ВИЗАСЫЗ КАТТАМГА ИРАН ИЛИНБЕЙ КАЛДЫ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж

Президент Алмазбек Атамбаев 44 мамлекеттин жарандарына Кыргызстанга визасыз келип, 60 күнгө чейин эркин жүрүү тартибин киргизген мыйзамга кол койду. Бул документ өкмөттүн туризм тармагын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартуу аракетинде иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. 60 күндүк визасыз тартип менен Кыргызстанга бир жылдык ички дүң өндүрүмү киши башына 7000 доллардан ашкан өлкөлөр менен Евробиримдикке кирген мамлекеттин жарандары келе алышат.
Кызыгы, Кыргызстан менен тыгыз мамиледе иштешип жаткан Иран өлкөсү бул тизмеге кирбей калды. ТИМ муну өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнө байланыштырып, бирок ынанымдуу жооп айта албады. Ал эми Иран тарап “эгер өлкөлөрдүн ички дүң өндүрүмүнө басым жасалган болсо, Индонезия (Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда дипломаттык жана кызматтык паспорту барлар үчүн визасыз режим киргизилген) же болбосо Босния жана Герцеговина өңдүү өлкөлөр кандайча бул тизмеге кирип, биз кирбей калганбыз?” деген суроону узатууда. Балким, бул АКШ менен Иран ортосундагы мамилеге барып такалып жүрбөсүн?..


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
30.07.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой эле, биздин чондор шахматтагы пешкалардай да, оздору башкарбай, АКШ же Орусия тараптан башкарылат...
30.07.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, эгемендик деген кайсыл, өз чечими, өз эрки, өз күчү менен жүргүзгөн саясаты жок. өтө эле өкүнүчтүү. 44 мамлекеттин жараднары Кыргызстанга визасыз кирсе сякат, киреше, ички өндүрүштүн өндүрүү тездиги дегендей жакшы жактарын жылыштатат, бул жакшы башталыш. бирок ошону менен бирге ички сырткы коопсуздукту күчөйтүү керек, ар тараптуу ал
01.08.2012. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бектур мен сага кошулам
04.08.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vizasyz kattamdyn paidasynan zyiany kop bolup kalyshy mumkun sebebi biz musulman mamleketbiz duinodo dinder arasynda chon sogush juruudo chet jaktan oz kyzykchylygy uchun kirishet kelechekte korobuz jyiyntygyn
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо