kyrgyzcha kino oon uchurap jatsa kerek. Eger bul kinonu ancha okwowturalbai tartsa? Kiyinkilerinen bawtap jakwyraak tartkanga uironot. Bizdi uwu syndatyp ele koiso. Andan koro sakelerge okwop, okwowposo dele maktagandy uironuw kerek.
SUPER.KG видео
03.08.2012. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин авам да турмушка байланыштуу "бомж" болуп калды , а 10 жыл мурун Кыргызстандын эн миллионер адамдардын катарына кирчуу...бирок, чыныгы бомж болсо да ал аябай интелигент адам бойдон калган го чиркин...суйлошсон жон эле рахаат аласын,ушунчалык оратор...
03.08.2012. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кинолорунун эн жакшысы.Корсон конулун тойот,бирок укмуш дей албайм. Бара-бара кыргыз киносу онугот деген ишеним пайда болот:-)
04.08.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
трейлерин кордум интернеттен жакшы эле го менимче президенттик кортежди бир эле гаи машинеси коштоп журу го же мен башкасын корбой жатамбы? хотя бы уч же торт гаи коштогондо и баса москвада дисктери барбы кай жерден тапса болот билгендер болсо munarbek79@mail.ru га жазгылачы сураныч
04.08.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оу менин комментарийим кана
05.08.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam KYRGYZSTAN jana SUPERINFO! Ushundai jany tartylgan kyrgyzcha tasmalardy SAITka kirgizip koisonuzdar jakshy bolmok ele, chette jurgon bizge okshogon mekendeshter yrahmat aityp korot elek. Ar daiym salamatta bolunuzdar urmattuu kyrgyz elim. Men aiabai sagyndym KYRGYZSTANdy! Alysky Korea olkosunon Nurbek.
06.08.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NurbekKG, буюрса келечекте ишке ашат десек болот.
SUPER.KG видео
13.08.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
19.08.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info '"kak vyiti za muj za gu jun pe" degen kinonu rejisorlorun -"bizge koreadan 4ogu kino tartuuga 4akyryp atat" degen sozun intervularynan ugup kalgan elek al jonundo da maalymat berip koisonuzdar jakwy
bolmok
07.09.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da ataiyn kino teatrga baryp korgom abdan sonun tartylgan an4a myn4alarga karaganda kupulga toloorluk
08.09.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыс Окенованын бул орточороок эмгеги. Буга чейин деле тартып журуп банкрот болуп анан эми мунусу элге алынып баратат.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо