Бир бүркүм... КЫРГЫЗСТАНДА ДОНОРДУК КАН ТАРТЫШ...

№509 3-август-9-август, 2012-ж

  • Бишкек шаардык соту Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды, демек, депутат мурдагыдай эле камакта калат. Анын адвокаты эми Жогорку Сотко арыз жаза турганын билдирди.
  • Кыргызстанда донордук кан тартыш. Учурда бир күнгө запаста 5 литр гана кан болуп жатканын айтып, Республикалык кан борбору жардам керектиги боюнча элге кайрылуу жасады.
  • “Чек ара аскерлигинде өткөн жылы 12 өлүм катталып, анын ичинен 10у суицид болгон”,- деп билдирет Президенттик аппараттын кызматкери Заирбек Эргешов.
  • ИИМ билдиргендей, 2012-жылдын 6 айында уюшкан кылмыштуу топтун 105 мүчөсү кармалган. Алардын ичинде Көлбаевдин 55, Батукаевдин 4, Абакировдун 17 жана Бокушевдин тобунун 7 мүчөсү бар.
  • Ушул жылдын май айында киргизилген сырттан алынып келинүүчү унга карата бажы төлөмү алынып салынды.
  • Кыргызстанга сырттан жылына 700 тонна балдардын оюнчугу кирсе, анын 600 тоннасы Кытайдан келерин Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирди.
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт жасоо бөлүмүнүн башчысы ушул эле кызматтын аймактык бөлүмүндө иштеген адамдан 2000 доллар пара алып жатканда кармалды.
  • Муфтият өткөргөн тендерден утуп, ажылык сапарга баруучу 4500 жүргүнчүнү “КыргызТрансАвиа” авиа­компаниясы тейлемей болду.
  • Быйыл ЖОЖдордо абитуриенттердин саны эки эсеге кыскарганын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо