«ЧАБАЛ» ӨКМӨТТҮ КИМ ТАНДАДЫ ЭЛЕ?

№509 3-август-9-август, 2012-ж

Өкмөт менен парламенттин тиреши улам бир окуя менен күчөп барат. Бул аптада өкмөттүн маалыматтык саясатын көзөмөлдөөчү Султан Каназаров: “Ата Мекен” “Кыргызнефтегаз” ААКсына бирөөнү жетекчиликке коюу сунушу менен өкмөт башчысына кайрылган. Өмүрбек Бабанов ал өтүнүчтү аткарбады. Премьер-министр Өмүрбек Текебаевдин мыйзамсыз өтүнүчүн аткарбагандыгы үчүн “Ата Мекен” өкмөттү отставкага кетирүүнү каалап жатат”,- деп чыкты. “Ата Мекен” Султан мырзанын бул билдирүүсүн жоопсуз калтырган жок. “Каназаров Жогорку Кеңештин өкмөткө нааразычылыгын бир адамдын экинчи адамга жекече капачылыгы, башкача айтканда, Өмүрбек Текебаевдин Өмүрбек Бабановго ич күптүсү катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок Султан Каназаров да, анын артында турган адам да өкмөттүн маселелеринин чыныгы деңгээлин жакшы билишет. Андыктан коомчулуктун оюн башка нукка салууга аракет кылышууда. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин кароону төрагага 45 депутат сунуштады. Парламенттин үчтөн бир бөлүгүнөн көбү көтөрүп жаткан маселе эки саясатчынын же эки фракциянын эмес, парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси болот.
Өкмөт азыр туталанууда. Бир жагынан ар кандай күбүр-шыбырларды таратып, жеке таарынычтарды чуурутуп чыгара баштаса, экинчи жагынан толук иштелип чыкпаган чала жан идеяларды биринин артынан бирин алып чыга баштады. Мисалы, мектепти өзүн-өзү каржылоого өткөзүү. Ата-энелер ачууланып, президент сын айтып, акыры Адилет министрлиги бул демилге конституциялык нормаларга туура келбей тургандыгын “аныктап” чыкты. Ошол нерсе эмне үчүн алдын ала аныкталбайт? Күз жакын, өкмөткө берилген убакыт марасына жакындап баратат. Өкмөт өзүнүн өмүрүн сактап калууга жан далбас кылууда. Эгер жеке инсандарга тийишүү, жеке таарынычтарды чуурутуп чыгуудан башка жол таппай жаткан болсо, анда өкмөттүн истерикага алдырганы. Ар кандай ушактардын деңгээлинде эмес, аргументтердин негизинде даярдануу керек. Анткени Султан Каназаров коргоп жаткан адамга парламенттин суроолору өтө көп”,- деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин кеңешчиси Нурдин Дүйшөнбеков.
Нурдин мырзанын айткандарында жүйө бар. Бирок... Баягы эле суроо, ушул адамдарды өкмөткө алып келгендер кимдер эле? “Чабал” кадрларды тандап жатканда Жогорку Кеңеш ойлонсо болбос беле?


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
06.08.2012. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бирин олуп бирин кал
06.08.2012. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура
07.08.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарына кресло гана керек.
07.08.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынында эле бирин олуп бирин калгыла биздин улуу урматтуу акмак башчылар
08.08.2012. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мен мурда ташиев мадумаров текебаевдерди колдойт болчумун корсо алар кр нын туруктуулугуна каршы адамдар экен качан болсо кетсин деп журушот омурбек мырза баарын алдап же бир жолун таап аларды алаксытып туруп анан кыргыз элим учун жакшы иштерди аткарып баарыбызды кубандырынызчы
08.08.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийлике келиши келип алып эмнени жыргаттынар акыбалынар ушул экен жон эле журбойсунорбу
08.08.2012. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Из чёрной резины зделано ВЛАСТЬ.Все гавно лучше ненадо митинговать.
09.08.2012. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын саясий системасын Эврейлер түзүп койгонбу деп калам, "Тирешүү менен күрөшүү" бир бүтүмдүктү түзө албай, бир ооз боло албай, бөлүнүп жарылып, жарака кетип, убакытты, күчтү кумга сиңген суудай кылып текке кетирип жатасыңар, анын натийжасында эч бир алгылыктуу иш бүтпөй жатат, иштемиш эле болосуңар, эмне иштегениңер элге билинбейт. бийли
15.08.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл шайлады,эл айдады дегендей эле ,ЖК шайлады,ЖК айдадыыыыы болуп баратабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо